Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Үсөналиев: жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жетим балдарга көңүл бурбай жатат

Билим берүү жана илим министрлигине караштуу мектеп, мектепке чейинки, мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Марат Үсөналиев балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары чоң шаарларда калууга ынтызар экендигин айтты.

Өлкөнүн бардык аймактарында балдар үйлөрү бар. Анда томолой жетим же ата-энесинин бирөөсүнөн айрылган балдар тарбияланышат. Бирок мындай мекемелерге жергиликтүү бийлик тиешелүү көңүл бурбай жатат. Бул тууралуу Марат Үсөналиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, район, облус жетекчилери кичи мекенинен кеткен балдар үйүнүн тарбиялануучуларын кайра кайтарууга кызыкдар болушу керек.

"Балдар үйүнүн тарбиялануучулары бүтүрүп кеткен соң жаман иштерге аралашып жатканы абдан көйгөйлүү маселе. Аларды иш, турак жай менен камсыз кылып, билим берүү бир гана тиешелүү министрликтердин милдетинде калбашы керек. Бул багытта ошол балдар туулуп-өскөн жердин аткаминерлери да кайдыгер карабай көмөктөшүүгө тийиш. Бул балдар — мамлекеттин келечеги. Жергиликтүү бийликте отургандарды ал балдарды окууну бүткөндө кайра аймакка кайтарып, жашоо-шартын түзүп берүүгө көмөктөшүүгө милдеттендирүү зарыл", — деди педагог.

Ал ошондой эле учурда кыргыз коомунда мигрант ата-энелердин балдары түрдүү запкыларга көп кабылып жаткандыгы, бул маселеге да жергиликтүү бийликтин көңүл буруу зарылдыгын кошумчалады.

Толук маалымат шилтемеде