Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Алыскы аймактарды кой, борбор калаа четиндеги Калыс-Ордо айылында мектеп жок,- депутат К.Осмоналиев

Баракелде - Алыскы аймактарды кой, борбор калаа четиндеги Калыс-Ордо айылында мектеп жок. Мындай маалыматты бүгүн, 2-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиев ЖК жыйынында билдирди.

Эл өкүлү Калыс-Ордодогу мектептин жоктугуна ушул жылды 14-майында болгон сапарында күбө болгондугун айтып, бул айылда 250 орундуу имаратта 1000 бала 3 алмашуу (смена) менен окуп жаткандыгын маалымдады.

Депутат, Калыс-Ордого болгон иш сапарында мектепке деп жер бөлүнүп, анын орду казылгандыгын көрүшкөнүн, эми айрым маалыматтар боюнча мектепке деген жерди бербей коюуга аракеттер болуп жатканын кошумчалады.

Ошондой эле, депутат К.Осмоналиев октябрдын биринчи жекшембиси – Мугалимдер күнү менен жалпы мугалимдер жамаатын куттуктап, өзү жетектеген Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин алдында түзүлгөн жумушчу комиссия билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысын көтөрүү боюнча иликтөө жүргүзүп бүтүп, Жогорку Кеңештин жыйынына киргизилгенин билдирди жана бул маселеге активдүү катышууга кесиптештерин чакырды.

http://www.barakelde.org/news:82032/