Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Президент А.Атамбаев Жумгал районунун Көк-Ой айылдык кеңешин таркатып, жаңы шайлоону дайындады

Баракелде - Президент Алмазбек Атамбаев «КРынын жергиликтүү кеңешин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин Аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Жарлыкка ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы шайланбагандыгына байланыштуу, КР Конституциясынын 64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КР мыйзамынын 49-беренесинин 6-бөлүгүн жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР мыйзамынын 48-беренесинин 2-бөлүгүн жетекчиликке алуу менен, КРнын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын сунушу кабыл алынып, Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айылдык кеңеши таркатылды.

Жогоруда аталган жергиликтүү кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо жекшембиге, 2014-жылдын 14-сентябрына дайындалды.

Ошондой эле, КРнын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жогоруда аталган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органына мөөнөтүнөн мурда шайлоону КР мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.

Ал эми КР өкмөтүнө, мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүү үчүн зарыл финансылык каражаттарды КРнын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдарынын сметасына ылайык бөлүү, мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо боюнча чараларды көрүү милдеттендирилди.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

http://www.barakelde.org/news:77295/