Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Тема: «Кыргыз Республикасынын муниципалитеттеринде жер ресурстарын натыйжалуу башкаруу»

Нарын облусунун Жумгал районунда 13 айыл өкмөттүн башчылары, жооптуу катчылары жана жер адистери тажрыйба алмашуу аянтчасын түзүп, муниципалитеттеги жер ресурстарын натыйжалуу башкаруу боюнча семинар өткөрдү.

    Убактысы: 2015- жыл 11- март.
    Орду: Чаек айылы, акимиаттын жыйын залы
    Тил: Семинар кыргыз тилинде өттү
    Жумгал районунун айыл өкмөт арасында өткөрүлгөн семинардын максаты: Бул семинардын негизги максаты Жумгал районунун айыл өкмөттөрүнүн ар кандай адистеринин ортосунда тажрыйба алмашууга аянтча түзүү жана ортодогу ынтымакты өркүндөтүү. Бул семинарда катышуучулар муниципалитеттеги жер ресурстарын натыйжалуу башкаруу боюнча маселелерди талкуулап, өз ара тажрыйба алмашуу үчүн, каралган маселелерди мыйзам чегинде кантип уюштурса болорун талкуулашты.
    Аймактык семинардын натыйжасы: Айта кетчү нерсе, бул аймактык семинар үч адистерди бир аянтчага топтоду: жер адистери, жооптуу катчылар жана аймактын башчыларын бириктирип, жерди башкаруудагы маселелер мыйзам чегинде кандай чечилиши тууралуу чогуу талкуулашты. Өлкөбүздүн тарыхында буга чейин жерге байланышкан окуялар кейске (мисалга) салынып катышуучуларга сунушталып, алар боюнча жалпы талкуу уюштурулду . Ал талкууланып жаткан нерселер алардын дагы тажрыйбасында бар экендигин билген адистер, кызыгуу менен ушундай окуяга өз аракеттери кандай болгонун кеңири айтып беришти. Талкуулоо тажрыйбалуу эксперттердин колдосу менен өткөндүктөн, катышуучулар өз суроолоруна мыйзам чегинде жооп алып калганга мүмкүнчүлүк алышты.
    Жалпысынан семинарда жердин түрлөрү, алардагы менчиктин формалары, анын ичинен өзгөчө АЖМФ (ГФСУ) жерлерин башкаруу , айыл өкмөттүн жер комиссиясы кандай түзүлүп, анын ишин уюштуруу жана жүргүзүүнүн мыйзамдуу жолдору, жерлердин ижарага берилиши, муниципалдык менчикти жана жайыттарды башкарууда жана башка көптөгөн маселелерди карап өтүштү.
    Семинардын катышуучулары « ушундай жыйындар көп болсо жакшы болор эле деген ойлорун билдиришти. Жакшы тажрыйбаны бири бирибизге көрсөтүү, аны таркатуу аркылуу, жакшы нерсени угуп көргөндөн кийин өзүбүзгө барып колдонот элек, себеби кээ бир учурда жолун билбей кыйналып каталыктарды кетирип жатабыз дешти катышуучулар.
    Семинардын алкагында белгиленген көйгөйлөр:
    1.Биздин бир топ жарандар жерлерине документтерди мыйзамдаштырып алганга кызыкдар болсо дагы чамынбай жүрө беришет. Кийин мыйзамдыштырайын токтом чыгарып берчи, деп айылдык аймактын башчысына кайрылышат, а бул маселе сот аркылуу кана чечилбесе токтом чыгарып берүү бул мыйзамсыз болуп калат, деп эксперттер сунуштарын айыл башчыларга белгилеп кетишти;
    2.АЖМФ жерлери мамлекеттик жер болгондуктан ал жерлердин көлөмү канча жана кандай башкарылып жатканын мамлекет (айыл чарба министрлиги жана алардын райондук агрардык департаменти) көзөмөл кылышы керектиги айтылды. Ушул маселенин алкагында айыл өкмөттөрдүн айыл чарба министрлигинин райондук агрардык департаментине берген маалыматын кантип текшерип, көзөмөлдү күчөтүүнүн аркасы менен АЖМФнин жерлеринин натыйжалуулугун көтөрүү маселеси талкууланды;
    Семинарды пландаштырып жатканда жайыт маселелерин, токой чарбага караган жерлер менен, суу чарбанын жерлерин кандай башкаруу жана кандай көйгөйлөр пайда болушу мүмкүн деген маселелерди карайбыз, деп пландаштырылган. Тилекке каршы, талкууланып жаткан кейстер абдан кызыгуу жаратып, айыл өкмөтүндөгү жер маселеси боюнча комиссия жана жергиликтүү кеңештин жер боюнча туруктуу комиссиясы кандай милдетти кантип аткарышы керек, алардын чыгарган чечимдери КР мыйзамдарына жана башка укуктук ченемдик актыларга каршы келип калбаш үчүн кандай кадамды жасоо абзел экендиги кеңири талкууланып, бир күндүк семинардын алкагында пландаштырылган маанилүү маселелери каралбай калды. Ошондон улам, ушул тема боюнча дагы бир семинар уюштурулуп, айыл өкмөттүн адистерин кызыктырган маселелерин талкуулап, жакшы тажрыйбаны башка айыл өкмөттөргө кеңири таркатуу маанилүү экендигин белгиленди.
    Ошентип, бул семинардын алкагында айыл чарбага багытталган жерлерди кантип натыйжалуу башкаруу керектигин талкуулап жетишти. Жумгал районунда эки айылдык аймак 2008- жылы Кимоникстин долбоорунун алкагында АЖМФнын перспективдүү өнүгүү планын түзүшкөн, ошондой демилге канчалык ирээт пайдалуу жана эмнени алып келгенин дагы талкуулап өтүштү. Ошол жерлерди башкаруудагы кадамдарды кеңири талкуулап, ар бир документ кантип чыгышы керектигин белгилеп кетишкен. Ушул маселе практика жүзүндө кандай ишке ашарын жана тажрыйбаны бир бирине көрсөтүү үчүн Жумгал районуна караштуу Байзак айыл өкмөтү 19- мартта АЖМФ жерлерине өткөрө турган аукционго, аукцион мыйзам чегинде кандай өтүш керектигин көрсөтүү үчүн, райондогу бардык айыл өкмөттөрдүн ушул маселеге тиешелүү адистерин, депутаттарын жана башчыларын өз айылына чакырды. Ушинтип Жумгал районунда жергиликтүү өз алдынча тармагында иштеген адистер, өздөрүнө тиешелүү маселелерди бир бирибизден билип, өз тажрыйбабызды башкаларга таркатабыз деп, ушул жолуугушуларды мындан арыы улантабыз, деп билдиришти.
    "Семинардын программасы" по ссылке https://drive.google.com/file/d/0Bw3cpInhrLo7Z2E1X3hLbWVCeTQ
    "Катышуучулардын тизмеси" по ссылке https://drive.google.com/file/d/0Bw3cpInhrLo7R1FVcUdIcFU5em8