Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Салык төлөө маданиятын кеңири таркатуудагы жаңы ыкмалар.

2015-жылдын 10- мартында Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Көк- Ой айылынын орто мектебинде 9 – 11- класстардын окуучулары менен жолугушуу болуп өттү. Бул жолугушуу жаңы гана Айыл Өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу кылып дайындал Мелис Төлөгөновдун демилгеси менен болду. Жаңы жетекчинин иштей баштаганына үч жума болду, ал жергиликтүү жамаат менен кенен-кесири таанышууну максат кылып, алгачкы жолугушууну келечек ээлери болгон окуучулар жана айылдын «көзгө басар интеллигенциясы» мектептин мугалимдер жамааты менен баштады. Айыл өкмөттүн башчысынын милдетин аткаруучу М. Төлөгөнов окуучуларга өзүн тааныштырып, кандай максат менен келгендиги, өзү иштей турган үч айлык мөөнөттө кандай иш-чараларды аткаруу керектиги, айылдын социалдык-экономикалык абалы, андагы чечилбей келген көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдору, айыл элинин жашоо деңгээлин жакшыртуу боюнча көз карашын, позициясын айтып берди. Окуучуларга бардык айылдагы маселелер боюнча тартынбай ачык пикир алмашууга, активдүү болууга чакырды. Бүгүнкү жолугушууга өзү менен Бишкектен серепчилер Рита Карасартова жана Самыйбек Эсенбеков келишкенин, алар менен да бардык кызыктырган суроолор боюнча аңгемелешип, толук пикир алмашуу болорун билдирди. Келечек ээлери болгон мектеп окуучуларына кесип тандоо жана билим алуу, жаштардын коомдогу орду, азыркы учурдагы коомдук турмуштагы маанилүү маселелер тууралуу Рита Карасартова, кыргыз элинин кылымдарды карыткан маданий мурастары менен улуттук баалуулуктары, алардын муундан муунга кандай өтүп келетканын Самыйбек Эсенбеков айтып берди. Окуучулар менен пикир алмашууда коомдогу оң-терс көрүнүштөр, өлкөдөгү жана анын ичинде Көк-Ой айылындагы көйгөйлөр, аларды чечүүнүн жолдору, жана башка көптөгөн маселелер да талкууланды. Өзгөчө айыл жарандарынын, ошондой балдардын атуулдук милдети жөнүндө жөнүндө маселе балдарды кызыктырып, кызуу талкуу жаратты. Эң биринчи атуулдук милдет- бул салык төлөө, бул айылдын экономикалык өсүшүнүн негизи экенин белгилешип, «ата-энеңердин салык боюнча карызы жокпу» деген суроону балдарга узатып, бул жөнүндө ар бириңер өз ата-энелериңер менен сүйлөшүп, ушул милдетти кантип аткарып жатканын билип кою өтүнүчү айтылды. Эмки жумада салык жана ичкен сууга төлөө боюнча айылда кимдердин карыздары тууралуу маалыматты мектептин маалымат такчасына илинерин, ошондо ата-энелериңердин карызын көргөнгө жана талкуулаганга мүмкүнчүлүк болору белгиленди. Андан тышкары окуучулардын өз Мекенин, элин сүйүп азыртадан баштап ак, адилет кызмат кылууга, анын ичинен өз айылынын өсүп гүлдөшүнө жардам көрсөтүү үчүн аракеттер ди жасоого чакырды. Окуучулар жолугушуу кызыктуу , маанилүү болгондугун айтса, серепчилер үчүн да жемиштүү болгондугун белгилешти. Мындан ары да ушундай жолугушууларды өткөрүп туруу зарылдыгы айтылды. P.S. Эртеси күнү үч ата-эне, балдарыбыз ушундай маалымат айтып, карыздарыңардын баарын жабып койгулачы, шылдың болгубуз келбейт балдарга, деп айтып барышыптыр. Жаш муунга салык төлөө маданиятын таркатуу керектиги көрүнүп калды, эмнеге биз ушундай ыкманы кеңири колдонбойбуз?