Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Кара-Суудагы айыл өкмөт башчы менен жашоочунун чыры

Turmush - Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Шарабидин Капаров жергиликтүү эки жашоочуну сотко берип, 1,5 млн сом компенсация талап кылууда.

Аталган айыл өкмөттүн жашоочулары — Орозакан Токторалиева менен Гүлнара Мирзакеримова Жогорку Кеңешке, райондук жана облустук прокуратурага кайрылышкан. Мындан улам айыл өкмөткө тынымсыз текшерүүлөр келе баштаган.

Шарабидин Капаров: «Менин үстүмдөн облустук, райондук прокуратурага, облустук, райондук администрацияга арыз жазышкан. Мындан улам 2018-жылы текшерүүлөр абдан көп келди. Бир жыл бою жок нерселерди жазышып, менин жана айыл өкмөттөгү кызматкерлердин жумушуна тоскоолдук кылышты. Мындан улам 2-3 күн мурун Кара-Суу райондук сотуна кайрылууга аргасыз болдум. Беделиме шек келтиришкени үчүн 1,5 млн сом моралдык конпенсация талап кылуудамын», - деди.

Ал 2018-жылы прокуратура кызматкерлери тарабынан жалпы 15 текшерүү болгонун кошумчалады. Айыл өкмөт башчысынын арызы райондук сотко жөнөтүлгөн.

Ал эми Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов билдиргендей, Капаровдун арызы Кара-Суу райондук соту тарабынан кабыл алынып, бирок сот отуруму боло элек.

Айыл өкмөт башчысын күнөөлөп жаткан Гүлнара Мирзакеримованын айтымында, алардын арызынын негизинде келген комиссияларга Капаров акча берип койгон.

«Кайсы органга арыз жазсам алардын жоопторун сактап отурам. Айыл өкмөт башчысы текшерип келгендерди акча менен ынандырып коюуда. Үйдө эки келиним менен жашайм. Айыл өкмөттөн жер алууга укугум бар. 5-6 жылдан бери жер ала албай келем. Ал жер алыс аймактан берилерин айткан. Анан калса дөңсө жерлерди сүрдүрүп, сатып жиберип жатышат», - деди Мирзакеримова.

Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Шарабидин Капаровдун ысымы аралашкан чырлардын арты тыйылбай келет. Буга чейин аталган айыл өкмөткө караган Сүрөт-Таш тилкесиндеги үйлөрдүн көчөлөрү үй куруу үчүн жер тилке катары берилип кеткени айтылган. Кийинчерээк үй куруу үчүн берилген жерлер казылып, кайра толтурулганы белгилүү болгон.

Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу жалпы 2 миң 101 гектар жер бар. Анын ичинен 404 гектары кайрак, 1 миң 697 гектары сугат жер болуп саналат. Ал эми кайрак жерлердин ичинен 359 гектары үлүш жерлер, 45 гектары кайра бөлүштүрүү фондунун жери болуп эсептелет. Сугат жерлердин 1 миң 386 гектары үлүш жерлер болсо, 311 гектары кайра бөлүштүрүү фондуна карайт.

Аталган айыл өкмөттүн курамында 7 айыл бар. Анда жалпы 35 миң 600 адам жашайт. Бүгүнкү күндө айыл өкмөттөгү 3 миңге жакын адам жер тилкеге муктаж.

Толук маалымат шилтемеде