Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Интернет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Ваш вопрос


Уларбек     [12 Января 2018]

Саламатсызбы. Менин суроом мындай: эгерде окмоттун кызмат оорду бошосо жана ал кызматка 1жыл МСУда иштеген стажы бар депутаттан болок эч бир кандидат чыкпаса эмне болот, иш орун стаждуу адам табылганча вакантный бойдон тура береби? Же ошол жалгыз кандидат шайланса болобу? Алдын ала чон рахмат.

Ответ:

Урматтуу Уларбек! Эгерде жергиликтүү бийликтин аткаруу органы болгон айыл өкмөттүн башчысынын кызмат орду бошосо, ал орунга КР мыйзамдарына жана Борбордук шайлоо комиссиясынын 2011-жылдын27- декабрындагы №423 “ Айыл өкмөт башчыларын шайлоонун тартиби “ жобосуна ылайык шайлоо өткөрүлөт. Анда айыл өкмөт башчылыгына коюлуучу талаптар көргөзүлгөн (4-п.) Уларбек, ал талаптарды окуп чыксаңыз, сиз атаган депутатыңыз ал талапка дал келбегенин көрөсүз. Жаңы айыл өкмөт башчы шайланып келгиче айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруу убактылуу жооптуу катчыга же башка кызматкерге жүктөлүшү мүмкүн. Борбордук шайлоо комиссиясы мыйзамда каралаган мөөнөттө шайлоону өткөрүүгө милдеттүү.

Эркин     [11 Января 2018]

Здравствуйте. Ответьте пожалуйста на вопрос, правильно ли что глава а/о находясь на больничном осуществляет свои полномочия, и в то же время не являться на отчетную сессию кенеша ссылаясь на больничный лист. Сколько может длиться больничный лист.

Ответ:

Уважаемый Эркин! Больничный лист выдается человеку при его временной нетрудоспособности в связи с болезнью. До его закрытия сотрудник должен строго соблюдать режим лечения, назначенный врачом. Выход на работу во время больничного считается грубым нарушением прав работника. Согласно закону, работодатель не имеет права в одно и то же время оплачивать сотруднику больничный и начислять заработную плату. Т.е. глава айыл окмоту находясь на больничном временно прекращает свои полномочия. Длительность больничного листа зависит от характера болезни, они могут быть минимальным или максимальным.

Асан     [9 Января 2018]

САЛАМАТСЫЗДАРБЫ,мен айыл окмотунун кызматкери азыркы кызматка келгенге чейин дыйкан чарба мучосу болчумун.Жашаган жерим тоолуу район Нарын облусунун Ат-Башы районунан болом,2018-жылга чейин тоолуу райондо жашап жана иштегендигибиз учун дыйкан чарбада мучо болуп иштеген жылдарды эмгек стажыга кошуп усток акчасын алып келгенбиз.2018-жылдан баштап дыйкан чарбасындагы мучо болуп иштеген жылдарымды тоолуу райондогу эмгек стажыга киргизбей жатат.Себебин сурасам, Нарын шаарындагы Эмгек инспекцисынан Дыйкан чарба мучосу болуп иштеген жылдар тоолуу райондогу эмгек стажыга кирбейт; деген билдируунун негизинде деп жатат.Ушул эле дыйкан чарба мучосу болгон адам тоолуу райондо жашап жана иштегендиги учун эмгек стажысы эсептелинип женилдетилген пенсияга социалдык фондго социалдык взносторду толоп пенсияга чыгып жатышат.Менин суроом томонкучо: тоолуу райондо жашап жана иштегендигибиз учун дыйкан чарбада мучо болуп иштеген жылдар эмгек стажыга кошулабы жана усток акчасы толонобу? Менин суроомо тезинен жооп берип коесуздарбы, жылдын башы болуп эмгек акы толоо боюнча тарификацияны бекиткен атышат. Алдын ала РАХМАТ!

Ответ:

Урматтуу Асан! Сиз айыл өкмөткө келгиче өзүңүздүн дыйкан чарбадагы иштеген мезгилиңиз эмгек стажына кирбей калат. Себеби, дыйкан чарбада сиздер эмгек акы алып, андан мыйзамда көргөзүлгөн киреше (подоходный налог) салыгын жана камсыздандыруу взносун төлөө жүргүзүлсө, эмгек стажы катары кароого болмок. Аймактарда жашаган көпчүлүк жарандарыбыз ушул үлүш жерине төлөгөн жер салыгы менен социалдык фондго төлөнгөн камсыздандыруу взностторун жаңылып, эмгек стажы катары эсептеп жүрүшөт. Бул төлөмдөрдүн эмгек стажына тиешеси жок, бар болгону социалдык фонддон пенсияга чыгуу учурунда эсепке алынат. Айыл өкмөттө жана ага чейинки эмгек акы алып иштеген жылдарыңыз гана тарификацияга таасир этет.

Мэри     [7 Января 2018]

Бир эле айыл аймактагы айыл өкмөтүнө караштуу бир айылда чарба китебинде каттоодо туруп, бирок ошол эле айыл өкмөтүнө караштуу экинчи айылда иштейбиз. Айыл өкмөтүнөн душ тууралуу справка сурасак, каттоңорду иштеген айылга которгула, деп бербей жатат. Ушул туурабы? Туура болсо кайсы закондун негизинде?

Ответ:

Жооп: Урматтуу Мэри! Сиз жазган “душ” деген эмнени түшүндүрөт? Айыл өкмөтү сизге паспорттук каттоодо кайсы даректе турсаңыз ошол дарек боюнча гана маалымдама (справка) бере алат. Сиз бир мезгилде эки даректе каттоодо тура албайсыз да,ал үчүн бир айылдан паспорттук каттоодон чыгып, экинчи айылга каттоого турууңуз керек. Албетте, айыл өкмөттүн чарба китебинде сиздин жана сиздин үй-бүлө мүчөлөрүңүздүн баардык маалыматтары бир гана дарек боюнча жазылат. Мажбурлап жарандарды каттоодон чыгарууга мыйзам жол бербесин жакшы билесиз, эгер мүмкүн болсо бул кайсы айылда болуп жатканын кабарлап койсоңуз, кабарлашып такталган маалыматтарды берип жардам көрсөтүп коймокпуз.

Перизат     [5 Января 2018]

Саламатсыздарбы. Менин суроом төмөнкүдөй: Эгерде муниципалдык жооптуу кызматкер 6 айга эмгек өргүү сакталбаган өргүүгө кетип жатса, ага эмгек өргүү берсе болобу?

Ответ:

Урматтуу Перизат! Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 133- беренесинде Эмгек акы сакталбаган өргүү тууралуу так көргөзүлгөн. Андан тышкары сиздин сурооңузга так жооп берүү үчүн кээ бир маалыматтар жетишпейт, мисалы мурунку эмгек өргүүсүнө качан чыкканы, андан кийин 6 айга кетип жатабы же ага чейинби? Муниципалдык кызматкер менен иш берүүчү болгон айыл өкмөт башчысынын ортосунда 6 айлык мөөнөткө эмгек акы сакталбаган өргүү жогорудагы мыйзамдын беренесинде каралган эмес.

ЗАРИНА     [5 Января 2018]

Здравствуйте коллеги С НОВЫМ ГОДОМ! Удачи во всех начинаниях, терпения в нашей нелегкой работе. Напомните пожалуйста как рассчитать з/плату төрага а/кеңеша? Согласно какого закона?????

Ответ:

Уважаемая Зарина! По вашему вопросу отвечаем, прочитайте приказ Государственного агенства по делам местного самоуправления и межэтнических отношений при Правительстве КР № 01-24/166 и получите ответ на свой вопрос.

Шерзат     [4 Января 2018]

Саламатсыздарбы. Менин суроом: мен өзүм трансформатор (ТП) орнотойун дегем. Бирок трансформатор турак уйгө 4-5метр аралыкта туура келүүдө. Кээ бирөөлөр ПУЭнин талаптарына жооп бербейт деп, койдурбай жатат, ошондуктан трансформатордун айланасы канча метр аралыкты тузүшү керек? Рахмат.

Ответ:

Урматтуу Шерзат! Бул суроо боюнча өзүңүз жашап турган райондогу электр тармагына кайрылууңуз керек (РЭС), алар өздөрү келип көрүп, талаптарга дал келгендей тыянак чыгарышат, эгер трансформатор коюла турган жер аянты муниципалдык жер болуп калса, анда айыл өкмөтү мыйзамга ылайык чечим чыгарып бере алат.Ошондуктан РЭС трансформатор ордун техникалык эрежелерге таянып аныктап беришет.

Нургул     [4 Января 2018]

Саламатсыздарбы. Жаны 2018-жылыныздар менен! Уулум неберем менен шаарда турат, ички мигрант (өзүнүздөр билгендей айылда жумуш жок). Каттоосу айылда, жаны мыйзам боюнча небереме жөлөкпул чектелеби ?

Ответ:

Урматтуу Нургүл! Сизди да жаңы жылыңыз менен куттуктайбыз! Небереңизге жөлөкпул ата-энеси паспорттук каттоодо турган дареги боюнча каралып чектелет. Бирок уулуңуз балдарына жөлөк пулду банктын карточкасына түшүрө берсе, Кыргызстандан кайсы аймагында жашабасын, жөлөк пулду балдарына карточка аркылуу ала беришет.

Шерзат     [28 Декабря 2017]

Саламатсыздарбы, менин суроом комок чордондордун (ТП) корголуучу зонасы канча метрди тузот.

Ответ:

Урматтуу Шерзат! Көмөкчү чордондорду орнотууда атайын эсептелген нормаларга ылайык жүргүзүлөт. Көмөкчү чордондордун кайсы жерге орнотуу маселеси айылдын генералдык планында даана көрсөтүлүшү керек, эгер генералдык план жок болсо, орнотуп жаткан тарап тийиштүү мамлекеттик мекемелер( архитектура, мам.каттоо ж.б.) менен сөзсүз түрдө тактоо жана макулдашуу жүргүзөт. Көмөкчү чордондун ээлеген орду жана корголуучу зонасы анын көлөмүнө,техникалык параметрине жараша болот.

ТТ     [24 Декабря 2017]

Айылдык кеңештин депутатына эмне учун айлык акы төлөнбөйт, аларда чыгым барго?

Ответ:

Урматтуу ТТ! Жергиликтүү кеңештин депутатына (шаардык же айылдык кеңеш) айлык акы төлөө мыйзамда каралаган эмес. Себеби, депутат өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын өндүрүштүк же кызматтык ишинен кол үзбөй туруп жүзөгө ашырат. Демек, мыйзам депутатка иштеген ишин үзгүлтүксүз улантууга жол берет жана депутаттык ишмердүүлүгүн коомдук башталышта жүргүзөт. Өзү мүчө болгон айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын жыйынына же айылдык кеңештин сессиясына катышкан учурда иш берүүчүлөр депутаттын эмгек акысын сактоо менен иш ордун убактылуу калтырууга мүмкүнчүлүк берет. Андан сырткары жергиликтүү бюджетте депутаттардын чыгымына каражат каралбайт.