Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Кетмен-Төбө: өз киндигин өзү кескен айыл
Токтогул районунун борборунан 38 чакырым жерде, тоолуу аймакта жайгашкан Бел-Алды айыл аймагынын тургундары 50 чакырым аралыктан өз алдынча суу түтүгүн тартып, айылга таза суу чыгарып алышты.

Мамлекеттин жардамынан үмүт үзгөн айылдын жашоочулары буга чейин ашар жолу менен айыл өкмөттүн административдик имаратын жана оорукана курушкан.

Тоо башындагы булактын суусун айылга жеткирүү оңой болгон жок. Техника бара албаган жерлерди айылдыктар биригип, колдоруна кетмен-күрөк кармап казышты.

Үйлөрүнө суу келгенден кийин кара күч менен жасалган түйшүк унутулуп, азыр тургундар таза суу ичип калышты.

Айыл тургуну Мидин Шыланбаев артта калган кыйынчылыктарды мындайча эскерди:

- Элдин баары аты, эшеги менен канистрлеп суу ташып кыйналчу. Ал күндөрдү эстесек, зээним кейийт. Азыр алардын баары артта калды десек болот. Ар бир короодон таза суу чыгып, айрымдары үй ичине ысык суу да орнотуп алышты. Мындайча айтканда, элдин турмуш шарты жакшырып, сүйүнүп эле калдык.

Бел-Алды союз мезгилинде айыл катары түзүлгөндөн бери таза суу жок болчу. Үч айылдан турган 4 миң 600 адам агын суудан ташып ичип келген. 2016-2017-жылдар аралыгында 52 чакырымдагы таза суу түтүктөрү элдин күчү менен тартылды.

Айыл өкмөттүн башчысы Таалайбек Жайылов буларга токтолду:

- Таза суу боюнча долбоор жасалып жатканда анын адистери айылга келип, 1,5 млн. сомго таза суу чыгаруу боюнча долбоор даярдап, аны аткарууга 30 млн. сом каражат керек экенин билдиришкен. Биз андан баш тартып, кагазга кете турган 1,5 млн. сомго жетпеген каражатка эле үч айылга таза суу чыгарып алдык. Бул жерде чыныгы мээнет элдики болду. Бир жарым жыл ичинде казуу иштери менен алек болуп, өз эмгеги менен суу чыгарып алышты. Азыр ар бир короодон таза суу чыгып турат. Азырынча жергиликтүү бюджеттин каражаты тартыш болгондуктан өз карамагыбызга ала элекпиз. Айылдыктар үч кишини дайындап, аларга ай сайын ар бир үй-бүлө 100 сомдон чогултуп берип турат. Ал каражатка бузулган тетиктер оңдолуп, өздөрү маяна алып турушат. Азыр эми үйүндө карыган адамы бар үй-бүлөлөргө үй ичине канализация тартып, даараткана куруу жөнүндө сунуш берип жатабыз.

Айыл өкмөтүнүн жаңы китепканасы.

Бел-Алды, Сары-Сөгөт, Булак айылдарынан куралган Бел-Алды айыл өкмөтү облустун борборунан 320, райондон 38 чакырым алыстыкта, тоо коюнунда жайгашкан.

Жергиликтүү бийликтин 1,5 млн. сомдук жылдык бюджети жер жана мал салыгынын эсебинен түшөт. Мындан башка киреше булагы жок айыл өкмөт республикалык бюджетти күтүп отурбай, айылдагы социалдык объектилерди да ашар жолу менен бүтүрүп жатат. Буга чейин айыл тургундары фин тибинде курулуп, жараксыз абалга келген айыл өкмөттүн административдик корпусун да элдин жана мигрант жаштардын салымы менен курушту.

- Элдик жыйында чечим кабыл алып, кулайын деп калган эски айыл өкмөттүн имаратын ашар жолу менен курууну чечкенбиз. Анын пайдубалын айыл өкмөттүн кызматкерлери, аппаратыбыз менен куюп бердик. Дубалын айылдыктар өз күчү менен тургузушту. Чатырын болсо классташ балдарым салым кошуп жаап алдык. Ал эми ички бөлмөлөрүн айылдын мигрант балдары бөлүп алып, евро ремонт жасап беришти. Тургундар тамак-ашын, жармасын көтөрүп келип, ушул жерде тыным албай иштеп жатышты, - деди Бел-Алды айыл өкмөтүнүн башчысы Таалай Жайылов.

Айыл өкмөтү.

Союздагы колхоздун кеңсеси айылдыктарга амбулатордук оорукана катары кызмат көрсөткөн. 1992-жылдагы жер титирөөдөн кийин эски имарат жараксыз болуп калган.

Бирок 22 жыл бою авариялык имарат медициналык пункт катары иштеп турду. 2014-жылы гана ашар жолу менен кайрадан жаңыдан салынган. Айылдык кеңештин төрагасы Жаанбек Боронбаев буларды айтты:

- Айыл өкмөт 80% дотацияда турат. Социалдык объекттерди курууга каражат жок. Айыл өкмөттүн имараты, оорукана боюнча буга чейин далай жолу жогорку бийликке кайрылуу түшкөнү менен орундалган эмес. Республикалык бюджетти карап отурбай, эл өз күчүбүз менен эле баштап жибердик. Оорукананын абалы чынында абдан начар болчу. Аны да айылдыктардын жардамы менен кайрадан оңдоп бүтүрдүк. Имарат ичин жылуулоого долбоор жазып, ал аркылуу ишке ашып жатат. Буюрса, амбулатордук оорукана да жакынкы күндөрү ишке берилет.

150 орундуу айылдык клубдун иштей баштаганына да аз эле убакыт болду. Союздан калган эски имарат да демөөрчүлөрдүн жана элдин салымы менен оңдолду. Мындан сырткары долбоорлордун жана элдин салымынын негизинде эки көчөгө жарык берилип, жолдорго шагыл төшөлгөн.

- Токтогул районунун атайын фондунун жана демөөрчүлөрдүн эсебинен былтыр негизги эки көчөнү оңдоо иштери жасалып, түнкү чырактар орнотулду. Толук жана Сары-Камыш айылдарына да биздин жол аркылуу өтүшөт. Транспорт министрлигинин карамагындагы жолдун 2 чакырымы асфальтталды. Кийинки жылы дагы улантуу пландалууда. Бюджетти көтөрөлү десек, айыл трассадан 20 чакырым алыстыкта тоо арасында жайгашкан. Кытайлык инвесторлор менен "кирпич заводун куралы" деп макулдашсак, "жол узак" деп, чыгымына келгенде баш тартып коюшту. Бизде жагдай ушундай, - деди Жаанбек Боронбаев.

Айыл борборуна быйыл ачык жана жабык типтеги эки спорт зал салынды жана көчөгө шаардагыдай чоң экран орнотулган. Анда айылдыктарга жергиликтүү жаңылыктар менен жаратылыш пейзаждары көрсөтүлүп турат. Балдары бала бакчаны билбеген айылдыктар жакынкы күндөрү анын имаратын да өз алдынча тургузууга бел байлашты.

Толук маалымат шилтемеде