Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Сузак районунун Атабеков айыл аймагында суу пайдалануучулар Ассоциациясынын төрагасы шайланбай калды

Turmush - Бүгүн, 5-январда Сузак районуна караштуу Атабеков айыл аймагындагы суу пайдалануучулар Ассоциациясынын төрагасын алмаштыруу максатында жыйын өтмөк, бирок суу жетпегендер жана суу жеткендер эки жаат болуп, пикир келишпестиктер орун алгандыктан төрага шайланбай калды. Бул тууралуу Атабеков айыл аймагынын башчысынын орун басары Маматазис Ташиев билдирди.

Анын айтымында, бүгүн суу пайдалануучулар Ассоциациянын мүчөлөрүнүн чогулушунун чечими менен азыркы төрагасы Толкун Макамбаевды кызматынын бошотуу, жаңы төрага шайлоо максатталган. Бирок, жыйын башталбай жатып, эки тараптуу пикир келишпестиктер орун алгандыктан жыйын уланган жок.

«Мында 3 миңдей суу пайдалануучулар бар, алардан ар бир айылдан өзүнчө делегаттар келиши керек эле. Андай болбостон, топ-топ болуп келишип, пикир келишпестик орун алгандыктан, жаңы төрага шайланбай калды. Азыркы төрага февраль айында 2014-жылдын отчетун бере турган болду, ошондо бул маселе кайрадан каралмай болду», - дейт Маматазис Ташиев.

http://www.turmush.kg/news:102905