Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Кара-Сууда Савай айылдык кеңешинин жыйыны экинчи ирет үзгүлтүккө

Кара-Суу районундагы Савай айылдык кеңешинин жыйыны экинчи ирет үзгүлтүккө учурады. Айылдык кеңештин депутаттарынын айтымында, буга айыл өкмөт башчысы Мунарбек Сайпидинов жыйындан айрым депутаттарды алып чыгып кеткени себеп болгон. Бул тууралуу айылдык кеңештин депутаты Замирбек Султанов «Азаттыкка» маалымдады.

Савай айылдык кеңешинин 4-январга дайындалган отурумунда төрт маселе каралмак. Алар: айыл өкмөт башчысынын 2020-жылдагы иши тууралуу отчёту; 2021-жылга карата айыл өкмөттүн бюджетин бекитүү; айылдык кеңеш төрагасына айлык маяна чегерүү жана ар түрдүү маселелер.

Түрдүү маселелердин ичинде Савай айылдык кеңешинин төрагасына ишенбөөчүлүк көрсөтүү жөнүндө сунуш бар экенин кеңештин депутаты Эрмамат Айтмаматов «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында мындан тышкары айыл өкмөт башчы Мунарбек Сайпидиновдун отчётуна да канаатанбаган депутаттар арбын. Бул дооматты айылдык кеңештин төрагасы Али Байымбетов четке кагып, айрым кесиптештери саясат кылып жатат деген пикирин билдирди.

Савай айылдык кеңешинин отуруму буга чейин 29-декабрга дайындалып, кворумдун жоктугунан улам болбой калган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) ноябрь айында Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидиновдун үйүн тинтүүгө алып, анын ишмердиги текшерилип жатканын маалымдаган.

Сайпидинов Савай айыл өкмөтүн 2016-жылдан бери жетектеп келет. 4-октябрдагы парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын тизмесинде 126-талапкер болуп катышкан. Сайпидинов - Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун өкүл баласы. УКМК Матраимов кармалганын 20-октябрда кабарлап, ал өзү жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, мамлекетке өзгөчө чоң өлчөмдө зыян келтирген бул схема азыркыга чейин иштеп турганын билдирген. (MrA/ZKo)

Толук маалымат шилтемеде