Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Сары-Булак айыл өкмөтүндө жаңы ыкма менен коомдук угуулар өткөрүлдү.

2014-жылдын 15-февралында Чүй областынын Жайыл районунун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн Сары-Булак жана Моңолдор айылдарында коомдук ачык угуулар болуп өттү. Бул коомдук ачык угууларды өткөрүү демилгесин айыл өкмөттүн аппараты менен айыл кеңештин депуттары көтөрүп чыгышкан. Алар айылдык кеңештин кезектеги сессиясында Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын жылдык отчетун угуу учурунда бул отчетту элге алып чыгып, көпчүлүктүн ой-пикирин угуп, ачык-айкын сүйлөшүүнү максат кылышкан.

Коомдук ачык угуулар - бул бюджет долбоорунун коомдук маанилүү маселелерин же бюджетти аткаруу тууралуу жылдык отчет долбоорун ачык талкуулоо үчүн чогулуштарды өткөрүү аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерин кабыл алуу процессинде калктын (коомчулуктун) катышуу укугунун ишке ашыруу формасы.

Сары-Булак айыл өкмөтүндө бул убакытка чейин атайын бюджеттик процессти талкуулоо, калктын ой-пикирин угуп изилдөө,айыл элинин турмушундагы маанилүү маселелерди чечүү үчүн иш-чаралар өткөрүлгөн эмес.

Сары-Булак айыл өкмөтүндөгү бюджеттик ачык угуулар Ханнс Зайдель Фонддунун колдоосу нун аркасында өттү.Аталган Фонд кыргызстандыктардын активдүү көз караштарынын өсүшүнө жана калыптанышына өз көмөгүн көрсөтүп келүүдө. Бул жолу Фондун эксперттери тарабынан “Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктук негизги принциптери жөнүндө” мыйзамынын 12- беренесинде айтылган бюджеттик процесстин айкындуу болуусун ишке ашыруу максатында алдын-ала даярдоо иштерин жүргүзүп жардам көрсөтүштү.

Сары-Булак айыл өкмөтү республикабыздын дээрлик көпчүлүк айыл өкмөттөрүндөй эле дотацияда турган айыл өкмөттөрдүн бири болуп саналат. Бюджетти түзүүдө ар дайым ресурстардын чектелген көйгөйү- бул айыл өкмөткө да тиешелүү. Бюджеттеги тартыштыктар, бардык көйгөйлөрдү каржылоодогу жетишпестиктер ,кайсы тармакты каржылоого артыкчылыктарды берүү керектиги, зарылдыктарды чечүү- бюджеттин каржылык дараметин элге түшүндүрүү башкы максаттардын бири. Бюджет – бул салык төлөөчүлөрдүн, бардык айылда жашаган жарандардын акчалары болгондуктан, ар бир айыл адамы аны түзүүгө катыша алат. Ар бир айыл адамы өз айылынын бюджети жөнүндө толук маалымат ала алса, анда ал айылдын көйгөйүн чечүүгө жасаган алгачкы кадамы деп айтса болот. Мына ушундай маселелерге элге жооп берип, ачык- айкын түшүндүрүү Сары-Булак менен Моңолдордо өткөн коомдук ачык угуулардын негизги максаты болуучу.

Эки айылда 4 жерде уюштурулган алгачкы коомдук ачык угууларга 200дон ашык айыл тургундары катышышты. Айыл өкмөтү 2013-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2014-жылдагы бюджеттин долбоору , андагы бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн божомолу тууралуу баннер , андан тышкары коомдук угууга келген ар бир адамга таркатуучу материалдарды даярдап келишкен. Коомдук угууга келген жарандарга алгач Сары-Булак айыл Кеңешинин төрагасы Жаныбек Дүйшөналиев бул иш-чаранын маани- максатын түшүндүрүп, андан соң айыл өкмөттүн башчысы Кайрат Маатказымов жергиликтүү бюджет тууралуу айтып берди. Айыл өкмөт башчысы айыл тургундарынын суроолоруна жооп берип,алардан бюджет боюнча өз ой-пикирлерин, сунуштарын билдирүүсүн өтүнүп, кийинки айыл эли чогуу караган коомдук угууда жана айыл Кеңештин сессиясында бюджетти бекитүү учурунда эске алынарын баса белгиледи.

Кээ бир суроолорго ошол эле жерден жооптор берилсе,кайсы бир суроолор боюнча кызуу талкуулар да болду. Мисалы Моңолдор айылындагы коомдук бюджеттик угууда жарандар 2014-жылы бюджетте каралган эксковатор тракторунун ордуна жер айдоочу трактор алса айылга пайдалуу болот деген сунушту киргизишти. Талкуулоодон кийин бул маселени жалпы эл катышкан коомдук угууда чечүү каралды.

Ошондой эле жарандарды биринчи иретте жергиликтүү салыктарды кимдер төлөбөй, бюджетке кимдер терс таасирин тийгизип жаткандар да кызыктырды. Айыл тургундарынын арасынан жергиликтүү салыктар боюнча карызы бар жарандардын аттары аталып, аларды өз учурунда төлөөгө чакырышты. Өз учурунда төлөнгөн салык айыл өкмөттүн бюджетин так жана туура аткарууга өбөлгө болору белгиленди.

Сары-Булак айыл өкмөтүндө болуп өткөн алгачкы коомдук ачык угуулар жергиликтүү бийлик менен элдин ортосунда ачык-айкындыктыкка жетишүү болду деп айтса болот, себеби эки тарап тең пайдалуу экендигин түшүнүштү.