Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Жагымдуу жаңылык!

Урматтуу жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү! Айыл өкмөт башчылары, каржы-экономикалык бөлүмдүн жетекчилери, салык чогултуучу кызматкерлери жана жергиликтүү кеңештин депутаттары!

Бюджеттин ачыктыгына жана айкындуулугуна жетишүү сиздердин ишиңердеги эң маанилүү маселелердин бири болуп эсептелет. Айылыбызда ким, качан, кайсы салыкты төлөгөнүн билүү өтө кыйын эле, айыл өкмөттө иштеген салыкчылар бул тууралуу маалыматты өз учурунда алуусуна такыр мүмкүнчүлүк жок болчу, ал үчүн биринчи кезекте казыналык менен, андан кийин банк менен жакшы мамиле түзүү керек болчу. Эң эрте алдым дегенде 5-6 күндө маалыматты алуучу. “Сокур абалда” маалыматка ээ болбой айлык, кварталдык жана жылдык планды чогултар эле. Киреше планын толтурбаган айыл өкмөт башчылары райондун акиминен, губернатордон “мыйзамсыз “ сөгүштөрдү алуучу. Мыйзамсыз дегенибиз, салык чогултуу бул мамлекеттик салык инспекциянын ыйгарым укугуна кирет,ал укукту айыл өкмөттөргө келишимдин негизинде өткөрүп берилген эмес, ошол себептен укугу жок ишке сөгүш алганы мыйзамсыздыкка жатат .

Бул маселени чечүү үчүн эмне кылуу керек эле? Айыл өкмөттөрү толук жана оперативдүү маалымат алуу, алган маалыматка аналитика жасоо, кирешелерди болжолдоо жана байкоо жүргүзүү укугуна ээ болуусу керек болчу.

Жакында көптөн күткөн маселени чечүүнүн жолун Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлиги тарабынан оң жагына чечилип отурат. Министрдин орун басары А.Бакетаевдин билдирүүсүнө ылайык КР Каржы министрлигинде автоматташтырылган ИС: казна маалымат системасы иштей баштады. Бул автоматташтырылган ИС: Казна системасы жергиликтүү бюджетке келип түшкөн бардык кирешелер жана кайсы салык төлөөчүдөн канча салык, качан түшкөнү тууралуу маалыматты толук берип баштады.

Айыл өкмөттөрдүн жана башка бюджеттик мекемелердин бюджеттери жана андагы кирешенин булактары, салык төлөөчүлөр бюджеттин ресурстук администраторунун отчету менен такталган.

Министрдин орун басары Алмаз Бакетаев : “ Бүгүнкү күндө айыл өкмөттөр (бюджеттик ресурстардын админстраторлору) кайсы салык төлөөчүдөн жана кирешенин кайсы түрүнөн салык түшкөнүн көрүүчү программалык камсыздоо даяр болгону тууралуу малыматка ээ болушту жана алар өздөрүнүн жумуш орундарынан эле толук маалыматты электрондук түрдө ала башташты”-билдирди.

Жергиликтүү бийлик мындай жакшы саамалыкты туура колдонуп, коомчулукка бюджетик ачык-айкындуулукту көргөзүп иш алып барат деген ишеничти билдиребиз.