Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Кыргыз-Ата айыл өкмөтү Бакытбек Мариповдун жетекчилигинде 2017-жылды да көп жетишкендиктер менен жыйынтыктады

Turmush - Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Бакытбек Мариповдун жетекчилигинде айыл аймактагы көйгөйлөр чечилип, жалпы жергиликтүү бюджеттин көлөмү 22 млн сомго жетти. Учурда айыл өкмөттүн инфраструктурасын өнүктүрүү, жашоочулардын жашоо деңгээлин жогорулатуу максатындагы иш аракеттер улантылып жатат.

Бакытбек Марипов Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл аймагынын Кыргыз-Ата айылында 1988-жылдын 10-ноябрында төрөлгөн. 2006-жылы Бишкек шаарындагы №70 мектеп-гимназиясын аяктаган. Ошол эле жылы Кыргыз-орус славян университетинин эл аралык мамилелер факультетине кабыл алынып, аны 2010-жылы артыкчылык диплому менен аяктап, экономист адистигине ээ болгон. 2012-жылы аталган университетте магистратураны мамлекеттик жана

муниципалдык башкаруу адистиги боюнча артыкчылык диплому менен аяктаган. Ошондой эле, 2013-жылы Ош мамлекеттик университетинен юриспруденция (соттук жана прокурордук) адистигин алган. Ал арада Ош технологиялык университетинде илим жактоо максатында илимий иштер менен алектенүүдө.

Б.Марипов эмгек жолун Жогорку Кеңештин V чакырылышындагы депутаттын коомдук жардамчысы болуп баштаган. Андан сырткары өкмөттүк эмес уюмдарда, жеке фирмаларда, Каржы полициясында эмгектенген. Айыл аймактагы Кызыл-Кетмен дыйкан чарбасын жетектеп жүрүп, 2012-жылы Кыргыз-Ата айылдык кеңешине депутат болуп шайланган. Ал арада «КРнын эң жаш жана жылдын мыкты депутаты» наамын алып, Ноокат районундагы 343 депутаттан турган

жергиликтүү кеңештердин эсептөө комиссиясынын төрагасы болуп шайланды. 2013-жылдан баштап Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы болуп эмгектенип келет.

Бул кызматты аркалоо менен жоопкерчиликти сезип, эмгекти сүйгөн чыныгы адис катары калк арасында өзгөчө урмат-сыйга ээ болду. Мындай жетишкендиктердин артынан 2017-жылы Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчылыгына кайрадан талапкер болуп, жергиликтүү депутаттардын 100 пайызынын колдоосуна ээ болгон.

Ушул жылдар аралыгында Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн бюджети 3 млн сомдон 22 млн сомго жетти. 2016-2017-жылдардын ичинде айыл аймакка 306 млн сомдук инвестиция тартууга жетишти.

Б.Мариповтун эмгеги бааланып, 2014-жылы Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин ардак грамотасын, 2015-жылы Кыргыз-Ата айыл аймагынын, 2016-жылы Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, 2016-жылы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын ардак грамотасын, «Ош жаңырыгы» коомдук саясий гезитинин «Жылдын мыктысы-2015» дипломун алды. Ошондой эле, 2017-жылы Жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттигинин директору Б.У.Салиев «Жылдын мыктысы» төш белгиси менен сыйлады. Ага удаа «Эркин-Тоо», «Кыргыз-Туусу», «Ноокат таңы», «Ош жаңырыгы» гезиттеринин тандоосу менен «Эң мыкты айыл өкмөт башчы» аталган. Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашевдин да ардак грамотасына татыды.

Б.Марипов менен жубайы учурда эки балага тарбия берүүдө.

Айыл өкмөттөгү билим берүү тармагы

Кыргыз-Ата айыл аймагындагы жалпы билим берүүчү мектептерде, бала бакчаларда 2013-жылдан тарта 2018-жылга чейин аткарылган иштердин жана жаңы окуу жылына карата оңдоо иштеринин жыйынтыгы жыл сайын сапаттуу болду. Айыл аймакта 5 орто мектеп, 1 мектеп-гимназия, 1 лицей, 1 башталгыч мектеп бар. Бүгүнкү күндө 304 мугалим 3280 окуучуга билим берүүдө. Андагы бүтүрүүчүлөр ар кандай кесиптердин мыктысы болуп, окуучулар бир топ ийгиликтерди багындыруу менен республикалык олимпиадаларда алдыга чыгып келет.

Айыл аймактагы 6 бала бакчада 503 бала тарбияланып, айыл аймактын башчысы Б.Марипов жана демөөрчүлөр тарабынан оңдоо иштери ийгиликтүү жүргүзүлүп келет. Айыл аймактагы бардык мектептер интерактивдүү такталар менен толук камсыздалып, мектептердин эшик-терезелери желимге алмаштырылып, жылуулук маселеси чечилди. Ага кошо мектеп, бала бакчалар интернет менен камсыздалып, электрондук китепканалар кызмат көрсөтүүдө. Кыргыз-Ата айыл аймагында билим берүү тармагындагы курулуш иштерине да көңүл бурулган. Ак-Булак айылында 325 орундуу 3 кабат мектеп спорт залы менен республикалык бюджеттен 50 млн сомго курулду.

Ошондой эле, 270 орундуу Парпиев атындагы мектеп-гимназиясы мамлекеттик бюджеттен 70 млн сомго жатакана, спорттук зал, аянтча, ашканасы менен кошо курулуп пайдаланууга берилди.

Т.Темиралиев атындагы орто мектебинин бүтпөгөн курулушу 1,5 млн сомго аяктап, пайдаланууга берилди. Ошондой эле, жергиликтүү бюджеттен жана грант аркылуу музыкалык мектептин

чатырын жабууга жана оңдоо иштерине 1 млн сом акча каражаты жумшалды. Тактап айтканда, быйылкы жылы мектептердин курулуш иштерине 3 млн сом, электр энергиясы үчүн 1 сом жергиликтүү бюджеттен жумшалган.

Ошондой эле, Кыргыз-Ата айыл аймагында 2 жылдын ичинде жалпы 6 бала бакча ачылды. Борко айылындагы 70 орундуу бала бакча 5 млн сомго жергиликтүү бюджеттин жана элдин салымы менен курулган.

Көтөрмө айылындагы 70 орундуу «Мераж-Нуру» бала бакчасы 3 млн сомго жергиликтүү бюджеттин жана элдин салымы менен курулду. Ак-Булак айылындагы 70 орундуу «Бөпөмай» жана Акылай-Куту бала бакчалары ижарага алынып, жеке менчик үйдө ачылып, айыл өкмөт тарабынан ар тараптуу каржыланууда.

70 орундуу «Жылдызча-Нур» бала бакчасы да 4 млн сомго жергиликтүү бюджеттин эсебинен ачылды. Ушул эле айылда 100 орундуу 2 кабат бала бакча пайдаланууга берүү алдында турат. Кара-Кой айылында жайкы сезондук 50 орундуу бала бакча иш жүргүзүп келет. Жыл сайын бала бакчалардагы тарбиялануучулардын тамак-ашына 4 млн сом, оңдоо иштерине 1 млн сом жергиликтүү бюджеттен каржыланат. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн демилгеси менен бала бакчаларда орус тилдүү тайпалар ачылып, бөбөктөргө татыктуу билим берилип келет.

Спорт тармагы

Кыргыз-Ата айыл аймагына өкмөттүн демилгеси менен спорт комплекс түзүлүп, анын ичинде Кыргыз-Ата көк бөрү федерациясы ачылып, юридикалык каттоодон өткөн. Аларга атайын ат майдан даярдалып, Ноокат районунда биринчилерден болуп жаштарга спорт жаатын өнүктүрүүгө өбөлгө болду. Бүгүнкү күндө Кыргыз-Атанын чабендестери райондук мелдештерде эн алдыңкы орундарды ээлеп келет. Кыргыз-Ата айыл аймагында жалпы көк бөрү оюну боюнча түзүлгөн командалар 10го жетип, алардын ичинен үчөө атайын даярдыктан өтүүдө.

Ошондой эле, Кыргыз-Ата спорт комплексинде айыл өкмөттүн жана «Кыргыз-Ата» футболдук клубунун президенти Аким Назаровдун демилгеси менен «Кыргыз-Ата» футболдук клубу ачылып, атайын дүйнөлүк стандартка жооп бере турган футбол аянтчасы даярдалган. Анда окуучулар арасында 5 команда түзүлдү. Алардын үчөө атайын даярдалып, Кыргызстандагы мелдештерде алдыңкы ийгиликтерге жетишип келет. Балдарды машыктыруу үчүн Россия Федерациясындагы СССРдин эң мыкты футболисттеринин бири Стрельсов Борис Николаевич менен келишим түзүлгөн.

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн демилгеси менен «Кыргыз-Ата» волейболдук клубу

да түзүлүп, юридикалык каттоодон өттү. Анда ар кандай курактагы эркектер жана аялдардан атайын 10 команда түзүлүп, мелдештерде кубокторго ээ болууда. Андан сырткары, эркин күрөш, ашык атмай, кыз куумай, ат үстүндө тыйын эңмей, шахмат, сууда сүзүү жана теннис оюндары айыл өкмөт арабынан толугу менен колго алынып, ийгиликтерди алып келүүдө. Б.Марипов өзү да спортту сүйүп, самбо менен машыгып келет. Спорт тармагын өнүктүрүүнүн максаты — жаштарды спортко үндөө, ден соолугун чыңдоо, кылмыштуулуктан алыстатуу. Бул максатта Көтөрмө айылында 1980-жылы ачылып, 35 жылдан бери иштебей жараксыз абалга келип калган бассейн түрткү берүүчү грант аркылуу 6 млн сомго толук оңдоодон өткөн.

Кичи ГЭСтерди куруу аркылуу элди электр энергия менен камсыздоо

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндө 1950-жылдары иштеп, кийин токтоп калган кичи ГЭС Б.Мариповдун демилгеси менен кайрадан курулуп, азыркы кезде 5 агригаты ишке берилди. Анда жылына 30 млн КВт электр энергиясы иштелип чыгып, элге пайдаланууга берилүүдө.

Аталган кичи ГЭСте 50 адамга жумуш орундары түзүлүп, 50 үй-бүлөнүн экономикалык көйгөйлөрү чечилди. Кыргыз-Ата айыл аймагына дагы кичи ГЭСтерди куруу пландаштырылууда.

Жергиликтүү бюджеттин эсебинен жаңы түптөлгөн 6 айылга электр мамычалары орнотулуп, электр чубалгыларын тартуу менен бирге трансформаторлор да орнотулган.

Таза суу менен камсыз кылуу

Кыргыз-Ата айыл аймагында 20 жылдан бери чечилбей келген таза суу маселесин чечүү максатында Б.Марипов бир катар аракеттерди көрдү. Кыргыз-Ата, Ак-Булак, Көтөрмө жана Борко айылдарынын калкын ичүүчү таза суу менен камсыздоо үчүн Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан 250 млн сомдук каржылык колдоо алынды. Бул долбоор 2018-жылдын ичинде бүткөрүлүп, 3500 түтүндөгү 20 миң адам таза суу менен камсыз болот. Сугат суу үчүн жергиликтүү бюджеттен 1 млн сом акча каражаты каралып, арыктар менен каналдар толук оңдолду. Жыйынтыгында эгин талаалар сугат суу менен толук камсыз болду.

Айыл аймактын жолун калыбына келтирүү

Кыргыз-Ата айыл аймагынын Көтөрмө, Ак-Булак, Көтөрмө, Кыргыз-Ата жана Кара-Кой айылдарын байланыштырган жолдун 4,5 чакырымы 31 млн сомго асфальтталат. Бул жол Ноокат районундагы негизги эс алуучу жайлардын бири болгон жаратылышы, кооздугу менен туристтерди өзүнө тартуучу Кара-Кой жайлоосуна өтүүчү жол. Ушул жол 30 миңден ашуун жүргүнчүлөрдү тейлет.

Ошондой эле, бул аймактагы эскилиги жетип, жараксыз абалга келген көпүрөнүн ордуна 2 млн 500 миң сомдук көпүрө курулган. Ага кошо айыл аймактагы ички жолдор акыркы 3 жыл ичинде 2 млн сомго толук ондоп-түзөөдөн өткөн. Ал арада кылмыштуулукту алдын алуу максатында ар бир көчө жарыктандырылып, борбордук 4 көчөгө айланма жолдор курулду. Атайын маршруттук каттамдар ачылып, 22 миң элди тынымсыз райондун борборунан айылдарга жеткирип турушат. Ага чейин жеке унаалардын айдоочулары ар бир жүргүнчүдөн 50 сомдон алса, учурда 10 сомго түштү. Быйылкы жылы Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн кире беришине райондогу эң чоң арка 1 млн 200 миң сомго жергиликтүү бюджеттен курулду.

Медицина тармагын өнүктүрүү

Кыргыз-Ата айылына үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу ачылып, 16 киши жумуш менен камсыз

болгон. Ак-Булак айылына АРИС жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен 3 млн сомго ФАП курулуп, райондун борборунан 10 чакырым алыста жашап жаткан 7 миң адамга ыңгайлуу шарт түзүлдү. Кыргыз-Ата айылында да жергиликтүү бюджеттен үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору ачылып, 7 миң элди тейлеп келет. Район борборунан 35 чакырым алыста жайгашкан Кара-Кой айылында ФАПка, Борко айылындагы ФАПка, Көтөрмө айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер

борборуна айыл өкмөт тарабынан жакындан жардамдар көрсөтүлүп, калкты сапаттуу тейлөө аракеттери улантылып жатат.

Элди турак жай менен камсыз кылуу

Жыл санап элдин саны өсүп, жаштар турак үй куруу үчүн жер тилкеге муктаж болууда. Андан улам көп кабаттуу турак жай курууга инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат. Бүгүнкү күндө айыл өкмөттө жерге муктаж болгон 1500 жаш үй-бүлө кезекте турат.

Эс алуу жайларын калыбына келтирүү

Кара-Кой айылынын 3 миң жашоочусуна жана жылына 100 миңдеген туристтерге атайын уюлдук байланыш жана интернет кызматы орнотулду. Ошол эле Кара-Кой айылынын жайлоосуна 300 орундуу эс алуу жайларын, лыжа тебүү базасын жана санаторий ачуу пландаштырылууда. Ал үчүн жакынкы арада ички жана сырткы инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрдү.

[b]Маданият тармагын өркүндөтүү[/b

Кыргыз-Ата айыл аймагынын Таш Жамалов атындагы маданият үйүндө айыл аймактагы бардык мамлекеттик ишканалардын ортосунда ыр кесе өткөрүлүп турат. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндө 50 айымдан турган «Кыргыз-Ата айымдары» фольклордук тобу түзүлүп, айыл өкмөт тарабынан каржыланды. Алар 2014-2016-жылдары өткөн Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышып, 2018-жылы өтө турган Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга даярдык көрүшүүдө. Андан сырткары, аталган айымдар тобу өлкө аймагындагы облустук деңгээлдеги чоң концерттерди уюштурууда.

Айыл өкмөттүн өнүгүүсү

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндөгү мамлекеттик мекемелерде коррупцияга каршы күрөшүү максатында видеокамералар орнотулуп, ишеним почта жана телефондор илинген. Ыңгайлуу шартта иштөө үчүн аппарат кызматкерлерине 20 ноутбук, 10 компьютер алынды. Б.Марипов айыл өкмөт башчылыгына келгенге чейин аппараттын кызматкерлери эски үлгүдөгү жалгыз компьютерди колдонуп келген. Учурда мектеп, бала бакча жана медициналык имараттар менен катар айыл өкмөттүн кызматкерлери да интернет байланышы менен камсыз болушту. Буга чейин айыл өкмөттүн жер адиси, айыл башчылары жерди тактоодо таяк колдонуп эсептешсе, бүгүнкү күндө карта аркылуу ачык жана так аныкталып, жер көйгөйлөрү, чек ара маселелери компьютердин жардамы менен чечилип жатат.

Айыл өкмөттүн 4 кабаттуу имаратынын 1-кабатына бирдиктүү терезе ачылып, жооптуу катчы, социалдык кызматкерлер жана жергиликтүү жетекчилер кызмат көрсөтүп жатат. Андан сырткары «Финка», «РСК» банктарынын терминалдары орнотулуп, айыл тургундарына акча которуу, пенсия, айлык маяна алууга шарт түзүлдү. Мындай ыңгайлуу шарттын артынан убакыт жана акча каражаты үнөмдөлүүдө. Ошондой эле, аппарат кызматкерлери үчүн жаңы эмеректер, техникалык жабдуулар алынып, натыйжалуу иштөөгө шарттар түзүлдү.

Буга чейин айыл өкмөттүн кызматкерлери акимчиликтен, облустан келген каттарга кагаз түрүндө жооп берип, тиешелүү жерлерге жеткирип жүрүшсө, учурда электрондук почта аркылуу убакытты үнөмдүү пайдаланып, так жана өз убагында жетип калды.

Бийик тоолуу аймакта жайгашкан айыл өкмөттө электр энергиясы өчкөн кезде генератордун жардамы менен аппарат кызматкерлеринин иши токтоосуз уланып турат. Башка айыл өкмөттөрдөн айырмаланып Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндө өзүнүн архиви ачылып, аппарат кызматкерлери өздөрүнүн архивдик иш кагаздарын тапшырууда.

Аймактагы эл электр энергиясынын төлөмдөрүн төлөөдө жолдун алыстыгынан кыйналып келсе, учурда Ноокат районунун электр тармактар бөлүмүнүн филиалы ачылып, Кыргыз-Ата, Зулпуев, Кеңеш, Исанов, Көк-Бел айыл аймактарын тейлеп жатат. Көтөрмө айылында жасалма уруктандыруучу ветеринариялык борбор да ачылып, эт-сүт багытындагы малдарды уруктандырып, жакшы жыйынтыктарга жетишүүдө. Ошол эле борборго койдун жүнүн кыркуучу аппараттар алынып келген.

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндө «Тазалык» ишканасы да түзүлүп, анын балансына жүктөгүч унаа, экскаватор жана «ЗИЛ» унаасы алынды. Аны менен айылдын тазалыгы сакталат. Ага кошо коомдук алдын алуу борбору түзүлүп, элди экстремизмге, терроризмге, кылмыштуулукка каршы үгүттөө иштери аялдар кеңеши, аксакалдар соту, жаштар комитети менен биргеликте жүргүзүлүп турат. Айылдагы аялдар кеңеши, аксакалдар соту юридикалык каттоодон өткөн жана мөөрү менен мыйзамдуу иштешет.

Жергиликтүү бюджеттин эсебинен 550 миң сомго Улуу Ата Мекендик согуштун, Баткен коогалаңынын, Ооган согушунун катышуучуларынын тизмелери жазылган эстелик, өчпөс от жана БТР орнотулган. Азыркы күндө айыл өкмөттө Улуу Ата Мекендик согуштун 2 ардагери жашайт.

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндө акыркы жылдары 5 мечит ишке берилди. Анын ичинен 3 кабаттуу борбордук мечит 2500 адамга ылайыкташкан. Ага медресе, кичи футболдук аянча, чайкана кошо курулган. Медресе заман талабына ылайык 15 даана компьютер, 1 интерактивдүү такта, интернет байланышы жана видеокамералар менен камсыз кылынды. Жума намазы ушул чоң мечитте окулуп турат.

Ошондой эле, 200 млн сомго Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн Таш-Булак бөлүмүнө, тактап айтканда коңшу Өзбекстан Республикасына чектешкен аймакка чек ара тозоту Россия Федерациясынын кодоосу менен курулду.

Толук маалымат шилтемеде