Rita в тему «Установление жесткой вертикали власти НАЧАТО!!!» [26 Марта 2013]
Rita в тему «Установление жесткой вертикали власти НАЧАТО!!!» [26 Марта 2013]

- Азыр долбоорду каржылаган банктардын үч жолу бар: тыныгуу, убактылуу токтотуу жана биротоло токтотуу. Азыр “тыныгуу” макамын колдонгону жатышат. Ал канча убакытты алары белгисиз, балким бир же эки жылга созулуп кетиши мүмкүн. Жыл башынан бери “Ала-Тоо булагынан" биз бир гана айылга суу киргиздик. Жылдын аягына чейин 18 айылга суу киргизмекпиз. Учурда каржылоону “тыныгуу” абалына жеткирбөөнүн аракетин кылып жатабыз.
Айрым депутаттар 11-октябрдагы парламент жыйынында элди таза суу менен камсыз кылуу максатын койгон “Ала-Тоо булагы" долбоору үзгүлтүккө учураганы калганын айтып чыгышкан. Депутат Каныбек Иманалиев буга чейин каржыланган 14 млрд. сомдук иш токтоп калганы жатканын, жөнөкөй кызматкерлер эмес, 52 инженердик кадр да иш таштоо алдында экенин билдирген. Ошону менен катар ал эл аралык уюмдар аталган долбоорду каржылоодон баш тартышы мүмкүн экенин кошумчалаган.
Быйыл январь айынан тартып "Ала-Тоо булагы" аттуу долбоор Айылдарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) менен чогуу ишке ашырыла баштады. Аны Дүйнөлүк банк жана Ислам өнүктүрүү банкы каржылоодо. Долбоорду ишке ашыруу үчүн алгачкы этабына 94 млн. доллар бөлүнгөн.
Расмий маалыматка караганда, ушу тапта өлкөдө 631 айыл таза сууга муктаж.
Толук маалымат шитемеде