Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Жаңы шайланган жергиликтүү кеңештердин алгачкы кадамдары.

2016 жылдын 11 декабрында көпчүлүк айыл аймактарда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өттү. Жергиликтүү кеңештердин депутаттары, туура иш алпарыш үчүн мыйзамдарга таянып кадамдарын жасоого абзел. Кандай кадамды кайсы учурда жасоо керектигин бул макалада көрсөтүп беребиз:

Депутаттар башкарууга ала турган негизги мыйзам: № 101, 2011 жылдын 15 июлунда кабыл алынган «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КР Мыйзамы.

Ошол мыйзамга ылайык:

1 кадам: Жаңы шайланган жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясы мурдагы чакырылган кеңештин төрагасы тарабынан тиешелүү кеңешке шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күндөн тартып эки жумалык мөөнөттөн кечиктирилбестен чакырылат. Жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясын тиешелүү жергиликтүү кеңештин курагы боюнча улуу депутаты ачат (28 берене, 3 п)

Жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясынын күн тартибине кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо маселелери, кеңештин ишин уюштуруунун башка маанилүү маселелери киргизилет. (28 берене, 5 п)

2 кадам: Айылдык кеңештин төрагасы тиешелүү кеңештин сессиясында айылдык кеңештин депутаттарынын ичинен жашыруун добуш менен айылдык кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат (37 берене, 4 п).

Айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерликти айылдык кеңештин депутаты же депутаттарынын тобу көрсөтүүгө укуктуу. Депутат же болбосо депутаттардын тобу бир талапкерди көрсөтүүгө укуктуу (37 берене, 5 п).

Эгерде айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса, айылдык кеңештин төрагасын шайлоо болуп өттү деп эсептелет (37 берене, 6 п).

Тиешелүү жергиликтүү кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүүнүн жана шайлоонун тартиби жана башка шайлоонун жол-жоболук маселелери тиешелүү жергиликтүү кеңештин регламентинде аныкталат (37 берене, 7 п).

3 кадам: Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары депутаттардын ичинен сессияда айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайланат.

Шаардык кеңештин төрагасынын 2 орун басары болот.

Айылдык кеңештин төрагасынын 1 орун басары болот.

P.S. Жергиликтуу кенештин торагасын шайлоо процессине губернатордун, акимдин же шайлоо комиссиянын мучосунун кийлигишусу мыйзамсыз. Мамлекеттик бийлик органдары жергиликтүү кеңештердин компетенциясына кирген маселелерди чечүүгө кийлигишүүгө укуксуз. (27 берене).