Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Кенжебек Бокоев: “Айыл өкмөт башчылары каржы министрлигин айланчыктап жүрбөш керек”
Ушул 2017-жылдын 10-мартынан 31-мартына чейин өлкө аймактарында парламенттик угууларды өткөрүү планынын алкагында бүгүн, 22-мартта Ош областында “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына сунушталган өзгөртүүлөр боюнча иш чара өтүүдө. Жыйынга ЖК вице-спикери Данияр Төлөнов, мыйзам демилгечиси, депутат К.Бокоев баштаган эл өкүлдөрү К.Зулушев, Э.Токтошев, Б.Ибраимжанов катышууда. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.

“Жергиликтүү кеңеш депутаттарынын статусу, жергиликтүү бюджеттин көлөмүн жогорулатуу иштери колго алына баштады. Алды 2-3 эсеге жогорулады. Таза суу, турак-жай маселелери айылдарда да иретке салыш керек. Айыл өкмөт башчылары каржы министрлигин айланчыктап жүрбөш керек. Бул үчүн каржылоо маселесин борбордон ажыратуу (децентрализациялоо) керек”,- дейт демилгечи депутат Кенжебек Бокоев Ошондой эле ал азыркы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан мыйзам долбоорунун чегинде 7 областты түрө кыдырып талкуу уюштурулуп жаткандыгын билдирди.

ЖӨАБнын өз алдынча экономикалык жана финансылык негиздери боюнча түшүнүгүн бириктирүү негизсиз. ЖӨАБнын экономикалык негизи кызмат көрсөтүү жана экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн жергиликтүү бийликтердин базасын аныктайт. ЖӨАБнын финансылык негизи ЖӨАБны каржылоонун булактарын белгилейт. Ошондуктан мыйзам долбоорунда ЖӨАБнын экономикалык жана финансылык негиздери түшүнүгү өзүнчө ачыкталган.

Ошондой эле ЖӨАБ органдарынын экономикалык ишинин максаттарын эки жактуу чечмелөөнү четтетүү максатында 62-беренеге өзгөртүү киргизилет.

Экинчи жагынан, ЖӨАБнын муниципалдык менчигин жана акча каражаттарын аныктаган “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык-экономикалык негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын нормалары (17-18-беренелер) колдонуудагы ченемдик-укуктук актыларда кайталагандыгынан улам олуттуу мааниге ээ эмес. Ошондуктан аны “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына киргизүү сунуш кылынган жок.

Жаратылыш ресурстары жөнүндө норма жер казынасы, аба мейкиндиги, суу, токой Кыргыз Республикасынын гана менчиги болуп санала тургандыгын белгилеген Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 12-беренесине жана Кыргыз Республикасында бардык жер казынасынын фондусу болуп санала тургандыгын аныктаган “Жер казынасы жөнүндө” КР Мыйзамынын 10-беренесине ылайык келтирилген. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жерге гана ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугуна ээ. Башка жаратылыш ресурстары мыйзамдарга ылайык алардын карамагына өткөрүлүп берилиши мүмкүн. Ошондуктан аталган берененин аталышын жана маңызын өзгөртүү сунуш кылынат.

Жолугушуунун жүрүшүндө эл өкүлү К.Бокоев айыл өкмөт башчыларын түз шайлоонун артыкчылыктарын түшүндүрүп берди. Ошону менен катар жергиликтүү башкаруу органдарынын ишин ыгы жок текшерүүлөрдү жөнгө салуу боюнча бир катар укуктук-ченемдик актылар кабыл алынып, ишке аша баштагандыгын кошумчалады.

Кошумча маалымат учун шилтемени баскыла.