Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Узун Кыр айыл өкмөтүндөгү жыйындын аркасы менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу кандай колдоого муктаж экени билинди

2014- жылдын 12- мартында Ысык- Ата районундагы Узун-Кыр айыл өкмөтүндө чакан жыйын болуп өттү. Ал жыйынга өз каалоолору менен айыл тургундары,айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөттүн кызматкерлери жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү келишти.

Бул жыйынга "Коомдук иликтөө институту" коомдук бирикмесинин жетекчиси Рита Карасартовада чакырылып, айылдын маанилүү маселелерин, аны чечүүнүн кандай мыйзамдуу жолдору бар экенин, канткенде айыл элинин жашоосун жакшы деңгээлге жеткирсе болот деген суроолорду талкуулап, чогуу жооп издешти. Маалымат үчүн айта кетсек: Узун -Кыр айыл өкмөтү Бишкектен 18 км алыстыкта жайгашкан, 3 айылдан турат (Жер-Казар, Достук, Норус), 3810 адам жашайт, муниципалдык менчикке катталган 12 объектиси бар, республикадагы чакан айыл өкмөттөрдүн катарына кирет. Айыл кеңеши 11депутаттан турат. Бүгүнкү күндөгү айылдагы чечилбей келе жаткан көйгөйлөрдүн бири-бул "Чакан ГЭС-5" ачык акционердик коому ( ААК) ээлик кылып турган 163 га жер аянты. Бул жер аянтын 2001- жылы Ысык- Ата райондук мамлекеттик администрациянын токтому менен (көлдүн астындагы жана анын тегерегиндеги жерлер) 49 жылга «Чакан ГЭСтин» балансына өтүп кеткен (оперативдик башкарууга). Азыркы учурда "Чакан ГЭС-5" ААК бул жер аянттарын көпчүлүк бөлүгүн максатсыз пайдаланууда, көл жээгин өздөрү колдонбой башка мекемеге ижарага (субаренда) берип салышкан, андан тышкары каналдын жээгиндеги жерлерде "Кубат" багбанчылык коомун түзүп, дачага жерлерди бөлүп таратып, алардын жеке менчикке өтүп сатылып жаткандыгы айыл тургундарын тынчсыздандырып жатат. Себеби, айылдыктар жер участкаларын алып турак-жай куруу үчүн көп жылдардан бери кезекте туруп зарыга күтүп жүрүшөт. Мындай жагдайды калыс, туура чечүү үчүн айылдык кеңештен комиссия түзүлүп "Чакан ГЭС-5" АК жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Айылдыктар койгон пайдаланылбаган жер аянттарын кайтаруу талабына "Чакан ГЭС-5" ААК каршы эместигин билдиришкен. Бул иштер боюнча азыр соттук териштирүү жүрүп жатат, бирок өтө эле создугуп каралууда.

Ошондой эле, бул жерлерден айыл чарба багытындагы эмес салыгынан башка эч кандай салыктын түшпөй жатканы да кызыктырат. Себеби, " Чакан ГЭС-5 " жайкысын кандай эл арбын келген эс алуу жайы экендигин шаардыктар эле эмес, башка жактын адамдары да жакшы билишет. Ал жерде көрсөтүлгөн кызматтардан канча салык кайда түшөөрү айылдыктарга белгисиз бойдон калууда. Айылдыктар, бул салыктардын жергиликтүү салык катары айыл өкмөттүн бюджетине түшүүсүн каалашат, мында райондук бийликтин, өзгөчө салык кызматынын көмөк көрсөтүүсүнө үмүттөнүшөт.

Айыл аймактын жашоочулары өздөрү кызыккан көптөгөн суроо-маселелер боюнча кеп-кеңеш алмашуу үчүн "Коомдук иликтөө институту" коомдук бирикменин эскперттеринин катышуусунда узункырлыктардын айылдагы көйгөйлөрү, аны чечүүнүн жолдору, жасала турган биргелешкен аракеттер тууралуу кенен-кесири пикир алмашуу болду, мындан кызматташып маселелерди чогуу чечсек деген жыйынтыкка келишишти.

Алдыга койгон максаттарга жетүү үчүн бардык кызыкдар тараптардын биргелешкен ынтымактуу аракеттери, өз ара түшүнүүсү айыл калкынын жакшы жашоосуна өбөлгө болоруна жынынга келгендер ынанып кетишти.

P.S. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу институту бүгүнкү күндө юридикалык консультация менен бирге жасалып жаткан ишинде укуктук жолго турунун кандай жолдору бар жана кантип аны ишке ашырса болот, деген колдоого муктаждыгы бар экен.