Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Сокулуктун Жаӊы-Жер айыл өкмөтүндө бирдиктүү терезе системасы ишке кирди (фото)

Turmush - Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жаӊы-Жер айыл өкмөтүндө мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу максатында бирдиктүү терезе системасы ишке киргизилди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл өкмөт башчысы Мирлан Жекшенов билдирди.

«Мурда ар бир адис өзүнүн кабинеттеринде отурчу. Элдер ар бир кабинетке киргиче узун кезекке да туруп калышчу. Биз бюрократияны азайтып, элге ыӊгайлуу жана жеӊил шарт түзүп берүү максатында ушул бирдиктүү терезе системасын ишке киргиздик. Мындан ары жарандар бир кабинеттен бардык адистерден тез жана сапаттуу кызматтарды алууга мүмкүнчүлүк алышат.

Бул иш жеке демөөрчүлөрдүн колдоосу менен ишке ашырылып, эки кабинетти коштук. Учурда бирдиктүү терезе системасында 7 адис элге кызмат кылууда. Бул адистер эӊ керектүү, эӊ негизги адистер. Тактап айтканда, салыкчы, жер адиси, социалдык кызматкер жана башкалар», - деди ал.

Жаӊы-Жер айыл аймагында каттоодо 9 миңден ашуун тургун бар.

Подробнее по ссылке