Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Сарайдагы “саясий крисизтен ” кийинки ойлор

14-февралда Кыргызстандагы киреше жагынан эң бай болгон айыл аймактын депутаттары пресс-конференция беришкени ММК жарыяланды. Анда Кара-Суу районунун Сарай айылдык кеңешинин депутаттары айыл өкмөтүнүн башчысынын иш-аракеттерине ыраазы болбой жаткандыгына байланыштуу коомчулукка билдирүү жасашты (караңыз Акипресс, Турмуш 16.55). Эл өкүлдөрү болгон депутаттар айыл өкмөт башчынын иштеген иши боюнча отчет бербей жатканын, көрүстөнгө деп каралган жерди алиге бөлбөгөнүн, бала бакчаны курууга деген 30 млн сомдун өздөштүрбөгөндүгү ж.б айыптарды айтып чыгышты. Мындай караганда өзгөчө төбө чачты тик тургузган укмуштай жаңы дооматтар деле жок, болгону мурунтан эле белгилүү болгон акыйлашуулар. Башкача айтканда жергиликтүү бийликтин эки бутагынын кармашынан, тирешүүсүнөн чыккан Сарайдын “саясий крисизи” же саясий чатагы.

Мисалы Сарай айыл кеңешинин депутаты Мурат Акимов: “айыл өкмөт башчысы Замирбек Тургунбаевди депутаттарга, элге отчет бербейт” деп күнөөлөйт. Ооба, депутаттын бул билдирүүсү бир жагынан мыйзамдуу көрүнөт, бирок экинчи жагынан алсак Сарай айыл аймагындагы айыл өкмөт менен айыл кеңеш мыйзамдарды так билбей иштеп жаткандарын айгинелеп турат. Ооба, мыйзамда бюджеттин аткарылышы боюнча аткаруучу орган болгон айыл өкмөтү айыл кеңешке бир жылда 4 жолу отчет берилиши каралган, андан тышкары айыл кеңеш бюджетти бекиткен сессияда депутаттар айыл аймактын социалдык –экономикалык өнүгүү планын да карап бекитип беришет.

Депутат М.Акимовдун билдирүүсүнөн бул маселелер боюнча айыл кеңештин иш планында мындай маселе такыр каралбайбы деген ой келет. Же бул эл өкүлү сессияларга катышпайбы, кеңештеги кандай иштер караларын билбейби? Андандан кызыгы , эгер мыйзамдагы бул талаптарды депутаттар билбесе, “отчетумду берейин, угуп койгулачы” деп айыл өкмөттүн башчысы депутаттардын артынан өзү чуркамак беле?? Негизи бул айтылгандар жергиликтүү кеңеш аткара турган иштеринин бир эле жагы, ушул эле бир факты менен Сарайдагы жергиликтүү бийликтин ишинин абалы кандай экендигин айтса болот .

Таңгалычтуу нерсе, эмне үчүн бир жыл өтпөй жергиликтүү кеңештин депутаттары –эл өкүлдөрү өздөрү шайлаган, өздөрү “ жарык дүйнөгө жараткан перзенти”- айыл өкмөт башчысын жек көрүп жерий баштады? Отчет бербей койсо эле иштен айдаш керекпи? Же ачык айта албаган башка да себептери барбы? Айыл өкмөт башчысы дагы кайсы иштерди аткара албай депутаттарды уят кылды экен ? Пресс-конференцияда мындан башка жүйөлүү күнөөлөр айтылган деле жок, уга да алган жокпуз.

Мыйзамдуу талапты коюп жатышкан депутаттар өздөрү элдин, шайлоочулардын алдында отчетторун беришкенби, себеби мыйзамда алардын бир жылда бир жолу отчет берүүсү каралган. Эгер жогорудагы эл өкүлү “ айыл өкмөт башчы депутаттык ишмердүүлүгүм боюнча отчет бергенге шарт түзүп бербей жатат”-деп билдирсе куп жарашмак, койгон дооматтары чындыкка жакындамак. Өздөрү отчетун бербей туруп, башкадан талап кылуу депутаттарга боло береби? Бул кудум эле атактуу орус тамсилчиси И.Крыловдун карышкырдын козуга : “сен былтыр менин ичкен суумду булгагансың, ошон үчүн сени жейм” деп айтканын элестетип жатпайбы.

Албетте, бүгүнкү күндө жергиликтүү бийлик органдарынын эң күчтүүсү айылдык кеңеш экенин элибиз жакшы билип калды, ошондуктан шайлоодо атаандыштык курч мүнөздө өтүп, бир орунга бир нече киши чыгып жатышат. Демек айылдык кеңеш бийликтин күчтүү орган болгондон кийин жоопкерчиликти ала жана сезе билиши керек, бул алардын тарыхый милдети, азыркы учурдагы мезгилдин талабы. Пресс-конференцияда сарайдын депутаттарынын жогорку бийликке кайрылып жардам сурап жатышканы, алардын өз милдеттерин жакшы билбей, жоопкерчиликтен качып жаткандыгын көрсөтүп турат. Ал эми айыл өкмөт башчы З. Тургунбаевдин ишинде чынында эле каталык менен кемчиликтер кетсе, ага тийиштүү органдар иликтеп чыгып, мыйзамга ылайык жазага тартып, жоопкерчиликке чакырат.

Өлкөбүздөгү “эң бай олигарх” айыл өкмөтүндөгү ахыбал ушундай болсо, калгандарында мындан жакшы дешке негедир ооз барбай турат. Арадан эки күн өткөндөн кийин кудум ушундай тирешүү Сокулуктун Гавриловка айыл өкмөт башчысын иштен кетиши менен аяктады. Жыл башталгандан бери эле 10-15 тей айыл өкмөт башчы ар кандай себептер менен иштеген ордунан

шыпырылды. Азыр мындай “илдет” менен айыл өкмөттөрдүн иштен кетип жаткандары жаңылык деле болбой калды. Бул мактана турган көрүнүш эмес, тескерисинче саясаттагы улуттук илдетке айланып отурат.

Быйылкы элетти өнүктүрүү жылында жергиликтүү бийлик “саясий оорудан” өзү аракет кылып дарыланбаса, мындай илдеттен жогорку жактын жардамы менен айыга албайт.

Сарайдын сакайышын тилеген Самыйбек Эсенбеков.