Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Аалы Карашев, КСДП фракциясынан ЖК депутаты: «Контрабанданын кесепетинен аябай көп салыктар түшпөй калып жатат»

Аалы Азимович, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин маалыматы боюнча, Кыргызстандагы айыл өкмөттөрүнүн 88 пайызы дотацияда экен. Бул өтө эле көп эмеспи?

— Биз өз алдынча башкаруу системасын реформалоону баштаганыбыздан бери жыйырма беш жылга чукул убакыт өттү. Бүгүнкү кңнгө чейин дотациядагы айыл өкмөттөрүн азайтуу боюнча көп аракеггер болуп келатат. Дотациядагы айыл өкмөттөрү 88 пайызга чейин жеткен учурлар болгон. Эсимде, 472 айыл өкметү бар болчу, ошолордун 87-88 пайызы дотацияда эле. Мына, 23 жыл болду, ушунча мезгилдин ичинде алардын санын азайтсак болмок. Тилекке каршы, бүгүн 82 пайызы дотацияда. Бул цифра албетте, жыл сайын өзгөрүп турат. Кээ бир айыл өкмөттөрү чыгып атса, кээ бирлери кайра кирип кетет.

— Былтыр мисалы, төртөө чыгыптыр.

— Кээ бир айыл өкмөттөрүнүн аймагынан кен байлык чыгып калса, ошондон түшкөн салык менен дотациядан чыгып кетет. Анысы эртең иштебей токтоп калса, кайра эле дотацияга кирип кетет. Менин оюмча, өкмөт бул маселенин үстүндө жеринде системалуу, максаттуу жумуш алып барышы керек. Ар бир айыл өкмөттүн мүмкүнчулүгүнө жараша программаларды иштеп чыгып, ички жана сырткы инвестицияларды тартып, жумушчу орундарын түзүү керек. Ар бир айыл өкмөттө жок дегенде бирден ишкана ачылса жакшы болмок. Жумушчу орундары да түзүлмөк, салык да түшмөк.

— Өкмөт башчы айыл өкмөттөрүн дотациядан чыгаруунун аракети катары салыктардын 70 пайызы жергиликтүү бюджетке кала баштаганын жана 2020-жылдан 1-январынан тарта мектептерди республикалык бюджетке өткөрүүнү айтты. Кандай деп ойлойсуз, бул чаралар дотациядагы айыл өкмөттөрүнүн санын азайта алабы?

— Ооба, салыктардын бир түрү калат. Бирок, экинчи жагынан айыл өкмөтүндө чогулта турган эмне бар? Жер салыгы бар да. Кээ бир айыл өкмөттөрүнө жер салыгын жүз эмес, жуз элүү пайыз калтырсаң да өзүн-өзү актай албайт, эч нерсе өзгөрбөйт. Ошон үчүн салыктарды калтырбай, мүмкүн республикалык маанидеги салыктан акча бөлүү керектир? Бирок, бул кайра эле дотация болуп калат. Ишканасы бар айыл өкмөттөр болсо жардам бериши мүмкүн, бирок, дээрлик көпчүлүгүндө өндүрүш жок болуп атпайбы. Эми мектептер боюнча. Мен бир тарыхты айтып берейин. Биз эмне себептен өз алдынча башкаруу реформасына барганбыз? Мен өзүм да буга түздөн-түз катышып калдым. 1991-жылы союз тарады. Пландуу иштеген биздин чарбалар бар болчу, алардын карым-катнаштары үзүлдү. 1993-жылы реформа башталгандан кийин баары таланды. Мүлктөрдү, малдын баарын бөлүп алдык. Кашарларды пайдубалына чейин бузуп кеттик. Бул эмнеден болду? Чарба жүргүзө турган кожоюн жок болуп калды. Айылда кандайдыр бир мамлекеттик түзүм керек болгон. Ошон үчүн 1996-жылы 20-марттагы президенттин жарлыгы, 24-апрелдеги өкмөттүн токтому менен айыл өкмөттөрү түзүлгөн. Биз бүт айылдарды кыдырып, эмнебиз калды, эмнебиз калган жок деп баарын инвентаризация кылып чыкканбыз. Анан ноябрь айында ошону «коммуналдык менчик» деп туруп айыл өкмөттөрүнүн балансына өткөрүп бергенбиз. Аларды каржылаш үчүн үлүшкө таратуудан калган 25 пайыздык мамлекеттик жер фондусун «ижарага бересиңерби, же өзүңөр иштетесиңерби, айтор, түшкөн акчага мектептерди, бала бакчаларды, ооруканаларды каржылагыла» деп айыл өкмөттөргө бергенбиз. Ошондуктан, мен мектептердин республикалык бюджетке берилишин анчалык туура көрбөйм. Анда баарын эле алып кете берели. Бүгүн мектептерди, эртең ооруканаларды, бүрсүгунү балдар бакчаларын. Бирок, орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт дегендей, баары бир элдин акчасы кететда. Салыктын эсебинен каржыланат. Баарын эле республикалык бюджетке ала берсек, анда айыл өкмөттөр эмне кылат? Алар жеринде жоопкерчилик алып иштеш керек да. Республикалык бюджетке ала берген — бул дотациядан чыгаруу эмес. Дотациядан чыгаруу үчүн ошол жерге ишканаларды ачып, жумуш орундарын түзүп, инвестиция тартуу керек.

— Расмий эмес маалыматтар боюнча, биздеги көмүскө экономика 40 миллиард сомдун тегерегинде экен. Миллиондогон сомдук товар айлануусу болсо да бюджетке салык төлөбөгөн ишканалар бар экенин жакында эле «Азаттыктын» журналисттери иликтеп чыгышты. Муну жөнгө салүүнун жолун эмнеден көрөсүз?

-Жаңылышпасам, 2012-жылы Бүткүл дүйнөлүк банк иликтөө жүргүзүп, Кыргызстанда экономиканын 40 пайызга жакыны көмүскөдө деген тыянакка келишкен. Өзүбүздүн улуттук статистикалык комитет 25 пайыз деп айтып атат, бирок, менимче, андан көп. Бизде бир-эки жолу капиталды легалдаштыруу боюнча аракеттер болду. Бирок, тилекке каршы, бирин-экин гана кишилер ошондой кадамга барышты. Себеби, ишенич жок. «Ачыкка чыксак эртең укук коргоо органдары артыбыздан түшүп алышат» деп чочулашат. Ошондуктан, биринчи кезекте реалдуу иштей турган легалдаштырууга барышыбыз керек. Элге түшүндүрүп, ынандырып, керек болсо мыйзам менен бекитип беруу зарыл. Экинчиден, салык системасында ачык-айкындуулук керек. Салык системасын автоматташтырабыз деп 20 жылдан бери айтып келатабыз, бирок, такыр эле анын аягына чыга албай койдук. Ошону аягына чыгырыш керек. Салыкчы келип «теле» деп айтпай турганга жетишүү зарыл. Башка өлкөлөрдөн көрүп атпайбызбы, телефон менен эле төлөп коёт. Салык багытында бизде абдан чоң потенциал бар, мунун үстүндө максаттуу иштеш керек. Текшерип, камап, жалгыз карателдик ыкма менен эмес, жанагындай жолдор менен. Легализация кылалы, электрондук эсептешүүгө өтөлү. Азыр контрабанданын кесепетинен аябай көп салыктар түшпөй калып жатат. Мисалы, улуттук статкомдун маалыматы боюнча Россия Федерациясынан бизге кирген\ товарлар 1 млрд. 230 млн. долларды түзгөн. Ошол эле учурда БУУнун статистикасы 1 млрд. 390 млн. долларлык товар кирди деп берип атат. Айырма 160 млн. (!) доллар. НДСтен эле 20 млн. долларды (1,5 милиард сом) жоготуп атабыз. Ошондуктан, чек арадан баштап эле көзөмөл орнотуп, товарларды электрондук байкоого алуу керек.

Аттокур ЖУМАЕВ

БУЛАК: Азияньюс