Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Н.Мадимаров жетектеген Т.Кулатов айыл аймагы Ош облусунда эң мыкты айыл өкмөт деп аталды

Turmush - Ош облусунун Ноокат районундагы Т.Кулатов айыл өкмөтү 2017-жылды жакшы көрсөткүчтөр менен жыйынтыктады. Бул жылы да ишке ашырууга бир катар долбоорлор сунушталып, айыл өкмөттүн инфраструктурасын жакшыртуу максатындагы алгылыктуу иштер улантылып жатат. Бул багыттагы долбоорлор айыл өкмөттүн башчысы Мадимаров Нуридин Султановичтин жетекчилиги менен ишке ашууда.

Н.Мадимаров 1968-жылы Ноокат районуна караштуу Жал совхозунда туулган. Ал 2013-жылдан бери айыл өкмөт башчы болуп эмгектенип келет.

Билими жана эмгек жолу:

- 2012-жылы БатМУдан инженер-технолог адистигин алган;

- 2004-2008-жылдары Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин депутаты;

- 2008-2012-жылдары Ноокат райондук кеңешинин депутаты;

- 2012-2013-жылдары Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин депутаты.

Н.Мадимаров ар кандай сыйлыктарга татыган. Учурда жубайы менен бирге төрт балага тарбия берүүдө.

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөт 2017-жылы аткарган иштердин, социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары чыгарылып, Ош облусундагы эң мыкты айыл өкмөт болуп аталды.

Жыл жыйынтыгы жана пландар:

Айыл өкмөт 2017-жылы жалпы суммасы 18989,640 миң сомго тендер өткөрүп, Тешик-Таш айылындагы 3 чакырым жолго асфальт төшөдү. Ошондой эле Кызыл-Булак айылында 90 орундуу «Наристе балалык таңы» бала бакчасы ишке берилген. Ал эми Баглан, Таш-Булак айылдарында таза суу эң көйгөйлүү маселе болгон. Учурда айылга толугу менен таза суу жеткирилди.

Ак-Терек айылындагы К.Колдошов атындагы орто мектебинин имаратын курууга 12 081 800 сом жергиликтүү бюджеттен каралып, пайдаланууга берилген. Ошондой эле, 2017-жылы айыл башчылардын жетекчилиги менен айылдардагы электр чубалгылар тартылып, электр мамылар орнотулуп, ички арыктарга түтүктөр коюлду.

Былтыр Кызыл-Кыя шаардык мэриясы «Түштүк-Кыргыз цемент» акционердик коомунун жер аянтына байланыштуу жаңы жагдайлар боюнча кайрадан сотко кайрылган. Жыйынтыгында Жалал-Абад облусунун райондор аралык соту жана облустук сот Т.Кулатов атындагы айыл өкмөттүн пайдасына чечим чыгарды. Ошондой эле, «Кызыл-Кыя көмүр» ачык типтеги акционердик коомуна Кызыл-Кыя мэриясы тарабынан чыгарылган токтомдор жана «Абшыр» карьерине Ноокат мэриясы чыгарган токтом жокко чыгарылып, 8 млн 357 миң 895 сомдук 25,6 га жер тилкеси Т.Кулатов атындагы айыл өкмөттүн эсебине өткөрүлдү.

Айыл өкмөттүн алдында «Айыл курулуш» муниципалдык ишканасы ачылып, 2014-жылдан баштап 7 адам жумуш орду менен камсыз болду. Учурда жумушчулар 8 айылдан, 10 мектептен, айыл аймактагы дүкөндөрдөн чыккан чийки таштандыларды атайын тосулган таштанды таштоочу жайга жеткирет.

Таштанды жыйноо акысы үчүн кожолуктардан түшкөн акча каражаттын суммасы — 44 миң сом, айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнгөн акча — 117 миң сом болот.

Т.Кулатов айыл өкмөтүндөгү айылдарда аткарылган иштер:

Кожо-Арык айылындагы Абшыр-Сай жолуна 60 метр түтүк, А.Мадимаров көчөсүнө 42 метр желим түтүк орнотулду. Кош-Дөбө айылына таза суу жеткирүү үчүн 3 км арык казылып, жашоочулар таза суу менен камсыз болду. Ак-Терек жана Кош-Дөбө айылдарына 2600 метр электр чубалгысы тартылып, таза суу үчүн 800 метр шланг алынган. Айылдын ички көчөлөрүнө сугат суу өтүүчү темир түтүктөрдү орнотуу иштери да аяктады. Ошондой эле, 2017-жылы Ак-Чал, Кызыл-Булак, Таш-Булак жана Баглан айылдарында алгылыктуу иштер аткарылган.

Социалдык тармактар боюнча жооптуу катчынын маалыматы:

2017-жылга карата айыл аймактын калкынын саны 19 миң 881 адамга жетип, 2016-жылга салыштырмалуу 424 адамга көбөйгөн. Жарандык абалдын актылары боюнча алты айда 192 наристе төрөлдү. Расмий никесин каттаткан жаш үй-бүлөлөрдүн саны 45, ал эми көз жумгандардын саны 36 адамды түздү.

Социалдык жактан коргоо жана камсыздоо үчүн айыл өкмөттүн каттоосунда:

- ата-энесинен ажыраган 6 бала;

- атасынан же энесинен ажыраган 151 бала;

- жалгыз бой 10 карыя;

- кургак учук менен жабыркаган 39 адам;

- тубаса майып 47 адам;

- 18 жашка чейинки 22 майып бала;

- көрүү жана угуусунан жабыркаган 29 адам;

- тылда эмгектенген 7 ардагер;

- согуштун 1 ардагери;

- Ооган согушунун 16 катышуучусу;

- Чернобыль апаатынын 2 катышуучусу;

- Баткен коогалаңынын 28 катышуучусу бар.

Жергиликтү бюджеттен социалдык коргоо багытына 2017-жылы 400 миң сом каралса, анын ичинен арыз менен кайрылган жарандарга 100 миң сом бөлүнгөн.

Инвестиция:

Инвестициянын жана республикалык бюджеттин эсебинен Кожо-Арык айылында заманбап спорт комплексти куруу иштери башталды. Анын жалпы суммасы 21 млн сомго жетет. Ошондой эле, Кош-Дөбө айылындагы элге таза суу жеткирүү үчүн 512 миң сомдук инвестиция тартылды.

Ал эми «Мерсико» фонду Т.Айбашов атындагы орто мектебиндеги кенже класстардагы окуучуларга ысык тамак уюштурууда азык-түлүктү камсыздаган.

Электр тармагы:

Айыл өкмөттө 2017-жылдын январь айына карата дебитордук карыз 278 миң 994 сомго жетсе, учурда 177 миң 845 сом болуп, 36,13 пайызга кыскарды.

Толук маалыматтар шилтемеде