Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ЖАРЫЯ!!!

    «Коомдук иликтөө институту» коомдук бирикмеси (жетекчиси Карасартова Рита) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын кызматташууга чакырат жана төмөнкү кызматтык жардамдарды көрсөтө алат:
    - АЖМФнын жерлеринин келечек пландарын түзүү, ал жерлерге аукцион, конкурс өткөрүүгө даярдык көрүп документтерди топтоого көмөктөшүү жана өткөрүү;
    - Муниципалдык менчиктеги мүлктүү жана жерлерди аукцион жана конкурс аркылуу ижарага берүүгө, сатууга даярдык көрүп документтерди топтоого көмөктөшүү жана өткөрүү;
    - Айылдык кеңештерге юридикалык жана практикалык жардам көрсөтүү;
    - Туруктуу комиссиялардын жыйынын жана айыл кеңештин сессияларын өткөрүүгө жардам көрсөтүү;
    - Сот, прокуратура жана башка укук коргоо органдарынын ишине байкоо жүргүзүнүн негизинде укуктук жактан жардам көрсөтүү;
    - Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук негиздери, бюджет, салык, муниципалдык менчик, конфликти чечүү боюнча окуутуу тренингтерди өткөрүү;
    - Жергиликтүү маанидеги чыр чатактарды иликтөө жана медиация (чечүү жолдорун табууга көмөктөшү);
    - Жана башка жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча маселелерге консультация берүү.