Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

ЖӨБО салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишим.

Келишимди толук документ катары жүктөп алыш үчүн шилтемеден өткүлө.

Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө № _____ келишим.
1.Келишимдеги тараптар

1.1. __________________________________________________________________________________

(ыйгарым укуктарды өткөрүп берген мамлекеттик органдын толук аталышы)

Мындан ары “аймактык салык органы” деп аталган тараптан начальниги __________________________________________________________________,

( аты-жөнү )

2016-жылдын 11-апрелиндеги № 202 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген “Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышынын тартиби жөнүндө” Жобонун негизинде биринчи тараптан

____________________________________________________________________________

(ЖӨБ аткаруу органынын толук аталышы )

жана мындан ары “ жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы” экинчи тараптан _____________________________________________________________________________

( аты- жөнү фамилия, )

2016-жылдын 11-апрелиндеги № 202 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген “Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышынын тартиби жөнүндө” Жобонун, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин, Кыргыз Республикасынын админстративдик жоопкерчилик жөнүндөгү Кодексинин, Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “ЖӨБ органдарына айрым мамлекеттик укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-мартындагы № 145 токтому менен бекитилген салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышынын тартиби жөнүндөгү Типтүү жобонун 10-бөлүмүнүн 10.1 пунктуна ылайык төмөндөгү келишимди түзүштү:

2. Келишимдин предмети

2.1 ______________________________________району боюнча МСКБ

Төмөнкү мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берет:

_______________________________________________________________

(ЖӨБ органынын толук аталышы)

1) ыктыярдуу жана милдеттүү патенттердин негизинде салык жыйноо

2) 1.2.3 жана 4 топтогу мүлк салыгын жыйноо

3) жер салыгын жыйноо

4) рейддик контролдоону өткөрүү:

- салык органынан салык төлөөчүнүн салыкты төлөгөнүнүн жана каттоодо тургандыгын фактысын аныктоо;

- патенттин негизинде салык төлөөчүнүн салыкты төлөгөнүнүн физикалык көрсөткүчүн жана фактысын текшерүү.

5) салык кызматынын органдары менен бирдикте салык постторун орнотуу.

2.2. ________________________________________________________

(ЖӨБ аткаруу органынын толук аталышы)

жогоруда көргөзүлгөн мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууга кабыл алат.

3. Мамлекеттик органдын мамлекеттик ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүдөгү укуктары жана милдеттери

3.1. ____________________________________________________________ району боюнча МСКБ

( аймактык салык органынын аталышы)

Өз ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу ( мындан ары-ЖӨБ) органдарына өткөрүп берүүдө төмөнкү укуктарга ээ болот:

- ЖӨБ органдарын өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын боюнча көзөмөлдөйт;

- өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышы боюнча өз компетенциясынын чегинде милдеттүү аткаруу үчүн актыларды кабыл ала алат;

- өткөрүлүп берген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын жүргүзүүдө ЖӨБ органдары кетирген каталарды оңдоо боюнча кат жүзүндө эскертүү бере алат;

-2016-жылдын 11-апрелиндеги № 202 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген “Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышынын тартиби жөнүндөгү” Жободо бекитилгендей ( мындан ары-Жобо) ЖӨБ органдарынан мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу боюнча маалымат жана отчет сурап ала алат;

- Ушул келишимде бекитилген жана Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик айрым ыйгарым укуктарды ЖӨБ органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” мыйзамына ылайык мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу келишимин мөөнөтүнөн мурда токтотууну сунуштай алат;

3.2._____________________________району боюнча МСКБ

а) милдеттүү түрдө ____________________ айыл өкмөтүнө (мэрияга) берип турат:

- ар квартал сайын, кийинки отчеттук кварталдын мезгилинин башталышына 15 күн калаганга чейин райондук салык кызматынын башкармалыгында каттоодо турган мүлк салыгын, жер салыгын жана патенттин негизинде салык төлөөчүлөрдүн жана аталган салыктар боюнча карыздардын суммасы тууралуу;

- жыл сайын, 10-январдан кеч эмес, ыктыярдуу патент менен иштеген ишкерлердин тизмесин жана салыктын ставкаларын. Эгерде жыл ичинде патенттик негиздеги салыктын ставкалары жана ыктырдуу жана милдеттүү патенттин негизинде ишмердүүлүктүн түрлөрү кайра каралып өзгөрүлүшү тууралуу кабыл алынган чечимдерди, ал жөнүндө маалыматты 5 жумушчу күндөн кем эмес убакытта билдирүү;

- жыл сайын, ушул келишимдин 2-бөлүмүнүн 2.1 пунктунун 1.2.3. подпункттарында көрсөтүлгөндөй үстүдөгү жылдын 1-июнунан кеч эмес салык төлөөчүлөрдүн салык боюнча милдеттемелери тууралуу жалпыланган маалыматты берүү.

б) өз компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө милдеттүү:

- Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын чегинде мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну жүргүзүп жаткан ЖӨБ аткаруучу органына усулдук, уюштуруучулук, консультативдик жана башка тийиштүү жардамдарды көргөзүүгө;

- мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу милдети жүктөлгөн адистердин деңгээлин көтөрүү максатында керектүү окууларды өткөрүүгө;

- мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарылышына көзөмөлдү жүргүзүүгө.

-салык алынуучу обьекттерди каттоону жүргүзүүго байланыштуу келген каттарды өз убагында кароо үчүн айыл өкмөткө жана мэрияга жиберүүгө жана контролдоого.

4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруудагы укуктары жана милдеттери

4.1._____________________________________________________________________

(жергиликтү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын аталышы)

мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууда төмөнкү укуктарга ээ:

- мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууда мамлекеттик органдардан усулдук, уюштуруучулук, консультативдик жана башка жардамдарды алууга;

- өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткаруунун жүрүшүндө кеткен каталарды оңдоого мамлекеттик орган тарабынан кат жүзүндө берилген эскертүүлөрүнө соттук тартипте даттанууга;

- - Ушул келишимде бекитилген жана Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик айрым ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” мыйзамына ылайык мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу келишимин мөөнөтүнөн мурда токтотууга;

- салык алынуучу обьекттерди каттоо жүргүзгөн органдан райондук салык кызматы башкармалыгы аркылуу зарыл болгон маалыматтарды жазуу түрүндө алууга.

4.2. ____________________________________________________________________

(жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын аталышы)

өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарууда милдеттүү:

- өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарууну тийиштүү келишимге жана Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актыларына ылайык жүргүзүүгө;

- өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткаруунун бөлүгүнө байланыштуу мамлекеттик органдын тоскоолдуксуз текшерүүсүнө шарт түзүп берүүгө;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адистеринин кесиптик деңгээлин көтөрүү үчүн мамлекеттик органдар көрсөткөн окууларга жиберүүгө;

- өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткаруудагы кетирилген каталарды оңдоо боюнча салык кызматынын жазуу түрүндөгү эскертүүлөрүн аткарууга;

- Жобо менен бекитилген мөөнөттө өткөрүлүп берген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткаруунун жыйынтыктары боюнча мамлекеттик органга отчет берүүгө ;

- Салыктык укуктук мамилелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын так аткаруу жана ыйгарым укуктар боюнча салык жыйноонун айлык, кварталдык жана жылдык божомол пландарын сапаттуу аткарууга.

5. Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын адиси

5.1. Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган ЖӨБ аткаруу органынын адиси муниципалдык кызматкер болгондуктан, аны кызматка алуу жана кызматтан бошотуу муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

5.2. Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган ЖӨБ аткаруу органынын адиси өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, КР Салык Кодексин, КР Админстративдик кодексин, КР мыйзамдарын жана башка укуктук-ченемдик актыларын жетекчиликке алат.

5.3. Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу жөнүндөгү келишимде өткөрүлгөн мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган ЖӨБ аткаруу органынын адиси аткара турган айрым мамлекеттик ыйгарым укуктардын укук менен милдеттердин толук тизмеси көрсөтүлүшү керек

6. Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын отчет берүүнүн мөөнөтү жана формасы

6.1 ЖӨБ аткаруучу органы Жободо көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө өткөрүлгөн мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу боюнча аймактык салык органына маалыматтарды жана отчетторду берүүнү камсыз кылат.

7. Өткөрүлгөн мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарылышына мамлекеттик органдын көзөмөл жүргүзүүсүнүн тартиби

7.1. Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарылышын көзөмөлдөө (контролдоо) келишимдеги жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптардын сакталышын камсыз кылуу үчүн жүргүзүлөт.

7.2. ЖӨБ аткаруучу органынын мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарылышын көзөмөлдөөнү (контролдоону) мамлекеттик ыйгарым укуктуу салык органы __________ жана _________________________________ району боюнча МСКБ жүргүзөт.

7.3.Ыйгарым укуктуу салык органы жана _________________________________________ району боюнча МСКБ

(аймактык салык органынын аталышы )

- ЖӨБ аткаруучу органынын мамлекеттик ыйгарым укуктарды толук жана сапаттуу аткарылышына ,табылган кемчиликтерди жоюу үчүн эскертүү берүү укугу менен көзөмөл жүргүзөт;

- өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктар чөйрөсүнө тийиштүү укуктук ченемдик актылардын, ошондой эле ЖӨБ аткаруучу органына усулдук көргөзмө берүү аркылуу көзөмөл жүргүзөт;

- келишимде көрсөтүлгөн учурларда ЖӨБ аткаруучу органынын мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарылышын токтотуу жана учурдагы келишимди бузуу тууралуу жогору турган инстанцияга сунуш даярдайт жана киргизет;

7.4. Тийиштүү мамлекеттик орган ЖӨБ аткаруучу органынын мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарылышына көзөмөлдү төмөнкүдөй түрдө жүргүзөт:

-ЖӨБ аткаруучу органынын өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу ишмердүүлүгүн координациялайт;

- ЖӨБ аткаруучу органынан өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун жыйынтыктары тууралуу отчетту мыйзамда жана ыйгарым укуктарды өткөрүү келишиминде көрсөтүлгөн мөөнөттө жана тартипте кабыл алат;

- өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарын аткарууда ЖӨБ аткаруу органын ишмердүүлүгүнө текшерүү жүргүзөт;

- өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу боюнча ЖӨБ аткаруу органына сунуштама бере алат;

- ЖӨБ аткаруу органы кабыл алган чечимдерге мыйзамдуулук жана максатка ылайыктуулугуна баа берүү;

8. Келишимдин күчүнө кирүү жана аткаруу мөөнөтүнүн тартиби

8.1. Келишим ЖӨБ өкүлчүлүктүү органы (айылдык кеңеш) бекиткенден жана айылдык кеңештин келишимди бекитүү тууралуу токтому расмий жарыяланган күндөн кийин күчүнө кирет.

8.2. Ушул келишимдин аткаруу мөөнөтү 1 (бир) жыл.

Эгер тараптар учурдагы келишимдин аткаруу мөөнөтүн токтотуу боюнча билдирүү жасабаган учурда, келишим автоматтык түрдө ошол эле мөөнөткө, ошондой эле шарттарда узартылат.

9. Келишимди өзгөртүүнүн шарттары

9.1. Келишимге өзгөртүүлөрдү менен кошумчаларды киргизүү тараптардын макулдугу менен жүргүзүлөт.

9.2. Келишимге киргизилген өзгөрүүлөр менен кошумчалар ЖӨБ өкүлчүлүктүү органы (айылдык кеңеш) тарабынан бекитилиши керек жана айылдык кеңештин келишимге өзгөртүүлөр менен кошумчаларды киргизүү тууралуу токтому расмий жарыяланган күндөн кийин күчүнө кирет.

10.Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды токтотуунун негиздери жана тартиби.

10.1 ЖӨБ аткаруучу органына өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу төмөнкү учурларда токтотулушу мүмкүн:

- келишимдин аткаруу мөөнөтү бүткөндө;

- келишимди жараксыз деп тааныган соттун мыйзамдуу чечими күчүнө киргенден кийин;

- ________________________________________________ өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды мындан ары аткарууну токтотуу боюнча укуктук ченемдик акт кабыл алынса;

- мамлекеттик орган тарабынан өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды өз алдынча аткаруу ( келишимди мөөнөтүнөн мурда токтотуу) тууралуу чечим кабыл алынса;

- ЖӨБ аткаруучу органы өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруудан келишимде бекитилген шарттарда жана тартипте же Кыргыз Республикасынын “ЖӨБ органдарына айрым мамлекеттик укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө” мыйзамына ылайык баш тартса ( келишимди мөөнөтүнөн мурда токтотуу);

10.2. Мамлекеттик органдын же ЖӨБ аткаруучу органынын демилгеси менен өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн;

10.3. ЖӨБ аткаруучу органы өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну мөөнөтүнөн мурда төмөнкү шарттарда токтото алат:

- өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууда ЖӨБ аткаруучу органы таасир эте албаган мүмкүнчүлүктөр жок болуп калганда;

- өткөрүлгөн мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун жана берүүнүн шарттарынын өзгөрүшүнө карата укуктук ченемдик актылар кабыл алынганда ;

10.4. Мамлекеттик орган өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын мөөнөтүнөн мурда төмөнкү шарттарда токтото алат:

- мамлекеттик орган ЖӨБ аткаруучу органы өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарылышы мындан ары максатка ылайык келбей калган учурда, анын ичинен аткарылбай калганда же тийиштүү деңгээлде аткарылбагандыгын тааныганда;

-- өткөрүлгөн мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун жана берүүнүн шарттарынын өзгөрүшүнө карата укуктук ченемдик актылар кабыл алынганда;

10.5. Эгер өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды мөөнөтүнөн мурда токтотуу демилгеси бир тараптан болсо, анда демилге көтөргөн тарап мамлекеттик ыйгарым укуктар токтой турган болжолдонгон күнгө 15 жумушчу күн калганда башка тарапка жазуу түрүндө билдирүүгө милдеттүү.

10.6. Өткөрүлгөн мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотуу тууралуу билдирүүнү алган тарап, 15 жумушчу күндүн аралыгында аны карап чыгып, анын жыйынтыгы тууралуу башка тарапка маалымат бергенге милдеттүү.

Билдирүүгө башка тараптын макулдугу болгон учурда , өткөрүлгөн мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу тараптардын макулдашуусу менен токтотулат.

10.7. Билдирүүнү кароонун жыйынтыгы тууралуу жазуу формасында жооп жок болгон же 30 жумушчу күндүн аралыгында өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотууга башка тараптын макулдугу жок болгон учурда, өткөрүлгөн мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну мөөнөтүнөн мурда токтотуу маселеси соттук тартипте чечилет.

10.8. Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну ЖӨБ аткаруу органы токтоткон күндөн баштап ыйгарым укукту аткарууга берген мамлекеттик орган өзү аткарып баштайт.

10.9. Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотуу жана аткаруудан баш тартуу тууралуу ЖӨБ аткаруу органынын чечими ЖӨБ өкүлчүлүктүү органынын токтому менен бекитилет жана Кыргыз Республикасынын “ Кыргыз Республикасынын укуктук нормативдик актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык күчүнө кирет.

11. Тараптардын жоопкерчилиги

11.1. Келишимдин шарттарын тийиштүү деңгээлде аткарбагандыгы, укуктарын кемсинткени же материалдык жана моралдык зыян келтиргендиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.

11.2. Шаардын мэри ( айыл өкмөттүн башчысы) өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жана учурдагы келишимдин жоболорун так аткарууга жеке жоопкерчиликти алат.

12.Талаштарды чечүүнүн тартиби

12.1. Учурдагы келишимди аткарууда келип чыккан бардык талаштарды жана пикир келишпестиктерди тараптар өз ара сүйлөшүүлөр жолу менен же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык соттук тартипте чечишет.

13. Тараптардын даректери жана колдору

Келишимди толук документ катары жүктөп алыш үчүн шилтемеден өткүлө.