Rita в тему «Установление жесткой вертикали власти НАЧАТО!!!» [26 Марта 2013]
Rita в тему «Установление жесткой вертикали власти НАЧАТО!!!» [26 Марта 2013]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу департаментинин директору Аскарбек Токтошев учурда «Ала-Тоо булагы» программасынын алкагында айылдарды суу менен камсыздоого жана санитарияны жакшыртууга багытталган эки долбоор ишке ашырылууда.
«Программа таза суунун жеткиликтүүлүк көйгөйү бар дээрлик бардык калктуу пункттарды камтыйт. Республиканын 115 айылында суу менен камсыздоо тутумдарын куруу пландаштырылган. Муну менен биз үч жүз миңдей адамды камтый алабыз. Мындан тышкары суу менен камсыздоого бардык социалдык мекемелер кошулган, мектептерде иштеп жаткандары оңдолуп же жаңы санитардык объектилер курулат. Долбоорлор Дүйнөлүк банктын жана Ислам өнүктүрүү банкынын колдоосунда ишке ашырылмакчы. Жалпысынан суу менен камсыздоону өнүктүрүүгө 94 млн АКШ доллары каралган», - деди Аскарбек Токтошев.
Өкмөт башчы белгилегендей, өлкөнүн аймактарын ичүүчү таза суу менен камсыздоо боюнча бардык долбоорлор белгиленген мөөнөттө бүткөрүлүшү керек.


Мухаммедкалый Абылгазиев баса көрсөткөндөй, өлкө калкы ичүүчү суунун жеткиликтүүлүгүнүн маанисин билиши керек.
«Биздин республика таза сууга бай. Өлкөбүздө суу менен камсыздоонун баасы эң төмөн. Суу – бул баа жеткис байлык, аны ар бирибиз сакташыбыз керек», - деп жыйынтыктады Өкмөт башчы.
Толук маалымат үчүн шилтемеден өткүлө