Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Интернет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Ваш вопрос


Бектен     [29 Января 2017]

Саламатсынар. Чаек айыл окмотундо мурунку айыл окмот башчысы О. Жунушалиевдин мооноту бутконуно карабастан орун басарды буйрук кылып бекитип койгонго укугу барбы? Орун басарын бекитип койгон учурда жаны шайланган окмот башчы кандай кылышы керек жана орун басардын ордуна ваканция жарыялай алабы?

Ответ:

Айыл окмоттун орун басары бул административдик кызмат. Ал башка административдик кызматтай болуп эле конкурс аркылуу ишке келип - бекитилинет. Эгер, айыл окмоттун башчысынын орун басары конкурстан отуп келсе, аны бекиткени туура эле иш. Эгер ал милдетин аткаруучу болсо, сиз айыл окмоттогу бут милдетин аткаруучу адистерге конкурс жарыялашынар керек. Милдетин аткаруучу болбосо, анда ал оз ишин уланта бергенге укугу бар.

Максат     [28 Января 2017]

Саламатсыздарбы! Мен бир нече айдан бери айыл окмот башчысынын милдетин аткарып келе жатам? Озум жоопту катчы болуп иштейм мага кошумча каражат айлыкка канча пайыз кошулат мыйзам негизинде 30% же 50 %бу? Кайсы мыйзамда жазылган?

Ответ:

Максат саламатсынарбы. Сиздин суроонуз Эмгек кодесинин, 167-статьясы "Кесиптерди (кызмат орундарын) айкалыштыргандагы жана убактылуу жок кызматкердин милдетин аткаргандагы эмгек акы" менен чечилет: "Бир эле иш берүүчүдө эмгек келишиминде шартталган өзүнүн негизги жумушу менен катар башка адистикте, квалификацияда же кызмат орунунда негизги жумушунан бошотулбастан кошумча жумуш аткарган кызматкерге кесиптерди (кызмат орундарды) айкалыштырганы же убактылуу жок кызматкердин милдеттерин аткарганы үчүн кошумча акы төлөө жүргүзүлөт. Кесиптерди (кызмат орундарды) айкалыштырганы же убактылуу жок кызматкердин милдеттерин аткарганы үчүн кошумча акылардын өлчөмдөрүн иш берүүчү кызматкер менен макулдашуу боюнча аныктайт, бирок айкалыштырылган иш боюнча ставканын (айлык акынын) отуз пайызынан аз болушу мүмкүн эмес". Ушул мыйзамдар биздин сайттын Законодательство деген болугунон тапсанар болот. Суронузга рахмат!

Бектен     [28 Января 2017]

Саламатсынарбы. Чаек айыл окмотуно башчы болуп жаны шайландым, анан кандай тартипте, кайсы мыйзамдардын негизинде жумушту откоруп алам?

Ответ:

Айыл окмоттун кобунчо документтерине жоопту катчы жооп берет, бир нерсе андан алсанар, акт приемки передачи кылып коюнуз - алдым деп. Финансалык жактан финансы - экономикалык болумдун башчысы жооп берет, сиз кээ бирооно кол коесуз. Кайсы мыйзамдын негизинде жасалып жатканын карап кол коюнуз, мыйзамсыз болсо жоопко тартылып калышынар мумкун. Атайлап жумушту откоруп алуу деген процедура деле жок. Мисалы кызматтык унааны акт аркылуу откоруп алыныз, бир сыйра анын абалын каратып. Ошол актка кемчиликтерин аныктап туруп.

Бектен     [28 Января 2017]

1) Как провести прием передачу документов для новоизбранного главы МСУ; 2) Каков механизм акта приёма передачи; 3) Как пригласить аудит для акта приёма передачи документов и бухгалтерию МСУ?

Ответ:

Бектен здравствуйте. Все документы необходимые для ведения дел в айыл окмоту находятся в ведении ответственного секретаря. То что необходимо взять главе: печать, служебную автомашину, может быть сейф с какими то документами - если есть таковые, все берите через акт приемки у ответственного секретаря. Экс глава когда покидает свой пост, он должен был все это сдать ответственному секретарю. Аудит для приема документов и бухгалтерии МСУ приглашать не надо. За состояние дел и финансовые документы отвечает начальник финансово экономического отдела айыл окмоту. Вы будете отвечать только за те документы, которые Вы начнете подписывать в качестве главы. Для того чтобы внедрить в практику МСУ хорошие инструменты прозрачности деятельности, можете с вновь избранными депутатами ежеквартально проводить общественные слушания и заслушивания отчетов за квартал. В Кыргызстане до сегодняшнего дня не сложилась практика заслушивания отчетов уходящих глав, поэтому на первом своем квартальном отчете можете показать, с какими результатами развития Вы получили муниципалитет в свое управление. Эти мероприятия позволят Вам выслушать ожидания Ваших граждан и скорректировать Вашу деятельность. Спасибо за вопрос.

Жээнбек     [26 Января 2017]

Саламатсыздарбы! Айыл окмот башчысын эки жолу шайлай албай, кенеш тарап кетсе ошол депутаттар кайра шайлоого катыша алабы? Анан 29.12.2016-ж.№706 токтом боюнча суроомо да жооп берип койсонуздар, сураныч..

Ответ:

Жээнбек мырза саламатсынарбы. Айыл окмот башчысын эки жолу шайлай албай калсанар, кенеш таркатылат, таркатылып кеткен депутаттар кайра шайлоого катыша алышат. Тажрыйба корсотуп тургандай, кайра эле ошол депутаттар жергиликтуу кенешке депутат болуп келишет. Ошондуктан, отуруп ачык суйлошуп убакытты текке кетирбей айыо окмоттун башчысын шайлап алсанар жакшы болот, анткени ар бир жайлоо мамлекеттин бюджетинен 700 мин сомдон ашык каражат талап кылат. № 706 Токтом боюнча жооп бергенге аракеттендик. Сиз муниципалитеттин кызматкери болсонуз, бул Токтом мамлекеттик кадр кызматына таандык, конкурсту алар откорушот.

Жээнбек     [25 Января 2017]

Жакында конкурс откоруу боюнча Окмоттун жаны токтому чыкты. (29.12.2016-ж. №706) Муниципалдык кызматкерлерди конкурстан откоруудо: конкурстук комиссия, конкурстук комиссиянын конкурс откоруу моонотторун жана иш регламентин аныктайт деп 13-пунктунда жазылып турат. Бирок, анын баары токтомдун жобосунда корсотулгон. Регламентти бекитуунун зарылчылыгы барбы?

Ответ:

Жээнбек мырза саламатсынарбы. Сиздин суроонузга жооп беруудо кыйынчылык пайда болду. Анткени сиз эмне кызматты ээлегенинер тушунуксуз бизге. Мамлекеттик кадр кызматы муниципалдык кызматкерлерди конкурстан откоруудо жанагы сиз жазган Окмоттун токтомуна ылайык иш алып барышат. Ишинин регламенти созсуз бекитип алып. Эгер сиз ошол комиссиянын ишин алып баруу боюнча суроо берсениз, анда регламентте токтомдордун жобосуна караганда майда чуйдо маселеллерди регламент аркылу аныктап койсо болот. Кийин чыр чатак болбош учун. Жообубуз сизди канаттандырбаса анда телефон аркылуу байланышсаныз болот. (0707) (0554) 620484

Эльвира     [25 Января 2017]

В настоящее время я работаю в айыл окмоту с 2000 года, но в 2004 по 2006 год я работала в другой организации, но потом я вернулась опять в айыл окмоту, но в тот период я была депутатом айыльного кенеша, этот стаж ведь засчитывается в муниципальный стаж при расчете стажа работы, это влияет на заработную плату.

Ответ:

Эльвира саламатсынарбы. Закон КР "О статусе депутатов местных кенешей", Статья 25. "Охрана трудовых и иных прав депутата" гласит: "..... Время работы депутата в местном кенеше засчитывается в стаж муниципальной службы, а также в стаж работы (службы) по той специальности, по которой он работал до избрания депутатом в местный кенеш. За депутатом сохраняются все права и льготы, которыми пользуются работники соответствующего предприятия, учреждения, организации".

Эльвира     [25 Января 2017]

Какие квалификационные требования должны быть на землеустроителя айыл окмоту

Ответ:

Эльвира здравствуйте. Землеустроитель айыл окмоту может занимать старшую или главную административные должности. А какие требования предъявляются к данным административным муниципальным должностям, можете посмотреть в ст. 14 "Квалификационные требования", Закона КР "О государственной гражданской службе и муниципальной службе" от от 30 мая 2016 года № 75. Данный Закон имеется в картотеке нашего сайта. Пройдите в раздел Законодательство и найдите среди законов. Законы находятся в актуальном виде, так как они привязаны к сайту Министерства юстиции КР. Спасибо за вопрос.

Бакберген     [23 Января 2017]

Саламатсызбы! Ак-Булун айыл окмотунун жайыт пайдалануу бирикмеси Арис программасы аркылуу спецтехника сатып алган. Учурда техниканы бекитип беруу келишимин тракторист менен тузуу кандай тузсок болот. Кайсы келишимдин негизинде бекитип беребиз. Конул бурганынызга Рахмат!

Ответ:

Урматтуу Бакберген мырза! Кандай гана долбоордон, кайсы гана демөөрчүдөн келбесин бардык каражаттар муниципалдык мүлк катары эсептелет, жана анын баары айыл өкмөттүн бухалтериясында каттоодо туруусу керек. Жайыт комитети тарабынан долбоор аркылуу келген трактор муниципалдык кыймылдуу мүлк болгондуктан, айыл өкмөтү менен жайыт комитетинин ортосунда ал техниканы пайдалануу тууралуу келишим түзүлөт. Айыл кеңештин сессиясында техниканы максаттуу колдонуу эрежелерин бекитип алуу керек. Андан кийин жайыт комитети техниканы иштетүү , колдонуу боюнча тракторист менен келишим түзөт.

Экс глава айыл окмоту     [20 Января 2017]

Бостери айылынын башчысы Кубатбек Рымович депутатарга акча берип отуп келип, куйо баласы черный болсо, аким, зам акимге акча берип койсо, окмото иштегендер башчыбыз деп унчукпай журо берсе Кубатты жашырып иш журо берет турбайбы. Коррупция менен курошуу деп коюп, арак ичип жума менен ишинде жок, текшерген орган жок. Бугун дагы жок мас болуп жатат уйундо. Депутат, аким иштейби?

Ответ:

Айыл окмоттун башчысын айыл кенештин депутаттары шайлаган. Демек, анын иши депутаттар кана тескей алат. Аким айыл окмот башчысын мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышы боюнча жоопко тарта алат. Демек, силер айыл аймактын тургуну катары, депутаттардын алдына ушул маселени которуп чыгышынар керек. Андай кыла албасанар, ар бир коомчулук жааматы оз башчысына татыктуу. Орусча айтсак, каждый народ заслуживает своего правителя. Силердин 80 % элинер бул корунушко кайдыгер болбогонго, эл озу башка депутаттарды шайлап, же алардын алдына бул маселени коюп, талап аркылу койгойду чечишет.