Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Кенжебек Бокоевдин Айыл өкмөт башчыларын түз шайлоо керек деген мыйзамы коомдук талкууда колдоо тапты

Бүгүн, 21-май күнү Бишкектеги “Орион” мейманканасында Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев демилгелеген, “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоолор жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланды.

Иш чарага эл өкүлү Кенжебек Бокоев өзү да келип, катышуучулардын суроолоруна жооп берди. Мыйзамдын негизги маңызы бул, депутаттыкка талапкер адам сөзсүз мамлекеттик тилди билиши керек, “Айыл өкмөт башчыларын түз шайлоо” жана жергиликтүү кеңештин депутаттарынын мөөнөтүн 4 жылдан 5 жылга которуп, ашыкча чыгаша кетирбей, келечекте Жогорку Кеңештин депутаттары менен бир күндө өткөрүү да пландалууда.

Эл өкүлү, “биринчи кезекте айыл өкмөт башчыларын түз шайлоону ишке ашырып алсак, келечекте шаарлардын мэрлерин дагы эл тарабынан түз шайлоо керек деген мыйзамды алып чыгабыз.” Деген пикирин айтты.

Тегерек столдун катышуучулары аймактарды өнүктүрүү жылында, мындай мыйзамдар керектигин жана тезинен Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алыныш керектигин айтышты.

Толук маалымат шилтемеде