Rita в тему «Установление жесткой вертикали власти НАЧАТО!!!» [26 Марта 2013]
Rita в тему «Установление жесткой вертикали власти НАЧАТО!!!» [26 Марта 2013]
Кечээ Ысык-Ата райондук соту кылмыш ишин кароону баштаганда айыл өкмөт башчы сыртта залда , ал эми жер адиси темир тордун ичинде орун алышты. Соттун төрагасы катышуучуларды соттогу укук жана милдеттери менен тааныштыргандан кийин, “кандай өтүнүчтөр, арыздар бар” деген суроосуна айыпталуучулардын жактоочулары камакта жаткан жер адисинин эркиндигин өзгөртүү чарасын суранышты.
Соттун төрагасы эки тарапты уккандан кийин тыныгуу жарыялап, өтүнүчтү кароого кеңешүүчү бөлмөгө кирип кетти. Жыйынтыгында сот жер адисинин эркиндигин чектөөнү өзгөртүп, аны үй камагына чыгарды.
Сот жабырлануучу тарап катары эсептелген айыл өкмөттүн өкүлдөрү келбей калганынан ишти кароону кийинкиге жылдырды.