Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Талас районунун 5 айыл өкмөтүнө караштуу 9 айыл таза суу менен камсыз болду

Turmush - Талас районунун 5 айыл өкмөтүнө караштуу 9 айыл таза суу менен камсыз болду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Талас райондук мамадминистрациясынын биринчи орун басары Кубат Алапаев билдиргендей, АRIS программасынын «Айылдарды таза суу менен камсыздоо жана санитария-2» долборунун алкагында аталган айылдарда таза суу системасын жаңы куруу жана реабилитациялоо иштери жүргүзүлдү.

Маалым болгондой, ага 47 646 964 миң сомдук инвестиция тартылып, ал каражатка 86 даана колонка жана 19 597 метр суу түтүгү жаңыртылды.

http://www.turmush.kg/news:87389