Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көтөрүүдөгү негизги ыкма.

Мамлекеттин менчиги болгон айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун (АЖМФ- мурунку аталышы кайра бөлүштүрү фонду) жерлери жергиликтүү бюджетти толуктоонун бирден бир булагы. Бул жерлерди мамлекет айыл өкмөттөргө башкарууга берген, аны мыйзам боюнча аукцион, конкурс жана түз берүү жолу менен башкарышат. Ушундай башкаруу ыкманы колдонуп 19-мартта Нарын облусунун Жумгал районунун Байзак айыл аймагында АЖМФнын 6,5 га сугат жерлерин ижарага берүү боюнча аукцион өткөрүлдү. Аукционго 6,5 га сугат жери коюлуп, ал 6 лотко бөлүнгөн. Ушул аукционго катышууга 18 арыз түшкөн. Жер комиссиясы бир лоттун баштапкы баасын 900 сомдон коюп, ар бир арымы (шаг) 100 сомдон белгилеген. Эң кымбат кеткен № 5 лот – 6600 сомду түздү. Ошентип орто эсеп менен ар бир гектар жери 3900 сомго бир жылдык ижарага берилди. Салыштырмалуу айтып кетсек, аукционго чейин бул жерлер 300дөн 500 сомго чейин ижарага берилип жүргөн. Бул аукцион жергиликтүү бюджетке 6,5 гектар жерден кошумча бир эле жылда 22000 сом алып келмекчи. Байзак айыл өкмөтү бул аукционду өткөрүүгө «Коомдук иликтөө институту» коомдук бирикмеге кайрылып, ал жактын серепчиси аукционист катары катышып өткөрүп берди. Аукцион чоң кызыгуу жаратып,ага Жумгал районунун башка айыл өкмөттөрүнүн жер адистери, жооптуу катчылары, депутаттары жана айыл башчылары катышып тажрыйба алышты.