Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары үчүн семинар: «Муниципалдык менчикти натыйжалуу башкаруу кандай болуш керек» Ош шаары 21 -22 май 2013 жыл

Ош шаарында «Муниципалдык менчикти натыйжалуу башкаруу кандай болуш керек» деген жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары үчүн семинар өттү. Бул семинар Дүйнөөлүк банк жактан колдоо көрүп «Бюджеттик билим жана маалыматка жетуу» долбоорунун алкагында өткөрүлүп «теңди тең» окутуу деген ыкма колдонулду.

Өткөрүү жери: Ош шаары, Кыргызстан

Өткөрүү датасы: 21-22 май 2013 жылы.

Жыйындын максаты:

Бул Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларынын регионалдык семинарынын максаты Кыргыз Республикасынын Айыл Аймактарынын башчыларын бир иш тообуна кошуп, аларга муниципалдык мүлк менен натыйжалуу башкаруудагы болгон тажрыйбаны алмашууга шарт түзүп берүү болгон. Кээ бир айыл өкмөт башчылары өз тажрыйбасын айтып берип, кандай натыйжага жеткенин кеңири түшүндүрүп, башка кесиптештерине профессионалдык деңгелин көтөрүүгө шарт түзүлдү.

Жыйындын мазмуну: Силер билгендей, бул долбордун алкагында ЖӨБ Тутуму иш топторду калыпташы керек. Мындан мурун ЖӨБ Тутумунун алкагында иштеп жаткан фимнансистердин тутумун калыптандырып келген. Эми ошондой эле иш айылдын башчылары менен дагы өткөрүлдү. Ош шаарына түштүк өөрөндүн Баткен, Жалал Абад жана Ош облустарынын айылдык аймактарынын башчылары чогулуп, №№№№ деген маселени талкуулашты.

Ушул семинардын алкагында семинардын катышучулары жергиликтүү бюджетин көбөйтүп, натыйжалуу аны колдонуп келе жаткан Ош облустунун Өзгөн районунун Саламалик Айылдык аймагынын жана Жалал Абад облусунун Базар Коргон районунун Сейдикум айылдык аймактын тажрыйбасы менен танышышты.

Ош облустунун Өзгөн районунун Саламалик айылдык аймагынын тажрыйбасы:

Айыл өкмөтүнүн аймагында 3 карьер жайгашкан. Бул аймакта башка жеке киришелери аз болгондугуна байланыштуу, айыл өкмөтү карьерлерди туура пайдалануу аркылуу кирешени кобойтүү жөнүндө чечим кабыл алышкан. Ошентип 2012-жылы салык пост орнотуп, ошонун натыйжасында жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү көбөйгөн.

2012-жылга жалпысынан 1,926 миң сом жеке кирешелер пландаштырылган. Жылдын жыйынтыгы менен жеке кирешелер 4,313 миң сомго аткарылган. Анын ичинен:

 Сатуудан түшкөн салык 570 миң сомго пландаштырылса, 814 миң сомго аткарылды;

 Роялти салыгы 50 миң сомго пландаштырылса, 706 миң сомго аткарылды;

 Жердин ижара акысы 155 миң сомго пландаштырылса, 898 миң сомго аткарылды;

 Жалпысынан карьерлерден пландаштырылган 775 миң сомдун ордуна 2,418 миң сом киреше кирди.

2013 жылга карата жеке кирешелер 5,389 миң сомго пландаштырылган болсо, карьерлердин эсебинен 8 млнго чейин көбөйтөбүз, деп жатабыз, деген ой менен өз сөзүн айактады. Катышучулар айыл аймактын жетекчисине өз суролорун узатып, көп деген маселелерди тактап алышты.

Экинчи өз тажрыйбасын Жалал Абад облусунуна карашту, Базар Коргон районунун Сейдикум айылдык аймагынын жетекчиси өз кесиптештерине кеңири айтып берди.

2011-жылы 25-ноябрда Сейдикум айылдык кенеши муниципалдык менчикти тактоо боюнча комиссия түзүү жөнүндө Токтом кабыл алды.

Тузулгон комиссия Кыргыз Окмотунун 1996-жылы 11 ноябрда №531 Токтому менен бекитилген. Сейдикум айыл окмотуно бекитилген муниципалдык менчиктин тизмесин тактады. 2002-жылы жүргүзүлгөн жалпы мамлекеттик каттоонун маалында Сейдикум айыл өкмөтүндө каттоодон өткөн муниципалдык менчиктин реестири такталды.

Комиссия муниципалдык менчик болуп кирбей калган менчик объекттилерин, бош жаткан жерлерди аныктап, атайын тизме тузуштү. Жерлер боюнча жеке жана мамлекеттик болуп катталбаган жерлерди кимдер жана канча убактан бери пайдаланып жатканын такталган. Такталган муниципалдык менчик объекттилери сессияда каралып, бекитилген.

Жыйынтыгында 38 даана муниципалдык объект, 88 га жер аныкталган, анын ичинде бош жаткан 36 жер тилке табылды, жалпы аянты 18,7 га жерге барабар.

Жыйындын иш форматы «теңди тең» окутуу болду. Бул кандай бир тажрыйбаны талкуулап, ошол тармакта кандай көйгөйлөр бар, кандай мыйзамдар бузулуп жатканын кызуу талкулашып, кандай жол менен бул маселени чечебиз деген суролор көтөрүлдү.

Ушул талкуунун негизинде салыктарды кантип жергиликтүү бюджетке түшүшүн көбөйтөбүз, муниципалдык менчикти кантип натыйжалуу башкарабыз, жергиликтүү бийликтин башкаруусундагы жерлерди кантип натыйжалуу башкарып, ушул активдерди каражатка айлантабыз деген маселеллер кеңири талкууланды.

Мисалы салыкты көбөйтүү жолу деген суроого кийинкидей сунуштар берилди.

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу ЖӨБ органдарынын салык кызматкерине жергиликтүү салыктарды жана жергиликтүү бюджетке толугу менен түшкөн салыктарды администрациялоо укугун өткөрүп берүү керек;

2. ЖӨБ органдары өз салык потенциалын тейлей алышпай калышкан, ошондуктан бул ишти толугу менен ЖӨБга бериш керек;

3. Жер салыктын ставкасы 1997 жылдан бери өзгөргөн эмес, ошондуктан салык ставкасын көтөрсө болор эле, ал ар бир адамга анча күч келбейт эле;

4. 2013 жылда сатудан түшкөн салыкты жана киреше салыкты жергиликтүү жана республикалык бюджеттин ортосунда бөлүштүрүлсүн, деп Республикалык бюджет жөнүндө мыйзамында бекилген, бирок тилеке кааршы салыктарды болүштүрүү маселесине өзгөчө көңүл буруш керек, анткени көп деген мекемелер сатууну райондун деңгелинде кылып, аны айылдар арасында бөлүштүрүгө болбойт, деп чыгышкан. Мисалы РЭСтер райондогу бүт айылдык аймактарга электр энергия сатып жатып ошондон түшкөн салык район центринде жайгашкан айылдык аймака эле түшүп калып жатат. Бул маселени чечиш керек, болбосо бул бөлүштүрүү саясаты иштебейт дагы, кандай бир жергиликтүү бюджетке салымын кошпойт.

Талкуунун негизинде кийинки көйгөйлөр жана суроолор белгилүү болгон:

1. Минфинде контролдук цифралар мурункудай эле өйдө жактан түшүп келет. Бул маселе тажрыйбаны карап жатканда роялтинин планы менен аткарылыш көөлөмү алты эсе көбүрөөк болгон, а кийинки жылда бюджетти планындадаштырып жатканда кайра аз көөлөм коюп коюшкан.

2. 2010-2011 жылдары кээ бир айылдык аймактарга Гипрозем келип ФПСтин жерлерин чектерин тактап, контурларын аныкташып кеткен. Ошол иштин негизинде бир чоң көйгөй болуп кийинки маселе чыкты. ФПСтин жерлери алмашып, кээбир айыл өкмөттөрдүн жерлерине биринчи документтери кайсы жылы, кантип өзгөргөнүн билбей калышыптыр, ошондуктан жерлерди тактап, реестрин түшүп, кандай бир документке бекитип коюш керек.

3. 2002 жылы системный регистрация болгон, азыр кээ бирөөнун жерлери 15 сотук болсо инвентаризация кылса андан көөбүрөк болуп калган, ушул маселени кантип чечиш керек, жана бул жерлер кимдин жери болот жана кантип катталат?

4. Жайыттан түшкөн ижара төлөмдөрү айыл өкмөттөн чектелип кетти. Жаңы түзүлгөн жайыт комитеттер жайыттарды колдонгон ижара акысын чогултуп, айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджеттин киреше болуп салык кана түшөт. Бул абдан кичинекей акча каражат, эмнеге ижара төлөм муниципалдык башкаруудан чектелип кеткен?

5. Эгер айылдык аймакта кандай бир объект аныктался, аны кантип муниципалитетин балансына алса болот?

6. Жер үлүшү жайыттан тийип калган. Мыйзам боюнча жайыттар бул мамлекеттик жер, ал менчике берилбейт. Азыр Өкмөт трансформацияга мораторий салып койгон. Кандай кылсак болот?

7. Муниципалдык социалдык объектилер ашар жолу менен салынган кантип аны каттайбыз.

8. Мечиттерди кантип каттап жатасынар, аларды муниципалдык менчике каттадыңарбы, дегеле мечиттерди менчик укугу кандай болот?

9. Айылдык аймактарда электр энергияны таркатуу мекемелердин мүлкү (трансформаторлор) алардын балансына өтпөй калган, ошентип ал мүлк бүгүн же муниципалдык мүлк эмес (андай болсо Энерго мекемелер айыл өкмөттөргө жер ижарасын төлөш керек, же өзүнө балансына алышпайт). Ушундай көйгөйгө кандай иш чара көрсөк болот, же бул маселе кандай чечилген?

10. Бала бакча мамлекеттик токой чарбанын балансында болчу, кызыл китепти алып жатканда мамлекеттик менчик, деп жазылып калыптыр. Кантип мул менчикти муниципалдык, деп которуп алалабыз?

Семинардын программасы

  • Семинардын программасы
  • Катышучулардын тизмеси
  • Семинардын материалдары:

  • Салам-Алик АА презентациясы
  • Сейдикум АА презентациясы
  • EFCA долборунун презентациясы
  • Муниципалдык менчикти башкаруу боюнча презентация
  • Тармакты таркатуу боюнча маалымат
  • Семинардын суроттору

  • Семинардын суроттору