Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

КАНТ ШААРЫНЫН 2014-2017-ЖЫЛДАРГА ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮСҮНҮН СТРАТЕГИЯСЫ

КАНТ ШААРЫНЫН 2014-2017-ЖЫЛДАРГА ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮСҮНҮН СТРАТЕГИЯСЫ 2014

Мазмуну

Кириш сөз

I. Кант шаарынын туруктуу өнүгүүсүнүн потенциалы

II. Кант ш. социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн SWOT-анализи

III. Шаардык өнүгүүнүн проблемалары

IV. Кант ш. туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиялык максаттары

V. Стратегияны ишке ашыруунун артыкчылык багыттары, маселелери, чаралары жана күтүлүүчү натыйжалары

VI. Ресурстар

VII. Тобокелдер жана аларды төмөндөтүү ыкмалары

VIII. Стратегияны ишке ашырууну мониторинг жана баалоо

IX. Стратегияны ишке ашырууну башкаруу

Кириш сөз

Кант шаарынын 2014-2017-жылдарга туруктуу өнүгүүсүнүн стратегиясы максаттарды, артыкчылыктарды, маселелерди, ошондой эле орто мөөнөттүү перспективага өнүгүүгө негизги чараларды белгилейт.

Стратегия 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын, КР Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген 2013-2017-жылдарга КР туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча программанын жана планын жана КР Өкмөтү тарабынан бекитилген КРда жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2013-2017-жылдарга карата программасынын түпкү мазмундарына негизделген.

Стратегия Кант шаарында бардык кызыккан топтор менен макулдашылган жана төмөнкүгө багытталган:

1. Кант шаарынын бар болгон өнүгүү потенциалынын, бар болгон проблемаларынын анализи, Кант шаарынын туруктуу өнүгүүсүнө тоскоолдук кылган жана жардам берген факторлорду, ошондой эле анын өнүгүүсүнүн перспективаларын жана коркунучтарын аныктоо;

2. орто мөөнөттүү перспективага жергиликтүү коомдун туруктуу өнүгүүсүнө максаттарды жана маселелерди коюу, аларды чечүүгө багытталган чаралардын пакети;

3. Стратегиянын максаттарына жетүү боюнча мамлекеттик бийликтин, жергиликтүүү өзүн-өзү башкаруунун, чарбалык субъекттердин жетекчилеринин, ишмерлердин, коомдук уюмдардын жана калктын аракеттерин координациялоо.

Стратегиянын принциптери:

 социалдык-экономикалык өнүгүүнүн шаардык, регионалдык жана улуттук максаттарын бирге кошуу;

 Кант ш. туруктуу өнүктүрүү, динамикалык өнүгүп жаткан, конкуренцияга жөндөмдүү жана балансталган экономиканы, шаардын чарбасын жана экономикасын натыйжалуу башкарууну, малекеттик, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жана жарандардын кызыгууларынын балансын түзүү;

 шаардын жашоочуларынын керектөөлөрүнө, шаардыктардын турмушунун деңгээлин жана сапатын жогорулатууга багыттоо;

 Стратегияны иштеп чыгуунун жана ишке ашыруунун бардык кызыккан топтор жана адамдар үчүн ачыктыгы жана жетиштүүлүгү;

 жарандардын алдында шаардык өзүн-өзү башкаруу органдарынын тунуктугу жана отчет берүүгө милдеттүүлүгү.

Стратегиянын негизине максаттык долбоорлорду өз ичине алган жана программалык бюджеттөөгө ориентирленген өнүгүүнүн программалык-максаттык модели коюлган.

Кант шаардык кеңешинин депутаттарын, Кант шаарынын мэриясынын, муниципалдык ишканалардын жана мекемелердин өкүлдөрүн, активдүү жарандарын өз ичине алган Стратегияны иштеп чыгуу тобу өзүнүн мойнуна төмөнкү миссияны алган: шаарды туруктуу өнүктүрүү максаттарын жана маселелерин макулдоо үчүн зарыл шарттарды түзүү, инфраструктуралык проблемаларды чечүү, башкы планды натыйжалуу ишке ашыруу, ошондой эле билим берүү, маданият жана спорт чөйрөсүндө жагдайдлы жакшыртуу үчүн ресурстарды консолидациялоо.

I. Кант шаарынын туруктуу өнүгүүсүнүн потенциалы

1.1. Географиялык жана геосаясий абал

Кант шаары Чүй областынын Ысык-Ата районунун административдик борбору болуп саналат. Ал областтын жана Чүй өрөөнүнүн чыгыш жагында жайгашкан. Казакстан Республикасы менен чектешет.

Шаар 1934-жылда Кант районунун борбору катары негизделген, шаар статусу 1985-жылда берилген.

Кыргызстандын борбор шаары Бишкекке чейин аралыгы – 20 км.

Шаарда Кант темир жол станциясы бар.

Кант шаарынын борбордук Ленин көчөсү Бишкек-Торугарт стратегиялык автожолунун бөлүгү болуп саналат.

Шаар Бишкектен 20 км аралыкта, деңиз деңгээлинен 742 м бийиктикте жайгашкан. Эң жакын “Манас” аэропортуна чейин — 45 км. Темир жол станциясы шаардын чегинен орун алган. Шаардын чөйрөсүндө Кант аскер аэродрому жайгашкан.

1.2. Жаратылыш-климаттык ресурстар

Райондун көпчүлүк бөлүгү Чүй өрөөнүндө турат, түштүк бөлүгү Кыргыз тоо кыркасынын түндүк боорлорун ээлейт.

Аба ырайынын шарттары чукул континенталдык климаттык алкакка толук баш иет. Мелүүн суук жана көпкө созулбаган кышкы мезгил райондун өрөөндүү бөлүгүндө иш жүзүндө кар жок болуп өтөт. Райондун бул бөлүгүндө январда орточо температура -2…-5 градусту түзөт, бирок кээ бир күндөрдө -20С чейин төмөндөөсү мүмкүн. Ошондой эле, өрөөндүн чектеринде бүркөө күндөрү менен узартылган кышкы жылуулуктар да белгиленет, ал эми айрым учурларда кар жана жамгыр жаайт. Райондун тоо бөлүгүндө кыш мезгили көбүрөөк созулган жана каардуу болот.

Түзөңдөгү жай дайыма ысык жана кургак. Ачык жана кургак күндөрдүн көбү иш жүзүндө жайдын бардык мезгилинде болот. Жаандар жай мезгилинде өтө аз. Июлда орточо температурра +25…+28С градуска жетет. Күндүзү аба +35С градуска жана андан жогору кызыйт. Күз дагы көпкө созулган жана кургак болот. Жаандардын жылдык орточо нормасы райондун түзөң жерлеринде 150-200 мм, тоо жерлеринде бул чоңдук 700 мм жетет.

Кант шаарында чабуудан жана зыянкечтерден кыйналган жашыл бак-дарактардын проблемасы актуалдуу бойдон калууда. Шаардын «жашыл» элеси дагы эле түзүлгөн эмес.

1.3. Жер жана суу ресурстары

Кант ш. бардык 786 га жери айыл-чарбалык эмес жерлер болуп саналат. Шаарда минералдык-сырьелук ресурстар жок.

1.4. Демографиялык потенциал жана эмгек ресурстары

Статистикалык комитетинин официалдуу маалыматтары боюнча Кант шаарынын демографиясы жалпысынан азайып бара жатат. Акыркы 3 жылда шаардын жашоочуларынын саны 4,%га төмөндөп, 20,8 миң кишиге жетти. Бирок, калкка кызматтар көрсөткөн мекемелердин өкүлдөрүнөн бул Стратегияны талкуулоонун учурунда алынган маалыматтар боюнча, Кант шаарында башка региондордон келген катталбаган 3000-ден көп адамдар жашайт.

Шаардын калкынын жалпы санынын басымдуу көпчүлүгүн (77%) эмгекке жагымдуу калк түзөт. Аялдардын саны эркектердин санынан 14%-га көп (эр.:9,6 миң киши, аял.:11,2 миң киши). Үч жылда балдардын санынын өсүшү 12%-га жетти, жалпы санда 6,6 миңди түздү.

Официалдуу маалыматтар боюнча, ДМЧА саны 3 эле киши болсо да, ДМЧА коомунун маалыматтары боюнча 2005-жылда бул сан 210 адамга жеткен, ал эми окуу-өндүрүш мекемелеринин эсебинде көрүү жана угуу боюнча 84 ДМЧА болчу. Ошентип, шаардын калкы жана ДМЧА боюнча официалдуу маалыматтар актуалдуу эмес жана аларды аныктоо керек.

1.5. Калктын кирешелеринин деңгээли жана эмгек жумуштуулугу

Оң динамика шаардын калкынын кедейлик деңгээлинин төмөндөөсү жана кедей үй-бүлөлөрдүн санынын кыскаруусу менен белгиленет. Мурдагы 3 жылга салыштырганда, Кант шаарында кедейликтин деңгээли теңинен көпкө азайды (1,9%) жана 1,3%ды түздү. Үч жылда кедей үй-бүлөлөрдүн саны туп-туура теңине кыскарды (118 үй-бүлө).

Жумуштуулук чөйрөсүндө терс динамика белгиленет. 2012-жылда шаарда 1078 жумуш орду түзүлгөн. Бирок жумушка орноштурулгандардын саны түзүлгөн жаңы жумуш орундарынын жалпы санынын үчтөн бири гана болду. 2013-жылда жумушка орноштурулган жарандардын саны дагы 117ге төмөндөп, 233 кишиге гана барабар болду.

Жумушсуз эмгекке жөндөмдүү калктын саны 2084, ал эми жумуш издөөдө болгондордун саны – 1284 болсо да, жумушсуздук боюнча эсепте 94 гана киши, ал эми КР Эмгек, миграция жана жаштар Министрлигинин эсебинде – 263 киши турушат. Бул калктын жумушсуздук боюнча эсепке турууну каалабагандыгы, же эмгекке кабыл алуу боюнча уюмдардын ишинин начардыгы менен байланыштуу болуусу мүмкүн. Шаарда бир дагы жекече жумуштуулук агенттиги жок. Акыркы үч жылда кесиптик окууга жалпысынан 175 киши гана жиберилген.

1.6. Калктын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга кирүүсү

2013-ж жалпы билим берүүчү мектептердеги окуучулардын саны 7%га өстү (3665 окуучу), ал эми мектепке чейинки мекемелердеги окуучулардын саны – 28%га (1423 бала). Мордернизацияга жана кеңейтүүгө муктаж болгон билим берүү мекемелеринин милдеттери көбөйдү.

Билим берүүнүн чөйрөсү азырынча шаардын өсүп келе жаткан керектөөлөрүнө адаптацияланбаган. Ошол эле убакытта, мамлекеттик эмес билим берүү долбоорлору пайда болот, алардын өнүгүүсү оң динамикага ээ болот.

Шаардыктардын нааразычылыгына алып келген жана калктын билим берүүнүн кызматтарына кирүүсүнө таасир көрсөткөн башкы тоскоолдуктардын ичинде төмөнкүлөр:

1. Мектепке чейинки жаштагы балдарды билим берүүгө катышуусунун төмөнкү даражасы;

2. Шаардын билим берүүнүн бар болгон инфраструктурасы балдар үчүн ылайыктуу эмес;

3. Мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү мекемелерде кадрлардын жетишпестиги;

4. Мугалимдин төмөнкү статусу;

5. Мектептердеги рэкет.

Билим берүү чөйрөсүндөгү кыйынчылыктарга карабастан, шаарда акыркы 4 жылда ээ болгон жетишкендиктери да бар:

1. Шаардын окуучулары областтын деңгээлиндеги олимпиадаларда 13 приздик орунга ээ болушкан;

2. Республикалык деңгээлдеги конкурска мектепке чейинки 3 мекеменин катышып, биринчи, экинчи жана үчүнчү орундарга ээ болгондугу;

3. Республикалык маанидеги олимпиадаларда жалпы билим берүүчү мекемелердин 3 окуучусуна экинчи жана үчүнчү орундар ыйгарылган.

Маданий жана эс алуу инфраструктурасын жакшыртуу керек. 3 маданий борбор жана Маданият Паркы болсо да, алар шаардыктардын бош убактысын толук көлөмдө ээлей албайт, ошондуктан, канттыктар көбүнчө Бишкекке барышат.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын сапатын жакшыртуу айрыкча көңүл бурууну талап кылат. 2011-ж салыштырганда, жарандардын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүчү уюмдарга кайрылууларынын саны 27%га өстү. Кайрылуулардын теңинен көбүрөөгү баланы бала бакчага орноштуруу менен байланышкан. Ал эми үчтөн бири – жер участокторун жана имараттарды ижарага же жеке менчикке берүү менен байланышкан.

Жекече жана коомдук коопсуздук жагдайды өзгөртүү аракеттерди талап кылат. Ага жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, ички иштер органдары жана жарандар арасындагы өз ара аракеттердин жетишпестиги таасир көрсөтөт.

Көрсөтүлгөн мамлекеттик жана муниципалддык кызматтардын сапаты, алардын ичинен биринчи кезекте керектөөчүлөргө кызматкерлердин мамилеси шаардыктардын көптөгөн нааразычылыгына алып келет. Мындай абалдын себептери – мыйзамдардын нормаларын аткарбагандыгы, кызматтардын сапатын мониторинг жана баалоо боюнча начар жумушу, ар түрдүү структуралардын ишмердигинин жетишсиз координациялоосу, жарандардын начар маалымдалгандыгы, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын тунук эместиги, айрыкча чечимдерди кабыл алууда.

1.7. Шаардын жашоо-коммуналдык чарбасы, жакшылануусу

Жалпысынан, шаардын жакшылануусуна бөлүнүүчү сумма акыркы үч жылда 1,8 эсе өстү. Жолдорду оңдоого бөлүнүүчү каражаттар үч эседен көпкө (18884,3 миң сом) көбөйдү. Бирок эски магистралдык тармактар башкы проблемалардын бири болуп калышат. 2013-ж эң чыгымдуу статьялардын ичинде (9238,4 миң сом) ошондой эле мектептерди жана мектепке чейинки мекемелерди оңдоо калышты.

Үч жылда суу жана канализация тармактарынын кызматтарынан пайдалануучулардын саны бир азга эле көбөйдү. Канализациялык тармактардын жетишпестигинин жана суу жана дренаж тармактарынын эскиргендигинин проблемасы актуалдуу бойдон калууда. Мисалга, калкка кызмат көрсөтүүчү мекемелердин өкүлдөрүнүн маалыматтары боюнча, 2011-2012-ж 5 млн. кубометр суу тартылган, андан 1 млн. кубометрине төлөнгөн, ал эми 4 млн. кубометр – жоготууну түзгөн.

Жашоочуларды жылуулук менен камсыздоочу системасынын эскиргендиги шаар үчүн олуттуу проблема болот. Ушуну менен бирге, бул маселени шаар өзү чечүүгө мүмкүнчүлүгү чектелген.

Арасында четтен келгендер көп болгон шаардын жашоочулары, шаардык маданияттын жана тазалыкка, шаардагы тартипке жана жасалгалоого мамилесин өзгөртүү менен тынсызданганын айрыкча белгилөө керек.

1.8. Шаардын экономикалык жана инвестиция-инновациялык потенциалы

2013-ж түз чет элдик инвестициялар 601 млн 954,6 миң сомду, ал эми башка инвестициялар - 39 млн. 274 миң сомду түздү. 2013-ж, 2012-ж салыштырганда, түз чет элдик инвестициялар дээрлик эки эсе өстү, башка инвестициялар жылына 2,5 эсе төмөндөдү. Шаардын системалуу инвестициялык саясатынын жоктугу экономикалык көрсөткүчтөрдүн өсүүсүн чектейт.

1.9. Өнөр жай

Акыркы жылда өнөр жай ишканаларынын саны экиге гана көбөйдү (45 ишкана). Ошол эле мезгилде, өнөр жай ишканаларынын продукцияларынын өсүү темпинде оң динамика белгиленет: жыл сайын орточо 20%га өстү жана 2013-ж 5 млрд. 158 млн. 604,1 миң сомду түздү.

1.10. Ишмердик жана кичи бизнес

Шаарда кичи жана орто бизнестин ишканалары, ошондой эле индивидуалдуу ишмерлер калктын кызматтар чөйрөсүндө, айрыкча соодада жумуштуулугун камсыз кылышат. Мейманкана бизнеси да жакшы өнүккөн.

Шаарда 172 кичи жана орто жана 301 жекече ишканалар иштейт. Ошол эле мезгилде, үч жылда индивидуалдык эмгек ишмердиги менен машыккан кишилердин үлүшү 1,6 эсе азайды (3473 киши). Муну менен катар КР эмгек, миграция жана жаштар Министрлиги тарабынан берилген насыялардын үлүшү (кишилердин саны, насыялардын суммалары боюнча да) бир топко азайды.

“Көңүл ачуулар индустриясы» начар өнүккөн, ошондуктан шаардыктар мындай кызматтарды Бишкекте таап, акчасын ал жерде калтырып жүрүшөт.

Шаарда көрсөтүлүүчү кызматтардын сапаты жакшыртууну талап кылат, айрыкча “провинциалдуулуктан” куткаруу бөлүгүндө.

1.11. Бюджеттик ресурстар, каржылоо-насыялык потенциал

Кант шаарынын бюджетинин азыркы абалы каржылоо автономиясынын жогорку деңгээли менен мүнөздөлөт. Бул абалда бир шаардыкка эсептегенде, бюджеттик камсыздоонун мааниси 7800 сом\киши ашып кетет, бул республикадагы орточо мааниден эсе бою жогору турат. Жергиликтүүү бюджеттин кирешелерин мындай көлөмүндө республиканын бюджетинен кошумча трансферттерди алууга зарылдык жок. Бул ЖӨБ органдарынын өз алдынчалык деңгээлин, бирок ушул эле мезгилде алардын жоопкерчилигин да жогорулатат.

Шаардык бюджеттин кирешелер боюнча жакшы жагдайы биринчи кезекте стабилдик өсүү тенденциясына ээ болгон шаардык экономиканын өнүгүүсүнө негизделет, ошондой эле бюджеттер аралык чөйрөдөгү реформаларды ишке ийгиликтүү ашырууда. Бул реформалардын чектеринде, жалпы мамлекеттик салыктардын үлүштөрү жергиликтүү бюджеттер, айрыкча районддук маанидеги шаарлардын пайдасына бир топ азайтылган. 2013-ж мектеп билим берүүнүн каржылоону республикалык бюджеттин эсебине өткөрүү шаарды өнүктүрүүгө кошумча 40 млн сомдон кем эмес жиберүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Ошентип, 2011-2013-ж шаардык бюджеттин кирешелеринин өсүүсү дээрлик 80%га киреше жана сатуу салыктардын эсебинен камсыз кылынган. Алар жалпы мамлекеттик салыктарга киришет жана алар боюнча жоопкерчилик Мамлекеттик салык кызматында болуп саналат. Ушуну менен бирге, тикеден-тике өздүк же жергиликтүү салыктар өтө өсүүгө ээ болгон жок. Жалпы мамлекеттик салыктардан мындай көз карандылык, шаар бийликтеринин жергиликтүү салыктарга пассивдүү жүрүш-турушунда, Кант ш. бюджетин түзүүдө маанилүү тобокел болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен берилген жергиликтүү бюджетти өз алдынча түзүүгө жана аткарууга мүмкүнчүлүгүнө карабастан, КР Каржы Министрлигинин контролдук сандары үстөмдүк ролду ойной берүүнү улантат. Шаардык бюджеттин кирешелери боюнча көрсөткүчтөрдү мамлекеттик каржылоо органдарынын алдында негизделген талашуунун практикасынын жоктугу Кант ш. бюджеттик процессин өнүктүрүүгө тоскоолдук кылат.

Шаардык бюджеттин кирешелеринин маанилүү көлөмдөрүнө ээ болууга мүмкүнчүлүк жергиликтүү өз-өзун башкаруу органдарына аларды натыйжалуу сарптоо боюнча жоопкерчилигинин жогору деңгээлин да жүктөйт. Ошону менен бирге, перспективдүулүк өнүгүүгө карабай жакынкы проблемаларды чечкен чараларды каржылоо практикасы улантылат.

Кант ш. бюджетинин азыркы жагдайын анализдөө бюджеттик чөйрөдөгү башкы проблеманы түзүүгө мүмкүнчүлүк берет – бюджеттик потенциалды ишке ашырууга негизделген натыйжалуу бюджеттик саясатынын жоктугу шаарды ийгиликтүү, туруктуу өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү чектейт.

1.12. Шаардын өнүгүүсүн башкаруу

2005-ж Кант ш. жергиликтүү бийлик органдары 2005-2010-ж стратегиялык планды иштеп чыгарган. Анда 4 артыкчылык багыттар белгиленген:

Шаардын жакшылануусу.

1. Маданий-билим берүү мекемелеринин системасын өнүктүрүү.

2. Жарандык активдүүүктү жана жоопкерчиликти жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү.

3. Чарбалык субъекттерге жардам көрсөтүү.

Аны толук өлчөмдө ишке ашыруу болбой калды, анткени төмөнкү проблемалар келип чыкты:

• шаардын калкынын башкарууга жана шаарды өнүктүрүүгө төмөн кызыгуусу;

• өткөрүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө калкты маалымдоо системасынын жоктугу;

• мэрия кызматкерлеринин жетишпестик потенциалы;

• мэрияда жана анын бөлүмдөрүндө натыйжалуу эмес бизнес процесстери;

• стратегияны ишке ашырууну мониторинг жана баалоо системасынын жоктугу;

• бюджеттик саясаттын жоктугу ж.б.

Мунун корутундусу, ЖӨБО ишмердигине шаардын коомунун ар түрдүү топторунун өкүлдөрүнүн төмөн ишеними жана алардын арасындагы чыр-чатактар жана карама-каршылыктар болду.

II. Кант ш. социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн SWOT-анализи

Стратегияны иштеп чыгууда өткөрүлгөн талкуулоолордун катышуучуларынын көз караштары боюнча, Кант шаары бир топ күчтүү жактарга ээ, алардын ичинде:

 шаарда ар түрдүү улуттардын өкүлдөрү жашайт, алардын ичинен 14000 активдүү шайлоочулар болуп саналышат,

 шаардыктардые потенциалы жогору, шаарда жогору билимдүү, адистик, каалаган татаалдыктагы маселелерди чечүүгө даяр болгон кадрлар жашашат жага иштешет,

 шаарда кичи жана орто бизнес активдүү өнүгөт, жумуш орундар түзүлөт, бул шаардык бюджеттин кирешесинин жогорку деңгээлин жана ар түрдүү долбоорлорду каржылоо боюнча өз алдынча чечимдерди кабыл алууга мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат,

 Кант ш. шаардыктар үчүн гана эмес, Кыргызстандын жана Казакстандын Чүй өрөөнүнүн башка жашоочуларына да жагымдуу,

 шаар жаштардын спортун жана башка жаштардын долбоорлорун активдүү өнүктүрөт,

 шаарды суу менен камсыздоо иштөө абалында колдонулат,

 шаарда 5 саясий партиялардын өкүлдөрүнөн түзүлгөн күчтүү шаардык кеңеш иштейт,

 шаардык кеңеш аткаруучу орган – мэрия менен натыйжалуу өз ара аракеттерди түзүп жүрөт д.у.с.

Ошол эле мезгилде, шаар бир катар начар жактарга да ээ:

 шаарда турак жайларды куруу жана бизнести өнүктүрүү үчүн пайдаланууга мүмкүн болгон бош жер жок,

 канализация системаларынын жана арыктар тармактарынын абалы начар,

 шаарда ичимдик суунун жоготуулары аябай көп,

 борбордук трасса “пробкаларга” жана бөгөөлөргө себеп болот,

 стихиялык соода менен иштөөгө натыйжалуу ыкмалар жок,

 калкты эсепке алуунун тартипке келтирилген системасы жок, пайдаланган кызматтар үчүн акы төлөбөстүктүн проблемасы бар,

 шаарда миграциянын жогорку деңгээли сакталууда,

 бюджеттик уюмдарда кадрлардын проблемасы байкалат,

 кээ бир мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын сапаты төмөн бойдон калууда,

 бюджетти максатсыз пайдалануу учурлары бар болгон,

 мэриянын потенциалы, инфраструктураны, уюштурууну жана процедураларды өз ичине алып, бекемдөөгө муктаж,

 ЖӨБ органдары шаардыкатрдын суроолоруна жана арыздарына начар жооп беришет,

 шаардыктар шаардын кызматтарынын жана органдарынын ишмердиги жөнүндө начар маалыматталган.

 шаар үчүн мектеп рэкетинин, алкоголизмдин, баңгичиликтин жана башка социалдык оруулардын проблемалары актуалдуу болуп саналышат.

Шаарды туруктуу өнүктүрүү Стратегиясын ишке ашырууда, шаар тышкы чөйрөнүн мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланса болот:

 шаарда райондун административдик борбору турат, ал мамлекеттик кызматтардын жана башка функциялардын катарын камсыз кылат,

 шаардыктардын көбү иштеп, окуп жана эс алып турган борбор шаарынын жакындыгы,

 шаардын жанынан Казакстан менен чек ара өтөт,

 шаар темир жол жана автомобиль транспорттору үчүн түйүндүү болуп саналат,

 шаардын жеринде чоң ишканалар иштешет,

 шаарга ККБК аскер базасынын жакындыгы.

Кант шаарынын өнүгүүсүнө коркунучтарды төмөнүлөр түзүүсү мүмкүн:

 саясий стабилсиздик жана жогорку чыр-чатак потенциалы,

 жаңы диний агымдардын таралуусунун башкарылбас процесси,

 контролдоочу органдар тарабынан системасыз көп сандаган текшерүүлөр,

 мамлекеттик органдар ж.б. тарабынан жергиликтүү өзүн-өзү башкарууга басым.

III. Шаардык өнүгүүнүн проблемалары

Жагдайды анализдөө жана талкуулоолор Кант ш. туруктуу өнүгүүсүнө тоскоолдук кылган эң маанилүүү проблемаларды ажыратууга мүмкүнчүлүгүн берет:

1. Ички жана тышкы коммуникацияларды өз ичине алган шаарды башкаруунун бар болгон ыкмалары чечимдерди макулдашууну, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына ишенимди, системалык өнүктүрүүнү камсыз кылбайт.

2. Бюджеттик процессинин бар болгон практикасы шаардын ийгиликтүү туруктуу өнүгүүсү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү чектейт.

3. Канттын шаардык инфраструктурасы шаарга коноктор үчүн жагымдуу эс алуу жай болууга мүмкүндүк бербейт.

4. Мамлекеттик, муниципалдык жана жеке секторлордогу көп кызматтардын сапаты керектөөчүлөрдүн күтүүлөрүнө жана өнүктүрүү маселелерине ылайык келбейт.

5. Жаштардын билиминин жана маданий тарбиялануусунун төмөнкү деңгээли алардын эмгек рыногунда конкуренцияга ыктуулугун төмөндөтөт, алардын жана шаардын турмушунда ар түрдүү проблемаларды пайда кылат.

IV. Кант ш. туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиялык максаттары

20 жылдан кийин – Кант Кыргызстандын билим берүү, этномаданий, спорттуборбору болууга тийиш.

5 жылдан кийин шаарда негизги инфраструткуралык проблемалары чечилүүсү тийиш, шаарды өнүктүрүүнүн жаңыртылган жана мыкты иштеп чыгылган башкы планы ишке ашырылат.

2017-ж Кант ш. калкынын турмуштук сапаты өлкөбүздөгү орточо деңгээлге жетет, чарбалык-экономикалык ишмердиги, социалдык-маданий потенциалы жана жакшы айлана чөйрөнүн өз ара байланышкан өнүгүүсү аркылуу.

Шаардык өнүгүү үчүн чөйрө каалаган жаштагы, жыныстагы, этникалык тиешелүүлүгү, ден соолугунун абалы, социалдык статусу жана байлыгы адамдарга жагымдуу болот.

Жергиликтүү коомду туруктуу өнүктүрүү үчүн Кант ш. өнүктүрүү спецификасына, анын конкуренттик артыкчылыкатрына, уникалдуу географиялык шарттарына жана региондор аралык интеграцияга негизделген азыркы программалык-максаттык модель сунуш кылынат.

Бул модель өз ичине Кант ш. жергиликтүү коомду өнүктүрүүнүн конкреттүү маселелерин чечүүгө багытталган, каржылоо чектери шарттарында болгон шаардыктардын керектөөлөрүнөн жана күтүүлөрүнөн келип чыккан максаттык долбоорлордун пакетин киргизет.

V. Стратегияны ишке ашыруунун артыкчылык багыттары, маселелери, чаралары жана күтүлүүчү натыйжалары

Стратегияны ишке ашыруу өз ичине туруктуу өнүгүүнүн маселелерин жана чараларын алган бир нече артыкчылык багыттарда жыйынтыкталат. Бирок алар жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жергиликтүү коомдун турмушун камсыздоо боюнча жана мыйзам тарабынан аларга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу боюнча күндөлүк ишмердигин алып таштабайт жана алмаштырбайт.

1-Артыкчылык. Кант ш. жаңы бюджеттик саясаты

Бул артыкчылык төмөнкү маселелерди жана чараларды ишке ашырууну алдын ала карайт:

1-Маселе: Шаардын бюджетинин чыгым бөлүмүн жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын чыгымдуу ыйгарым укуктары жана стратегиясынын жана өнүгүү программасынын артыкчылыктары негизинде түзүү.

Бул маселе төмөнкү чараларды өз ичине алат:

 Бюджеттин чыгым бөлүмүн күндөлүк чыгымдардын бюджетине жана өнүктүрүү бюджетине бөлүштүрүү;

 Өнүктүрүү бюджетин программалоо негизинде пландаштыруу;

 Мэрия тарабынан бюджеттердин долбоорлорун жана аларды аткаруу боюнча отчетторун (программалык форматында максаттык программалар негизинде, айкын индикаторлорду көрсөтүү менен) шаардык кеңешине жана шаардын калкына берүү практикасын жайылтуу.

2-Маселе: Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн экономикалык жана статистикалык көрсөткүчтөргө негизделген реалдуу эсептөөлөргө ылайык прогноздоо жана пландаштыруу.

Бул маселе төмөнкү чараларды өз ичине алат:

1. Райондун жергиликтүү мамлекеттик администрациясы менен макулдашууда, шаардын бюджетин түзүү жана аткаруу боюнча территориалдык мамлекеттик жана ЖӨБ органдарынын өз ара аракеттеринин регламентин кабыл алуу;

2. Кант ш. жергиликтүү бюджетинин кирешелүү бөлүмүнүн прогноздоого таасир кылган экономикалык жана статистикалык көрсөтмөлөрү боюнча автоматизацияланган маалымат базасын жайылтуу;

3-Маселе: Бюджеттик процессти программалык негизге 3-жылдын ичинде өткөрүү.

Бул маселе төмөнкү чараларды өз ичине алат:

1. Кант ш. бюджеттик процессинин программалык негизге өтүүсүнүн концепциясын иштеп чыгуу;

2. Мэриянын адистерин, муниципалдык ишканалардын жана мекемелердин жетекчилерин, шаардык кеңештин депутаттарын программалык негизде бюджеттик процессти уюштуруу процедураларына системалык окутууну жүргүзүү;

3. Өнүктүрүү программаларын жана долбоорлорун жана ЖӨБ органдарынын (жана аларга караштуу ишканалардын жана мекемелердин) ишинде натыйжалуулуктун жетишкендигин баалоо боюнча шаардын мэриясынан, кеңешинен жана эксперттик коомунан турактуу комиссияны түзүү.

4-Маселе: ЖӨБ укуктарынын чектеринде болгон жергиликтүү бюджетке түшкөн салыктардын айрым түрлөрүн алуунун туруктуу системасын түзүү.

Бул маселе төмөнкү чараларды өз ичине алат:

1. Жергиликтүү жана патент негизиндеги салыктар бөлүгүндөгү салыктык укук мамилелери боюнча Кант ш. мэриясынын ыйгарым укуктары жөнүндө эстеткичти иштеп чыгуу;

2. МСК менен макулдашууда, эл аралык донордук уюмдарды чакырууда, ошондой эле Мамлекеттик кадрлар кызматынын окутуучу програмаларынын чектеринде салыктардын айрым түрлөрүн администрациялоо маселелери боюнча каржылоо бөлүмүнүн адистерин окутууну камсыз кылуу;

5-Маселе: Шаардык коомдун демилгелеринин негизинде жергиликтүү бюджетти түзүүнү камсыз кылуу

Бул маселе төмөнкү чараларды өз ичине алат:

1. Шаардыктардын активдүү топторунун социалдык демилгелерин колдоо үчүн өбөлгөлөө гранттарынын фондун шаардык бюджеттин чыгым бөлүмүнө киргизүү;

2. Жарандык коому тарабынан бюджеттик чыгымдардын натыйжалуулугун мониторинг жана баалоо системасын иштеп чыгуу жана ченемдик бекитүү. Бул система турактуу негизде бюджеттик процесстин бардык этаптарындагы жана ЖӨБнун жергиликтүү бюджетти түзүү жана аткаруу боюнча жарандарга отчет берүүнүн тунуктугун камсыз кылат.

Натыйжада Кант шаары төмөнкүгө ээ болот:

 шаардын тиричилик аракетинин артыкчылык чөйрөлөрүнүн каржылоосунун өсүшү;

 Кант ш. жергиликтүү бюджетинин кирешелеринин өсүшү;

 бюджеттик каражаттарды сарп кылуунун натыйжалуулугунун өсүшү;

2-Артыкчылык. Шаарды экономикалык өнүктүрүү

Бул артыкчылык төмөнкү маселелерди жана чараларды ишке ашырууну алдын ала карайт:

1-Маселе: Шаарды өнүктүрүүнү жөнгө салуунун рыноктук принциптерин жайылтуу

Бул маселе төмөнкү чараларды өз ичине алат:

1. Ишкерлер, шаардык активисттер, мамлекеттик башкаруу органдарынан жана эл аралык уюмдардан өнөктөштөр катышкан Кант ш. экономикалык өнүктүрүү маселелери боюнча ачык маектештирүү аянтчаны түзүү;

2. Кант ш. бренди болуусу мүмкүн үзүрлөрдү жана кызматтарды аныктоо жана аны алга жылдыруунун стратегиясын иштеп чыгуу;

3. Баштоочу ишмерлер үчүн каржылоо, маркетинг, старт-аптарды жүргүзүү, жаңы технологияларды (баарынан мурда «жашылдарды») жайылтуу маселелери боюнча маалыматтык-консультативдик ресурсту түзүү;

2-Маселе: Шаардыктардын кирешелерин көбөйтүү

Бул маселе төмөнкү чараларды өз ичине алат:

1. Мамлекеттик-жекече жана муниципалдык-жекече өнөктөштүрүү долбоорлорун жүргүзүү, артыкча айыктыруу, билим берүү, маданият ж.б. кызматтардын чөйрөсүндө;

2. Кепилдик фондду түзүү;

3-Маселе: Инвестицияларды тартуу.

Бул маселе төмөнкү чараларды өз ичине алат:

1. Жашоо үчүн көп кабаттуу курулушка, анын ичинде шаардыктарга жеткиликтүү болгондорго, инвестицияларды тартуу;

2. Потенциалдуу, баарынан мурда шаардыктар жана туристтерге жаккан объекттерге салынганы даяр болгон инвесторлор үчүн зарыл маалымат менен сайтты түзүү;

3. Шаарды өнүктүрүү жана анын бюджетин толтуруу боюнча инновациялык идеялардын банкын түзүү үчүн жыл сайын конкурс өткөрүү;

4. Ишмерлер үчүн “жашыл” жумуш орундарды түзүү боюнча (фокусунда аялдар жана жаштар болгон) конкурсту уюштуруу жана жыл сайын өткөрүү.

Натыйжада Кант шаары төмөнкүгө ээ болот:

 калктын ага көрсөтүлгөн кызматтарга канааттангандык даражасын жогорулатуу;

 экономикалык өнүгүүнү башкарууну жакшыртуу;

 иш активдүүлүгүн өстүрүү жана кедейликти кыскартуу;

 инвесторлорго жагымдуу болгон имидж

 бар болгон социалдык проблемаларды экономиканы өнүктүрүү эсебинен чечүү;

 жергиликтүү бюджетке милдеттерди төмөндөтүү;

3-Артыкчылык. Билим берүү, маданият жана спорт

Бул артыкчылык төмөнкү маселелерди жана чараларды ишке ашырууну алдын ала карайт:

1-Маселе: Билим берүү кызматтарынын сапатын жогорулатуу.

Бул маселе төмөнкү чараларды өз ичине алат:

1. Билим берүү мекемелери арасындагы шаардык конкурсту иштеп чыгуу жана жүргүзүү;

2. Билим берүү мекемелеринин биринин негизинде ресурстук билим берүү борборун түзүү;

3. Билим берүүү мекемелеринин инфраструктураларын жакшыртуу;

4. Шаар менен контракттын негизинде жаштарды ЖОЖдордо максаттуу окутуу;

5. Мугалимдерди иштеринен ажыратпай адистигин жогорулатуу мүмкүндүктөрүн мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдар менен макулдашуу;

6. Окуу жаштары үчүн жыл сайын “Акыл казына” конкурсун жүргүзүү;

7. Билим берүү мекемелеринин шаардык камкорлорунун кеңешин түзүү.

2-Маселе: Шаардыктардын маданиятын өнүктүрүү.

Бул маселе төмөнкү чараларды өз ичине алат:

1. Балдар жана жаштар үчүн кирүүгө боло турган кружокторду ачуу;

2. Шаар Күнүн уюштуруу жана тематикалык (гүлдөр, блиндер, элдик өнөрлөр ж.б.) фестивалдарды өткөрүү;

3. Муундар арасындагы байланыштар жана социалдык жоопкерчилик боюнча долбоорду (социалдык заказ аркылуу майып адамдарды (ДМЧА) тартууда) иштеп чыгуу;

4. Кант ш. жаранынын Кодексин иштеп чыгуу.

5. Жүрүш-туруш эрежелерин бузгандар үчүн жаза жана тилдөө системасын жайылтуу, анын ичинде аксакалдардын көрсөтмөлүү соттору аркылуу;

3-Маселе: Дене тарбияны жана спортту өнүктүрүү.

Бул маселе төмөнкү чараларды өз ичине алат:

1. Спорткомплексти калыбына келтирүү;

2. «Кант – көчө футболунун борбору» долбоорун иштеп чыгуу;

3. «Дени соо Кант» ден соолукту бекемдөө чөйрөсүндө (фитнес-борборлор, спорт аянтчалары, шаардык спартакиадалар жана башка мелдештер д.у.с.) шаардыктардын жана инвесторлордун долбоорлорун өз ичине алган программасын иштеп чыгуу;

4. Шаардык катокту ачуу;

5. МЖД негизиндеги эл аралдык стандарттарга тиешелүү шаардык бассейнди ачуу.

Натыйжада Кант шаары төмөнкүгө ээ болот:

 сапаттуу билим берген шаардын жагымдуу имиджи;

 билим берүү үчүн адистүү кадрларды кайталап даярдоо системасы;

 шаардыктардын маданий деңгээлинин өсүшү;

 жашоочулардын өзүнүн шаарына мамилелеринин өзгөрүүсү;

 ички туристтердин агымынын көбөйүүсү;

 дени сак турмуштагы жашоочулардын санынын көбөйүүсү.

 Бишкектен туристтерди тартуу;

 спорттук жетишкендиктердин өсүшү ж.б.

4-Артыкчылык. Шаардын инфраструктурасы

Бул артыкчылык төмөнкү маселелерди жана чараларды ишке ашырууну алдын ала карайт:

1-Маселе: Шаарды жакшылантуу

Бул маселе төмөнкү чараларды өз ичине алат:

1. Шаардын башкы планын өнүктүрүү.

2. Көчөлөрдү комплекстүү жакшыртуунун (жолдорду ремонттоо, жарык кылуу ж.б.) ар жылдагы планын иштеп чыгуу;

3. Жер астындагы сууларды кайруу боюнча долбоорду иштеп чыгуу;

4. Суу менен камсыз кылуу жана сууну кайруу системасын реабилитациялоо боюнча долбоорду ишке ашыруу;

5. Кант ш. жашылдандыруу планын иштеп чыгуу жана аны аткаруу;

2-Маселе: Шаардыктарды шаарды өнүктүрүү маселелерин чечүү үчүн мобилизациялоо.

Бул маселе төмөнкү чараларды өз ичине алат:

1. Жашоочулар үчүн «Сүйүктүү шаарыма - 100 жакшылыгым» конкурсту иштеп чыгуу жана аны жыл сайын өткөрүү;

2. Шаардыктарды жашоону камсыз кылуунун жаңы\альтернативдик технологияларынын мүмкүнчүлүктөрү жана артыкчылыктары жөнүндө маалыматтоо боюнча долболорду иштеп чыгуу;

3. Мэриянын алдындагы волонтердук топторду түзүү жана колдоо.

Натыйжада Кант шаары төмөнкүгө ээ болот:

 тышкы көрүнүшүнүн өзгөрүүсү;

 шаардын инфраструктурасы комфорттуураак жана ишенимдүүрөөк болот;

 жекече жана коомдук коопсуздук жакшырат;

 жашоочулар шаардын өнүгүүсүнүн субъекттери болуп калышат.

5-Артыкчылык. Кызматтардын сапатын жогорулатуу

Бул артыкчылык төмөнкү маселелерди жана чараларды ишке ашырууну алдын ала карайт:

1-Маселе: Сапаттуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга кирүүнү жакшыртуу

Бул маселе төмөнкү чараларды өз ичине алат:

1. Мэрия алдында мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын шаардык борборун эки этапта түзүү;

2. Шаардын жашоочуларын жана конокторун эсепке алуунун натыйжалуу системасын түзүү;

3. Мамлекеттик жана муниципалдык структуралар тарабынан шаардыктарга көрсөтүлгөн кызматтарынын сапатын коомдук мониторингди жана баалоону жүргүзүү;

2-Маселе: Канттын жашоочуларына жана конокторуна бизнес-коому тарабынан берилген кызматттардын сапатын жогорулатууга жардам берүү

Бул маселе төмөнкү чараларды өз ичине алат:

1. Шаарда керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо институтун түзүү;

Натыйжада Кант шаары төмөнкүгө ээ болот:

 жарандардын шаардык өнүгүүнү башкаруу системасына ишенүүсү;

 мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын сапатын жогорулатуу жана жеткиликтүүлүгү;

 керектөөчүлөрдүн шаардык бизнес коомунун үзүрлөрүнө жана кызматтарына ишенүүсү;

 шаардын жашоочуларына жана конокторуна көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатынын өсүшү.

6-Артыкчылык. Шаардын өзүн-өзү башкаруусун өнүктүрүү

Бул артыкчылык төмөнкү маселелерди жана чараларды ишке ашырууну алдын ала карайт:

1-Маселе: ЖӨБО потенциалын күч алдыруу.

Бул маселе төмөнкү чараларды өз ичине алат:

1. Стратегияны ишке ашырууга мүмкүнчүлүк көз карашы боюнча ЖӨБО функционалдык анализин өткөрүү;

2. Шаардык башкарманын жана кызматтарын ишкердигине азыркы бизнес процесстерин жана протоколдорун жайылтуу;

3. ЖӨБО потенциалын бекемдөө боюнча планды иштеп чыгуу жана жайылтуу;

4. Кварталдыктар жана домкомдор үчүн Методикалык колдонмо басып чыгаруу;

5. Жыл сайын «Эң мыкты кварталдык жана домком» конкурсун өткөрүү;

6. Шаар башкармасын ар түрдүү деңгээлдери үчүн тажрыйба алмашуу боюнча долбоорду жүргүзүү.

7. Муниципалдык кызматтарды демонополизациялоо принциптерин жайылтуу.

2-Маселе: ЖӨБОнун техникалык жана технологиялык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү.

Бул маселе төмөнкү чараларды өз ичине алат:

1. Шаардык кеңештин, мэриянын жабдууларын модернизациялоо;

2. МКТ шаардык башкармага жайылтуу;

3. «Коопсуздук Кант» долбоорун иштеп чыгуу жана ишке ашыруусун жүргүзүү,

3-Маселе: Ички жана тышкы коммуникацияларды өнүктүрүү.

Бул маселе төмөнкү чараларды өз ичине алат:

1. Перспективдүү пландаштырууну жана активисттердин жана шаардык кызматтардын регулярдуу негиздеги кезигишүү графиги жөнүндө маалымдоону жайылтуу;

2. Жакын жана алыскы чет элдик шаарлар менен бир туугандыкты уюштуруу;

3. Шаардын PR-стратегиясын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.

Натыйжада Кант шаары төмөнкүгө ээ болот:

 шаардык өзүн-өзү күчтүү башкаруу;

 кызматтарды көрсөтүүгө чыгымдарды азайтуу;

 шаардык өнүгүүнүн кварталдыктар, домкомдор жана активисттер атынан болгон бекем ресурсу;

 башкарууда азыркы технологиялар;

 натыйжалуу ички жана тышкы байланыштар.

 эл аралык байланышка чыгуу.

VI. Ресурстар

Стратегиянын чараларын ресурстук камсыз кылуу Стратегияны ишке ашыруунун катышуучулары тарабынан ишмердүүлүгүн координациялоо жана аларда бар болгон ресурстарды консолидациялоо негизинде жасалат.

Стратегияны ишке ашырууну каржылоо шаардын бюджетинин каражаттарынын, улуттук жана регионалдуу программаларды ишке ашыруу чектеринде республикалык бюджетинин каражаттарынын макулдашуу шарттарында тартуунун, ошондой эле бюджеттен тышкары булактардын (инвесторлордун, насыялардын, калктын, гранттардын каражаттарынын) эсебинен камсыз кылынат.

Кант ш. бюджетинин эсебинен Стратегиянын иш-чараларына каржылоого каражаттарды пландаштыруу жана бөлүштүрүү көбүнчө максаттык программаларды каржылоо түрүндө, ошондой эле айрым долбоорлор, алардын ичинде инвестициялык түрдөгү, кылынат.

Объем ресурсов, требуемый для реализации Стратегии в соответствии с Планом реализации, рассчитывается мэрией города Кант в процессе бюджетного планирования путем расчета затрат на реализацию программ, проектов и других мероприятий Стратегии, распределения их по источникам финансирования, а также на основе заключенных соглашений, договоров и контрактов с участникам