Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Жергиликтүү бийлик өз милдетин так аткарганда гана элге сапаттуу кызмат көрсөтүлөт.

Суу - өмүр, суусуз өмүр жок, дегенди баарыбыз жакшы билебиз, бирок суу ар бирибиздин үйүбүзгө кантип, кандай аракеттер менен жетип жатканы тууралуу көпчүлүгүбүз жакшы биле бербейбиз. Ичип аткан суубуз бир аз эле убакыт токтоп калса кыйын абалда калып, заматта нараазы болуп тынчыбыз кете баштайт.Туш-туштан сурамжылоо жүргүзүп, “эмне болуптур, качан берилет экен” деп кызыга баштайбыз. Күнөөлүүлөрдү издеп, акылыбыздан укмуш ойлорду айтып ,”минтпейби, антиш керек болчу” дейбиз. Кудай жалгап, көп өтпөй эле суу чыгып калса, турмуштун көп кырдуу түйшүгүнөнбү айтор, пендебиз да, дароо эле унутуп калабыз.

Кыргызстанда элди таза суу менен камсыз кылууга кайсы бийлик бутагы жооп берет? Өкмөтпү же жергиликтүү бийликпи? Мыйзамда бул милдет КР «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 18- беренесинин 4- пунктуна ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдетине кирген. Ушул милдетти эл мүдөөсүнө жооп бергендей кылып так аткарган жергиликтүү бийликтер барбы? Алар кандай иштерди жасап жатат, кыйынчылыктарды кантип чечип жатышат?

Бул багытта жасалган жакшы иштер элдин ыраазылыгына арзып, жергиликтүү бийликке болгон ишеним арткан, жакшы жөрөлгөлөр бар экендиги кубандырат. Ушундай көңүл жылыткан жагымдуу иштер тоолуу Нарындын Ак-Талаа районундагы Терек айылындагы болуп жатат. Терек айыл өкмөтү өлкөбүздөгү кадимкидей чакан айыл аймактардын бири. Бул айылда элди таза суу менен камсыз кылуу үчүн 2002-жылы «Талгат- Кожо-Арык «ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмеси (ИСКАКБ) түзүлгөн. Суу түтүктөрү жана жабдуулары муниципиалдык менчик болгондуктан Терек айыл өкмөтү оперативдик башкаруу келишиминин негизинде “Талгат–Кожо-Арык” ИСКАКБ өткөрүп берген.

ИСКАКБ штаттык түзүмүндө болгону 6 адам иштейт: башчы, башкы эсепчи, 2 слесарь жана 2 кароолчу. Айылга сууну 68 метр жердин тереңинен скважина аркылуу чыгарышат. Резервуары 250 тонна болгондуктан суу соргуч насосу бир суткасында 3 саат эле иштейт. 100 куб суу айылдын жашоочуларына 4 күнгө жетет экен. Таза суу менен айылдын 316 түтүнү же 1365 айылдын тургундары толук камсыз болгон. Калкка суу көчөдөгү колонкалар аркылуу берилет.

Азырынча 18 үй-бүлө үйлөрүнө суу киргизишти, жакынкы жылдары үйлөргө толук киргизүү болжолдонууда. Суунун тарифи 1 адамга 18 сомдон коюлган, бир айда элден акча чогултуунун планы 26 миң сом, бир жылга 312 миң сомду түзөт. Эң таңгалдырган жана жүрөк кубанткан көрсөткүч, бул - сууга болгон төлөмдөрдүн чогултуусу!!! Чогултуу- 98% түзөт! Республикада мындай көрсөткүчкө жетишкен ИСКАКБлар өтө эле аз санда. Бизди “суунун төлөмүн 98 пайыз чогултабыз» деген маалыматабдан кызыктыр-ды. «Мындай натыйжага кантип жетиштиңер?»- деген суроого, көп жылдар бою айылда таза суу маселеси көкөйгө тийгенин, эл суунун азабын тартып, арыктан суу ташып ичкен күндөр болгондугун айтышып, эми келип жаткан суунун баркын билип, төлөмдөрдү үзүлтүксүз төлөп жатышканын белгилешти.

Терек айыл аймагында жергиликтүү маселелерди чечүүдө айыл өкмөт менен айыл кеңеш биргелешип чогуу аракет кылышып, эл арасында түшүндүрүү жана уюштуруу иштерин жакшы жолго коюшкан. Кандай гана маселе болбосун калктын бардык катмарлары менен кенен-кесири талкуулап, ортого коюп элдин оюн угуп, коомдук угуулар өткөрүлүп, аягында жалпы бир пикирге келишет. Мындай кеңешип кескен маселе ийгиликке алып келери азизге деле даана көрүнөрү бышык эмеспи.

Айыл өкмөтү (башчысы Казиев Уланбек Токтосунович) тарабынан ИСКАКБ ишмердүүлүгү ар дайым көзөмөлдөнүп турат. Айыл өкмөттүн аппаратында ичкен суу маселесин көзөмөлдөө милдети коммуналдык иштер боюнча адиске жүктөлгөн, ошондуктан дайыма жыйындарда каралып турат.

Терек айыл өкмөтүнүн 2017-жылга чейинки айылдын өнүгүү программасына калкты таза суу менен камсыздоого өзгөчө орун берилген. Ар жыл сайын кандай иштер жасалып, кайсы каражаттан каржыланары, кимдер жооптуу экендиги көрсөтүлгөн. Бул багытта иштер толук аткарылып жатат. Айыл өкмөт жаңы турак жай массивдерине суу киргизүүдө 2014-жылы ИСКАКБ менен бирдикте 120 миң сомдук иш аткарышкан, ал сумманын 80 миң сомун жергиликтүү бюджеттен, 40 миң сом эл өздөрү чыгарышкан. Өткөн 2013-жылы АРИС тарабынан көлөмү 12 млн. сомдук проект ишке ашкан, ага 5,5 км. суу түтүктөрү жаңыртылган. 2013-жылы проекттеги иштерди аткарууда эл өз күчтөрү менен иштерди жасап, акча каражатын үнөмдөөгө жетишип, ага баасы 80 миң сомдук кошумча суу соргуч (насос) алып коюшкан.

Жергиликтүү бюджеттен айылдагы социалдык-маданий обьекттер үчүн пайдаланылган сууга 14 миң сом каражат которулуп турат. Тарифти туура эсептегенден ИСКАКБ кызматкерлеринин айлык акысын 1,5 миң сомдон 3,0 мин сомго көтөрүлдү. Албетте, бул өтө чоң айлык акы эмес. Ошондуктан, айыл өкмөтү изденүү менен иш алып барып, иштин көзүн билген адистерди кармап калыш үчүн, колдоо көрсөтүүнүн жолдорун издейт. Мисалы: ИСКАКБ колдоо көрсөтүү багытында айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун (АЖМФ) жерлеринен 5 га жерди ижарасыз колдонууга, жаңы курулган айылдын мончосун колдонуп иштетүүгө берген.

Бул биринчиден, айыл өкмөт тараптан колдоо болсо, экинчиден ИСКАКБ өз алдынча иштеп, кошумча каражат табышына шарт түзөт. Терек айыл кеңеши 11 депутаттан турат, төрайымы-Ажиева Жылдыз Бекчороевна. Таза суу маселесин бюджет жана финансы, ошондой эле социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияларда каралат, анда бардык маселелер талкууланат. Мисалы: калктын ичкен сууга төлөмдөрүнүн тарифи, ИСКАКБ жылдык бюджетин жана ишмердүүлүгүн талкуулоо, төлөбөгөн абоненттер менен иштөө ж.б. Андан тышкары ар бир депутат көчө-көчөгө бөлүнүп ИСКАКБ бардык жактан жардам көрсөтүшөт, өз шайлоочулары менен тыгыз иш алып барып, түшүндүрүп турушат. Депутаттар бул менин ишим эмес деп намыстанбай, кайра сыймыктануу менен иштешкени таң калдырат.

Жергиликтүү бийликтин эки бутагынын ИСКАКБ менен иштешкен жакшы тажрыйбасы жакшы сөзгө гана татыбастан, аны башкаларга жайылтып үйрөтүүгө татыктуу. ИСКАКБ азырынча техникалык жана материалдык жактан эч кандай деле жабдууларга, ашыкча каражаттарга ээ боло элек. Бирок, жергиликтүү бийликтин жана суу колдонуучулардын колдоосу менен ишеними бардык нерседен жогору турары бышык. Терек айылынын жашоочулары өздөрүнүн эртеңки күнүнө ишенимдүү карайт, себеби эң башкы байлык-ден соолук үчүн таза ичкен суу менен камсыз болушкан. Мындай ишеним жалаң гана теректиктерди эмес, башкаларды да кубандырат, суктантант.