Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Интернет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Ваш вопрос


Шер     [15 Февраля 2017]

Саламатсыздарбы? Суроом: Бош ваканттык орундар боюнча МККнын сайтынан башка кайсыл газетага жарыяланат? Себеби интернет аркылуу биз МККнын сайтынан эле коробуз, бирок коп айыл окмоттун жарыялары ал жакка чыкпайт.

Ответ:

Шер саламатсынарбы. Бош муниципалдык кызматтарга бош орундар бардык массалык маалымат каражаттарына, интернет сайттарга жарыя берсе болот, чектөө жок. Бирок, КР "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамына ылайык, 23-беренесинде п. 6. "Ачык конкурс бош кызмат орду болгондо, конкурс өткөрүү жөнүндө маалыматты гезитке жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын веб-сайтында же болбосо башка расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына, ошондой эле мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын веб-сайтында бош кызмат орду пайда болгондон кийин 10 жумушчу күндүн ичинде жайгаштыруу жолу жарыяланат". Ушул эрежени сиздер сактоого милдеттусунор, кийин бул эрежелер сакталбаса бош орунду ээлеген иш чара мыйзамсыз, деп табылып калышы мумкун.

Уларбек     [15 Февраля 2017]

Мен Кыз-Кол айылдык кенештин депутаты Назаров Уларбек. Менин суроом томондогучу: Биздин айылда муниципалдык менчикте турган поликлиника бар, ал зданияны ОКМдан келип колдонууга жараксыз деп тыянак чыгарып кетишкен, коп жылдан бери колдонулбай келет. Эгер аны айылдык кенетин депутаттары сатабыз десек, анда кайсыл мыйзамга таянышыбыз керек жана кандай шартта ал обьектини сатууда биздин аракетибиз туура болот, ошондой эле алмашууну кайсыл мыйзамдын негизинде жасай алабыз. Рахмат.

Ответ:

Уларбек мырза саламатсынарбы. Сиз жазган аракеттер КР “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык жасалат. Биринчиден, бул мулк муниципалдык менчик катары мамлекеттик каттодон откон, катталган куболугу болуусу керек. Экинчиден, силердин жергиликтүү бийликтин УСТАВына - ылайык, алгач айылдык кенеш озунун туруктуу комиссиясында Муниципалдык менчикти кандай пайдалануу программасын иштеп чыгып, айылдык кенештин сессиясында карап, талкуулап жана бекитип алуу керек. Жогоруда корсотулгон мыйзамдын 11-13 беренелерин карагыла. Учунчудон, 13 беренеде корсотулгон иш чараларды коомдук угуу аркылуу бекитсенер, жергиликтуу кенештин кийинки чечимдери калктын ой пикирине таянып маанилуу болот. Негизгиси, муниципалдык мулкту сатуудан тушкон каражатты, кайра калкка керектуу мулкко айлантып алсанар жакшы болот. Айылынардын калкы кайсы кызматка муктаж, ошол кызматты корсоткон ишкананын имаратын кайра тургузуп койсонор, айыл аймагынардагы муниципалдык мулкунордун саны азайбай, корсотулгон кызматтар кобоюп, элдин алкышына ээ болосунар.

Сыймык     [11 Февраля 2017]

Саламатсызбы Рита эже, сизге дагы суроо менен кайрылайын дедим эле. Стаж 11.12.2016-жылы айылдык кенешке шайлоо откорулгондон баштап эсептелеби же биринчи сессия откорулгондон баштаппы? Конул бурганынызга рахмат.

Ответ:

Сыймык мырза саламатсынарбы! Депутаттык стаж Борбордук Шайлоо комиссиясынын шайлоонун жыйынтыгын официалдуу жарыялап, шайланган депутаттардын тизмесин жарыялап токтом кабыл алгандан башталат. Ошол токтом чыккан күн Сиздин депутаттык алгачкы күнүңүз катары эсептелет.

Асанбек     [10 Февраля 2017]

Саламатсызбы? Мен Жалал-Абад облусунун Сузак районунуна караштуу Кара-Алма айыл окмотунон суроо берип атам. Бизде жердин баары мамлекттин жери болуп эсептелет. Тагыраак айтканда токой чарбасына тиешелуу. Ошолор налогун алат, ошолор ээлик кылат. Биз жергиликтуу бюджеттин эсебинен бала бакча курсак, жерди кантип откозуп алабыз? Конул бурганынызга чоон ыраазычылык билдирем.

Ответ:

Урматтуу Асанбек мырза саламатсынарбы! Токой чарбанын ээлигинде турган жерлер-мамлекеттик менчиктеги жерлер. Токой чарбанын ээлигинде турган жерлер айылга өтө жакын, бала бакчага ылайыктуу жер болсо, алгач ал жер аянтын трансформациялоо иштерин жүргүзүү зарыл. Трансформациялоодон кийин жерди муниципалдык менчикке өткөрүү керек. Жер аянттын башы толук чечилгенден кийин гана бала бакчаны курууну болжолдоп, пландап жана иш-аракеттерди жургүзө бересиңер. Мамлекеттик органдар тараптан документтештирип, анан кана ишке ашыргыла.

Алмаз     [10 Февраля 2017]

У меня нет вопросов я просто хочу пожелать удачи!

Ответ:

Алмаз мырза здравствуйте. Спасибо Вам за теплые слова поддержки, и Вам удачи во всех начинаниях. Передавайте другим своим коллегам о нашем сайте, надеюсь что помогаем местные дела разруливать в правовом поле.

Бакыт     [9 Февраля 2017]

Суроома толук жооп берсениз мугалимдик трудовой книжкама жазылабы депутаттык Ишим. 25 статья Депутаттын эмгектик Жана башка укуктарын коргоо жазылыптыр бирок тушуноо албадым кечиресиз толуктап берсениз. Рахмат

Ответ:

Бакыт мырза саламатсынарбы! Мугалимдик ишиңиз эмгек стажы катары эмгек китепчеңизге жазылат. Ал эми депутаттык стаж эмгек китепчесине жазылбайт, мыйзам чегинде гана муниципалдык стаж болуп эсептелет. Депутаттык стаж мугалимдик стажга кошулбайт.

Сыймык     [9 Февраля 2017]

Саламатсызбы Рита эже мен Токтогул районуна караштуу Торкен айыл аймагынан сизге суроо менен кайрылайын дедим эле. Торкен айыл окмотуно шайлоо 14-февралга белгиленип окмотко талапкерлигимди корсоттум. Эмгек стажым 1 жыл 11 ай айыл башчы болуп иштегем. 2016-жылы 11-декабрда айылдык кенешке депутат болуп шайландым. АШК эмгек стажын жетпейт дешип талапкерлигимди откоруудон баш тартышууда. 11.12.2016-жылдан берки депутаттык эмгек стажга кошулабы? Конул бурганыныз учун терен раазычылык билдирем

Ответ:

Саламатсынарбы Сыймык мырза. Картотекада бул мыйзам орус тилинде кана илинип турганына байланыштуу, мыйзамга шилтемени орусча илип коем. Статья 25. "Охрана трудовых и иных прав депутата" Закона КР "О статусе депутатов местных кенешей" гласит: "..... Время работы депутата в местном кенеше засчитывается в стаж муниципальной службы, а также в стаж работы (службы) по той специальности, по которой он работал до избрания депутатом в местный кенеш. За депутатом сохраняются все права и льготы, которыми пользуются работники соответствующего предприятия, учреждения, организации". Ошондуктан жетпей жаткан 1 ай моонотунор азыркы депутат болгонунар менен толукталат, жалпы стажга кирет. Сизди талапкер катары каттабаганга мыйзамдык негиз жок. Суроонузга чон рахмат. Башка депутаттарга дагы ушул сайт жонундо айтып койгула, окуп кучтоно берсин. Иштиринерге ийгилик.

Бакыт     [9 Февраля 2017]

Мен азыркы учурда мугалиммин, депутаттык кызматым мугалимдик стажыма кошулабы?

Ответ:

Бакыт мырза саламатсынарбы. Депутат болуп туруп сиз мугалимдик кесибинизди уланта бересиз. Ошондо сиздин педагогикалык стажынар кете берет. Депутаттык иш жалпы муниципалдык стажга кирет, педагогикалык стажга киргизип не кажети бар?

Чаек айыл окмоту     [8 Февраля 2017]

Добрый день! У нас такой вопрос; Уходя с работы прежний глава Чаек айыл окмоту назначил 30 декабря 2016-года ответственного секретаря Чаек айыл окмоту на должность заместителя главы в порядке перевода. Не противоречит ли это статье 51 закона о местном самоуправлении? Закон О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики; О местном самоуправлении; от 14 мая 2016 года № 58, Статья 1. Внести в Закон Кыргызской Республики; О местном самоуправлении; (Ведомости Жогорку Кенеша Кыргызской Республики, 2011 г., № 7, ст.1004) следующие изменения:1) часть 3 статьи 51 изложить в следующей редакции:3. Заместитель главы айыл окмоту является муниципальным служащим, назначаемым главой айыл окмоту по результатам конкурса.

Ответ:

Здравствуйте представители Чаекского айыльного аймака. Согласно Закона КР "О государственной гражданской службе и муниципальной службе" от 30 мая 2016 года № 75, Статья 30. "Ротация государственных гражданских служащих и муниципальных служащих" прописано что Ротация - перевод или перемещение служащих в системе государственной гражданской службы и муниципальной службы, что у Вас в Чаеке и произошло. Так п.п. 6 гласит: Ротация проводится на равнозначные должности либо нижестоящие должности. При ротации на нижестоящие должности заработная плата служащего сохраняется по предыдущей должности. Согласно Реестра государственных и муниципальных должностей должность ответственного секретаря относиться к категории ГБ, а должность заместителя к категории ГА, то есть более вышестоящая должность. А по Закону нельзя производить ротацию из нижестоящей должностной позиции в вышестоящую, только через конкурс. Спасибо за вопрос. Указанные Законы есть в нашей картотеке в разделе Законодательство.

Гулжигит     [8 Февраля 2017]

Саламатсыздарбы! Менин суроом томондогу. Бизде айыл жергесинде электр мамычалары (столбалары) трансформатор турган жерлерибиз айыл окмотуно карайт, а электр мамычалары болсо а/о балансында эмес РЭСке карайт. Ошол айыл окмот бюджетине электр мамычалар турган жер учун жер салыгын алса болобу? Болсо канбай жол менен, кимден алабыз, себеби биз электр энергия учун айтылган акчасын беребиз. А ал мамычалар турган жер учун эч ким, эч кимге, эч нерсе толобойт.

Ответ:

Гулжигит саламатсынарбы. Жакшы суроо бердиниз. Салык кодесинин 339-беренеси "Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгынын ставкалары" бул сурооно жооп берет. 1 пунктунда сиздин региондо канча калк жасайт, аныктап туруп жер салыгынын ставкасын билсениз болот. Анан 6 пунктун 19 п.п. "байланыштын жана электр берүүлөрдүн аба линиялары" - 0,01 коэфициент коюлган. КР жер салыгынын ставкалары эн томон, а 0,01 деген коэфициент ал толомду таптаакыр кичинекей кылып салган. Ошондуктан АО ага чуркашпайтда, конул дагы бурушпайт. Салык кодексти ушул биздин сайттын "Законодательство" деген разделинде колдонсонор болот. Рахмат.