Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Ак Бешим айылдык аймак: жер ресурстарын натыйжалуу башкаруунун жаңы ыкмалары

Ак-Бешим ААнын паспорту

Борбор шаар Бишкектен аралыгы : 70 км, райондун борборунан 5 км.

Үч айыл– Ак-Бешим, Калыгул, Жаны-Жол

Калкы - 5150 адам

ГФСУнун жер аянты

Сугат жерлер– 400 га.

Кайрак – 50 га.

Акылбек Закиров 2005 жылы Чүй областынын Чүй районундагы Ак-Бешим айыл өкмөтүнүн башчысы болуп түз шайлоо менен шайланган. Кийин 2009 жылы депутаттар шайлап кайра айылдын башчысы болуп калат. Өзүнүн айыл өкмөтүнүн жана анын бардык тургундарынын тагдыры үчүн жоопкер болуу менен Закиров жергиликтүү бюджеттин кирешесин жогорулатууга ар дайым аракет кылып келген.

2013-жылдын июн айынын башында «Муниципалдык менчикти натыйжалуу башкаруу: ал кандай болуш керек?» деген темада жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы өз ара окуу жана тажрыйба алмашуу Нарын шаарында өткөн семинарына катышып, жолугушууда айыл чарба багытындагы жерлерди натыйжалуу башкаруу боюнча тажырыйбалар менен алмашкан.

Семинарда тажырыйба алмашуунун жүрүшүндө айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү Мамлекеттик фондусунун (АЧЖКБ) жерлерин пайдалануу үчүн ижара акысын таптакыр төлөбөгөндөр менен иштешүүнүн жаңы ыкмаларын катышуучулар айтып чыгышкан.

Жер ресурстарын натыйжалуу башкарууда айыл өкмөтүнүн башчылары төмөндөгүдөй ченемдик укуктук актыларды (ЧУА) жетекчиликке алышат:

 КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтому менен бекитилген «Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүүнүн Мамлекеттик фондусунун жерелерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобо»;

 «Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 11-январындагы №4 Мыйзамы;

 КР Жер кодекси.

Семинардан кайтып келгенден кийин, ушул ЧУАнын жоболорун түшүндүрүү үчүн айылда эл менен чогулуштар өткөрүлгөн, чогулуштарда жерлерди натыйжалуу башкаруу боюнча нормаларды талкуулап, АЧЖКБ жерлерин ижарага алуу боюнча келишимде белгиленген өздөрүнүн милдеттерин тийиштүү деңгээлде аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликтерди карашкан. Ошол жерлерди ижарага алуу боюнча келишимди түзүүнүн усулун иликтөө жана анын ижара акысынын түшүшү боюнча маалыматтарды талдоо менен Ак-Бешим айыл өкмөтү келишимде белгиленген өбөлгөлөр толук өлчөмдө пайдаланбай жатыкташканын аныкташат.

Сөз, атап айтканда, ижара акысын жана жер салыгын төлөөнү кечиктиргендиги үчүн туумду чегерүү жана келишимди тийиштүү деңгээлде аткарбагандыгы үчүн ал келишимди бир тараптуу бузуу жөнүндө сөз кылышкан.

АЧЖКБ жерлерин пайдалангандыгы үчүн ижара мөөнөтүндө төлөнбөй калган төлөмдүн көлөмүн азайтуу максатында калк арасында маалымат-үгүттөө иштери жүргүзүлгөн. Айылда 4 чогулуш болуп өткөн, ал жерде АЧЖКБ жерлерин башкаруу боюнча башка райондордогу оң тажырыйбалар баяандалган. Ошондой эле келишимди тийиштүү деңгээлде аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик жана санкцияга тарта тургандыгы түшүндүрүлгөн. Эгерде 20 күндүн ичинде карыздары жабылбаса, келишим бузула тургандыгы, ал эми алардын участоктору аукцион аркылуу башка пайдалануучуларга бериле тургандыгы айтылган. Ошондой эле АЧЖКБ жерлерин пайдалангандыгы үчүн ижара акысын төлөбөгөндөргө кийин конкурска катышууга жол берилбей тургандыгы жарыяланган.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында ижара акысы боюнча карыздар кыйла кыскарган, айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүүнүн Мамлекеттик фондусунун жерелерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобону жетекчиликке алуу менен Ак-Бешим айыл өкмөтү АЧЖКБ жерлерин ижарага берүү боюнча бир катар аукциондорду өткөргөн.

Өткөрүлгөн аукциондордун натыйжасында өткөн жылдарга салыштырганда жер участокторунун баасы 3-5 эсеге жогорулаган, ошентип, 2013-жылы АЧЖКБ жерлерин ижарага берүүдөн түшкөн киреше 500 миң сомго көбөйгөн.

Ак-Бешимский АА: Новые подходы результативного управления земельными ресурсами
Паспорт Ак-Бешимского АА

Расстояние от столицы г. Бишкек : 70 км, от районного центра 5 км.

Три села – Ак-Бешим, Калыгул, Жаны-Жол

Население - 5150 чел

Площадь земель ГФСУ

Пашня орошаемая– 400 га.

Богара – 50 га.

Акылбек Закиров является главой Ак-Бешимского айыл окмоту Чуйского района, Чуйской области. Будучи ответственным за судьбу своего айыл окмоту и всех его жителей, Закиров всячески старается увеличить доходы местного бюджета. Благодаря новым знаниям, полученным за время реализации проекта Всемирного банка «Взаимообучение и обмен опытом между органами местного самоуправления», у него это получается.

В начале июня 2013 года он принял участие в региональном семинаре, который прошел в Нарыне на тему «Эффективное управление муниципальным имуществом: каким оно должно быть?» На встрече был озвучен опыт по эффективному управлению землями сельскохозяйственного назначения. В ходе обмена опытом на семинаре были рассмотрены новые подходы в работе со злостными неплательщиками аренды за пользование землями Государственного фонда перераспределения сельскохозяйственных угодий (ГФСУ). Многие главы айыл окмоту руководствуются следующими нормативно-правовыми актами (НПА):

 «Типовое положение об условиях и порядке предоставления в аренду земель Фонда перераспределения сельскохозяйственных угодий», одобренный ППКР от 22 июня 2007 года № 243;

 Закон Кыргызской Республики от 11 января 2001 года № 4 «Об управлении землями сельскохозяйственного назначения»;

 Земельный кодекс КР,

При этом в селах проводились сходы по разъяснению данных НПА, которые содержат нормы по эффективному управлению землями и предусматривают ответственность за ненадлежащее исполнение своих обязанностей, прописанных в договорах по аренде земель ГФСУ.

Изучив методику составления договора на аренду земель ГФСУ и проанализировав данные по поступлениям арендной платы по данной категории земель, исполнительный орган Ак-Бешимского айыл окмоту пришел к выводу, что не полностью использует рычаги воздействия, обозначенные в договорах. Речь в частности идет о начислении пени за просрочку уплаты арендной платы и земельного налога и о расторжении договора в одностороннем порядке за ненадлежащее исполнение его условий.

В целях уменьшения недоимки за использование земель ГФСУ была развернута информационно-агитационная работа среди населения. Было проведено 4 схода в селах, где был озвучен положительный опыт в других районах по управлению землями ГФСУ. Также были разъяснены ответственность и санкции за ненадлежащее исполнение условий договоров. Злостным неплательщикам было объявлено, что если в течение 20 дней не будет погашена задолженность, то договора будут расторгнуты, а их участки через аукцион будут переданы другим пользователям. При этом было объявлено, что неплательщики аренды за пользование земель ГФСУ впредь не будут допускаться к конкурсу.

В результате проведенных мероприятий была существенно сокращена задолженность по арендной плате. Так, руководствуясь типовым положением об условиях и порядке предоставления в аренду земель Фонда перераспределения сельскохозяйственных угодий, в Ак-Бешимском айыл окмоту был проведен ряд аукционов по предоставлению в аренду земель ГФСУ.

В результате проведенных аукционов цены на участки были подняты в 3-5 раз по сравнению с предыдущими годами. Таким образом, доходы от предоставления земель ГФСУ в 2013 году увеличились на 500 тысяч сомов.