Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын айылдарын таза суу менен камсыздоо пландалууда
Кечээ, 4-сентябрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин кезектеги жыйыны болду. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.

Жыйында «Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Айылдарды туруктуу таза суу менен жабдуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү” долбоорун кошумча каржылоо жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругунун долбоору жөнүндө» маселе каралды.

Ичүүчү суу менен камсыз кылууну жана агындылоону өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошевдин айтымында, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын каржылоосу менен Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын тандалып алынган айылдары таза суу менен камсыздоо иш-чаралары жүргүзүлөт. Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан 38 жылга жеңилдетилген мезгил аралыгын эске алуу менен каржылык насыя берилет. Долбоордун баасы 43,2 млн АКШ доллары (Гранттык бөлүгү – 16,2 млн АКШ доллары (45%), насыя бөлүгү – 19.8 АКШ доллары (55%), КР Өкмөтүнүн кошо каржылоосу – 7.2 млн АКШ доллары). Пайыздык чени 0.75%.

Комитет мүчөлөрү айылдарды таза суу менен камсыздоо маселесин ыкчамдатуу зарылдыгын белгилеп, аталган маселени ар тараптан колдоого даяр экендиктерин билдиришти.

Жыйынтыгында бул маселе комитет мүчөлөрү тарабынан жактырылды.

Толук маалымат щилтемеден алаласынар.