Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Борбордук шайлоо комиссиясы ушинтип иштесе, тазаланууга бара алабызбы?

Үстүбүздөгү жылдын 27- ноябрында Борбордук Шайлоо Комиссиясы (мындан ары БШК) өзүнүн кезектеги отурумунда Нарын облусунун Ак -Талаа районунун Тоголок Молдо айылдык аймагында 2014-жылдын 21-октябрда болуп өткөн айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгын бекитүүнү карады. Урматтуу окурман,карасаңыз эмне үчүн бир ай алты күндөн кийин каралып жатат? Мыйзамда канча убакытта каралып, БШК шайлоонун чечимин бекитиши керек эле? Ушунчалык көпкө созуп карагыдай эмне тоскоолдук, түшүнбөстүк бар болду экен? Тоголок Молдо айылдык кеңешинин депутаттары мыйзамды одоно бузушканбы, ошондуктан алар шайлаган айыл өкмөт башчысын Туйгуналы Абдыраимов мырза терең казып изилдеп жатты.

Айыл ичинде өйдө- ылдый кептер арбып, ушак-айың күчөдү. Айласы кетип айыл кеңештин депутаттары БШКга кайрылып сураганда, БШКдан «сиздер шайлаган талапкердин эмгек стажы жетпейт жана мурун соттолгон деп арыз түшкөндүктөн бекитпей жатабыз» деп билдиришкен. Бирок, убакыт өтө берди, шайлоонун жыйынтыгынын жыты да, изи да билинбеди, айылдын аткаруу бийлиги башчысы жок тура берди. 18- ноябрда өздөрү бекиткен жетекчисинин тагдырын билиш үчүн айылдык кеңешинин депутаттары Бишкекке келип, БШКнын жетекчисине суроо узатышканда, мурунку коюлуп жаткан жөөлүү себептер чындыкка дал келбегендиги даана билинди. Баягы БШК билдирген шылтоолор, дооматтар шоона эшпей калды. Тоголок Молдолук депутаттар БШКга келип жолугушуу учурунда шайлаган айыл башчынын өздүк делосунан эмгек стажы тууралуу документтин алынып салынгандыгы, ал эле эмес соттолбогону тууралуу эки ирет текшерилген маалымдама да башка кагаздардын арасынан чыгып калып жатпайбы! Ушул өздүк делодон алынып салынган ( мүмкүн атайын алынып салынгандыр деген ой кетет) документтерди издеген БШК эч ким болбоптур, мына сага тартип, мына сага мыйзамдуулук!

Айылдыктар депуттатардын, алардын шайлоочуларынын укугуна 40 күнгө жакын убакытта , өздөрү артынан сая түшүп араң жетишишти. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамына ылайык бул процедура 10 календардык күндө ишке ашыш керек болчу. Тилеке каршы, БШКда бекитүү маселесин татаалдантып саясий оюндарга айландырганын мурун эле көп укканбыз, бирок ушул айылдык аймактын жетекчисин бекитүү маселесине байкоо жүргүзгөндө, ошол атайлап создуктурганы ачык эле көрүнүп калды. Кийинки мезгилде жергиликтүү аймактын башчыларын шайлоодо, анын жыйынтыктарын мыйзамга ылайык өз маалында чыгарууну БШК унутуп бараткандай, бул өнөкөткө айланып кетпейби деп чочуланып турабыз.

Р.S. Урматтуу жергиликтүү кеңештин депутаттары. Айыл башчысы бол деп, сиздер тандаган, аймактык шайлоо комиссиясы менен бекилген талапкерди БШК кандай бир шылтоо менен бекитпей жатса, тартынбай кайрылгыла мыйзам чегинде жооп беришсин.