Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин трансформациялоо укугун жергиликтүү бийликке берүү сунушталды

18-майда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү боюнча комитет «Инвестицияларды колдоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Бул мыйзам долбооруна ылайык, асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин жана башка жерлерди курулуш сыяктуу бөлөк багытка трансформациялоо укугу райондук админстрацияларга берилет. Мыйзамдын демилгечилеринин бири, парламент депутаты Абдывахап Нурбаев бул мыйзам ишке кирсе аймактарга ишканаларды ачуу, инвестиция тартуу жеңил болорун билдирди. Депутаттын айтымында, учурда айыл жеринде ишкана салууда жер алуу маселеси өкмөттөн чечилгендиктен бюрократиялык тоскоолдуктар көп болуп жатат.

Талкууда депутат Мирлан Бакиров жерлерди трансформациялоо маселесине катуу көзөмөл зарыл экенин, айылдагы жерлерди инвентаризациялоо керек болорун белгиледи. (TSh)

Толук маалымат шилтемеде