Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Элеттен кеп. Мактанууга акым бар! 90% дотацияда отурган Кара-Суу айыл өкмөтүнүн ийгилиги
Руслан Бекназаров фейсбук баракчасына Мактанганууга акым бар! деп 90% дотацияда турган Кара-Суу айылы туурасында жазган.

Мактанганууга акым бар! Ынтымактуу, мээнеткеч, кайраттуу элим менен сыймыктанам. Кара-Суу айыл өкмөтү 90%дотацияда отурган өкмөт. Себеби, бизде жер өтө тар. Суулуу үлүш 3 жанга 1 сотых тийген жер. Бирок, бул каражаттын аздыгы биздин кол куушуруп отурууга негиз эмес. 1 жылга жетпеген аралыкта көптөгөн ийгиликке жетиштик деп ойлойм (кененирээк күз айларында элдик курултайда 1 жылдык элге берчү отчетумда айтылат). Аз каражат болсо дагы сарамжалдуу, багыттуу, таза колдонсоң Жараткан берекесин сөзсүз берет.

АРИСтин жардамы менен алган техникабыз менен көптөгөн иштерди бүтүрүп жатабыз. Аймагыбыздын башында жайгашкан керемет Кара-Камыш көлүбүзгө туристтерди тартуу максатында 15 км жолду бир сыйра оңдоп келдик. Негизги жолубуздун 4 км чакырымы асфальтанып бүткөн болсо, 20 км аралык капиталдык ремонттон өтүүдө. ДЭП ишканасы техникага жардам көрсөтүүдө. ДЭПке бөлүнгөн каражаттын аздыгынан алардын да айласы куруп келет. Чыгымдары Кара-Суу айыл өкмөтү тарабынан жабылууда. Көптөгөн жылдардан бери тазаланбаган чоң алыштын баштары ачылып, элдин ынтымагы менен, өкмөттүн колдоосу аркылуу оңдолууда.

Аз каражатыбызга Жараткан береке берип, бай айыл өкмөттөрдөн артта калбай, ашса ашып иштеп жаткан учурубуз.

Жол, суу негизги маселе..!!!!!

PS: башында эскерткем МАКТАНУУГА АКЫМ БАР!