Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Нооруздан тараган ынтымак.

Жумгал районундагы Көк-Ой айыл аймагында Нооруз майрамына карата айыл тургундарынын жана мектеп окуучуларынын жардамы менен концерт өткөрүлдү. Көп жылдан бери бул айыл аймагы чыр чатактын аркасы менен ушундай салтанаттарды өткөрүлбөй келген. Айылдык кеңештин депутаттары жана айыл өкмөттүн кызматкерлеринин демилгеси менен Ноорузга арналган сый тамак уюштурулуп, ал чоң концерт менен коштолду. Концертте көптөгөн ыр-күүлөр аткарылып, ал 3 сааттан ашык созулуп, Көк-Ой айылынын жашоочуларынын көңүлүн көтөрдү. Келген күйөрмандар дагы концертке өз салымын кошуп, ыр ырдап, бий бийлеп кетишти. Айылдагы болуп жаткан абалга карабастан мектептин мугалимдер жааматы өз милдетин так аткарып келатканын дагы бир жолу далилдешти, анткени окуудан тышкары өнөрчүлүк өнүгүп турганын көрсөтүштү.