Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

БШК айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарын шайлоо дайындалды

2017-жылдын 24-сентябрындагы КР БШК жыйынында Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын айрым башчыларын шайлоо жөнүндө токтом кабыл алынды. Бул туурасында комиссиянын басма сөз кызматы билдирет.

Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаардык кеңешинде, Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинде, Тогуз Торо районунудагы Тогуз-Торо айылдык кеңешинде, Чаткал районундагы Терек-Сай айылдык кеңешинде жаңы шайланган кеңештердин биринчи сессиясы болуп өттү.

Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарынын мэрин, Жалал-Абад облусунундагы Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн, ТогузТоро районундагы Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн, Чаткал районундагы Терек-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2017-жылдын 10-октябрында саат 9:00дөн 12:00гө чейин өткөрүү дайындалды.

Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп өткөрүүнү аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.

Маалыматтын kyrgyztoday.kg сайтындагы шилтемеси