Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Далалат кылып, жоктон барды жасаса болот (Жети Өгүз районунун Оргочор айылдык аймактын тажрыйбасынан)

Илгери Союздун учурунда Оргочордун атагы алыска тарап турганын көпчүлүк унута элек. Ак түстөгү уяң жүндүү асыл тукум койлору, аны багып өстүргөн атактуу малчылары Жети - Өгүз району эле эмес, Кыргызстанга, чет өлкөлөргө белгилүү болгон.

Оргочор айылдык аймагы: Оргочор, Боз Бешик айылдарынан турат. Жалпысынан айылдык аймакта 4743 адам жашайт.

Бир топ жылдардан бери элди таза суу менен камсыздоо эң маанилүү курч суроолордун бири болуп келген. Мындай кырдаалдан чыгуунун жолдорун издеп айылдын астынан суу чыгаруу үчүн Кыргыз геологияны чакыртып изилдөө жүргүзүшөт. Ал изилдөөнүн жыйынтыгында айылдын жана анын жакын тегерегинде жер алдында суу топтолгон бассейндер жок өрөөн экендигин билинет. Бул жагдайдан кантип чыгабыз деп баш катырышат, ойлонушат, анан айла кеткенде 1987 - жылы сугатка колдонуу үчүн казылган скважина бар экендигин эстеп, аны реанимациялап көрүү чечимин кабыл алышат. Ал скважинаны терең казып суу соргучту (насос) орнотуп жатканда, аны түшүрүп алып, суу чыгара албай калышкан.

Азыр ошол скважинадан (тереңдиги 250 метр) 165 метринен суу алынып, Оргочор айылдык аймагында жашап жаткан калкты толугу менен таза суу менен камсыз кылышат.

Калкты ичкен суу камсыз кылып тейлөө үчүн 2003 - жылы «Оргочор булагы» аттуу ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмеси (ИСКАКБ) уюшулуп, бүгүн ал мекемеде 6 адам кызмат өтөйт: башкарма, башкы эсепчи, көзөмөлдөөчү, механик, 2 кароолчу. Айтмамбетов Дайырбек Одоевич ИСКАКБнин уюшулганынан баштап аны жетектеп келген. Кийин 2010 жылы саясий жана социалдык абал курч болуп турганда Оргочор айылдык аймактын эли агайды айылдын башчысы болуп бер, деп, эки кызматты тең алып келген. Кийин жергиликтүү бийликти кайра шайлоодо кызматын өткөрүп берип, кайра суу маселеси менен алек болуп жүрөт.

«Оргочор булагы» ИСКАКБ өз милдетин кандай аткарып жатат?

Оргочор айылында элдин сууга төлөө маданияты жакшы жолго коюлган деп айтсак жаңылбайбыз.Айылдын жашоочулары көп жылдары суунун азабын абдан эле тартышып, алыстан ташып кыйналганын унута элек, суунун баркын жакшы билишет. Суу колдонуучулар менен келишим түзүлүп, өлчөгүч приборлору (учетчик) көргөзгөн эсеп боюнча төлөмдөр жүргүзүлөт. Ал эми үйлөрүнө өлчөгүч орното элек жарандар жан башына бир айга 25 сомдон төлөшөт. Айыл өкмөт жана айылдык кеңеш тарабынан түшүндүрүү иштери ар дайым жүргүзүлүп, алар ар кандай пайда болгон көйгөйлөрдү өз учурунда чечүүнүн жолдорун издешет. Ичкен сууга карыз болгондорду аксакалдар сотунун, коомдук профилактикалык борбордун жыйындарында карап, ортого салып уяткарышат, бул айылда төлөбөгөндөр сейрек кездешет. Жалпы калктын суу кызматына нараазылыгы жок.

«Оргочор булагы» ИСКАКБ кеңсеси айыл өкмөтүнүн имаратында жайгашкан. Айыл өкмөтү мыйзамга ылайык ИСКАКБга суу менен камсыздаган бардык активдерин оперативдүк башкарууга өткөрүп берген. ИСКАКБнын жылдык бюджети жана сууга болгон тарифти жергиликтүү кеңеш тарабынан талкууланып бекитилип берилет. Өзгөчө суунун баасы-тарифке өтө тыкааттык мамиле кылынат, алгач болжолдонгон баа элге чыгарылып, түшүндүрүлүп, анан гана айылдык кеңеште ийри отуруп, түз кеңешип кабыл алынат.

Оргочор айылдык аймактын 2017-жылга чейинки стратегиялык өнүгүү планына айылдын элин үзгүлтүксүз таза суу менен камсыз кылуу маселеси да кирген. Анда кайсы каражатка, кжана ким жооптуу экендиги ачык жазылган. Жергиликтүү бийлик тарабынан ИСКАКБ өнүүгүсүнө, калкка сапаттуу кызмат көрсөтүүнүн 233 бири катары Кызыл- Суу жаңы конуш участогуна суу тетиктерин жеткирүү үчүн 850 метр түтүктөр сатып алынып, ал жумушту аткарууга 180000 сом жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүнгөнүн көргөзсө болот.

«Оргочор булагы» ИСКАКБ ар кандай проекттерге катышат, 2007- жылы АРИСтин бир долбоорунун алкагында экскаватор алганга жетишкен. ИСКАКБ өзүн-өзү каржылаган ишкана болгондуктан каражат табуунун мыйзамдуу жолдорун издейт. Мисалы: суу топтоочу мунаранын үстүн Мегаком компаниясынын антеннасын орнотконго берип, ижара акысын алып турат. Андан тышкары айыл аймактагы бардык чарбалык субьекттер жана жеке ишкерлердин муктаждыгын изилдеп, экономикалык анализ жасашкан.

Жалпысынан алганда, бүгүн оргочорлуктардын абалы жакшы көрүнгөнү менен алдыда дагы көптөгөн жасала турган иштер күтүп турат. Калкка кызмат кылуунун бул тармагында калыптанган туруктуулукка жетишүү үчүн жергиликтүү бийлик заманга шайкеш келген иш-аракеттерди жасоону эч качан эсинен чыгарбашы керек.

Жакшы иштердин аягы түгөнбөсүн, урматтуу оргочорлуктар!