Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Кадамжай шаарындагы 2 бала бакча оңдоп-түзөөдөн өтүп, пайдаланууга берилди

Turmush - Баткен облусунун Кадамжай шаарындагы №7 балдар бакчасынын 2-корпусу капиталдык ремонттон өтүп, пайдаланууга берилген. Кадамжай шаарынын вице-мэри Чынгыз Тагаевдин айтымында №7 балдар бакчасынын оңдоп-түзөө иштерине 544 миң сом акча каражаты жумшалган.

Мындан тышкары, №4 балдар бакчасынын ремонту аяктоо алдында турат. №4 балдар бакчасына жалпысынан 150 балага ылайыкташтырылып, жаңы эмеректер менен толтурулган. №4 Балдар бакчасынын оңдоо иштерине 4 млн 742 миң сом сарпталган.

Маалыматта кошумчалангандай, балдар бакчалары кышка даяр. Кадамжай шаарында 4 балдар бакчасы бар.

http://www.turmush.kg/news:87984