Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Интернет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Ваш вопрос


айыл башчы     [16 Февраля 2019]

Саламатсыздарбы. Айылдагы элге мурда уй курганга 0,15гадан 1994-жылдары берилген. Кээ биринин эч кандай документтери жок архивде да кээ бири отуп кеткен, кочуп кеткен, дайны жок дегендей. Ошолордун ордуна А\О кызматкерлери азыр башкаларга кээ бирине конулуно карап, акчасына, туугандарына карап бере баштаган. 3-4 кошунадан чыр чатак жок деп жаздырышып, көп жылдан бери пайдаланып журөт дедирип тушунуктун негизинде токтом чыгарууда. Азыр болсо 5 га трансформацияга документери кеткен, жогору жактан чечим чыга элек, бирок арендага алып журушот. Жерге очеред 100дой адам, а бирок кийинки жазгандар эле ала башташты. Ошону текшертиш учун кандай жол менен кимдерге кайрылып текшерип мыйзамдуу кылыш керек. Жооп кутөм. Чоон рахмат.

Ответ:

Урматтуу Айыл башчы! Негизи эч бир жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы мыйзамсыз (трансформация болбогон, башкы планы – (генпланы) жасалбаган ж.б.) жер аянттын турак-жай салууга бөлүп бере алышпайт. Өлкөбүздө 1992-1995-жылдары турак-жай салууга берилген жерлерге системалык каттоо жүргүзүлгөн, анда бардык жерлердин ээлери аныкталып, такталган болуучу. Ээси аныкталбаган жер аянттар убактылуу жергиликтүү органдардын пайдалануусунда жана карамагында калган. Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 33-беренесине 2-пунктуна ылайык : “ Кыргыз Республикасынын жарандарынын жер участогун акысыз берүү жөнүндө арызы ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат жана жер участогун берүү кезектүүлүк тартибинде берилет”. Турак-жай салуу үчүн кайрылган жарандардын арызы ыйгарым укуктуу орган болгон айыл өкмөттө катталып, анда тартипке ылайык кезекке туруусу керек. Арыз жазгандар арызына берилген жоопто жер участкасынын бары же жогу, кезекке канчанчы болуп турганын ж.б. маалыматтарды билип алганы оң.. Бул маалыматтар жарандар үчүн ачык-айкын жана жеткиликтүү болуусу керек. Эгерде андай мүмкүнчүлүктөр жок болсо, анда айылдык кеңешке жана укук коргоо органдарына кайрылууга аргасыз болосуз.

Нуркан     [15 Февраля 2019]

Саламаттасыздарбы, менин сиздерден сурайын дегеним, сапар чыгымындагы суткалык акы толоолор кандай шартта толонот. Сапарга чыккан кызматкерге райондун борборуна барып келсе ошол кун учун 500 сом толонуш керекпи же жокпу? Алдын ала рахмат.

Ответ:

Кыргыз Республикасынын чегинде кызматкерлерди командировкага жиберүү менен байланышкан чыгымдардын ордун толтуруунун нормалары тууралуу төмөнкүдөй :1) суткалык акы төлөө - республиканын региондорунда командировкада болуунун ар бир күнүнө 500 сом; Бишкек шаарында - 600 сом; 2) командировка өтүүчү жерге чейин жана кайра кайтуу жол кире чыгымдардын, анын ичинде аталган чыгымдарды тиешелүү документтер менен ырастоо менен транспорттогу жүргүнчүлөрдү милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча төлөмдөрдүн ордун толтуруу иш жүзүндөгү сарптоолор боюнча жүргүзүлөт. Билеттер жок болгон учурда жол кире боюнча чыгымдар ушул токтомдун № 1 тиркемесине ылайык өлчөмдө кайтарылат. Райондун борборуна барып келген күн үчүн 500 сом төлөнбөйт.

Жанара     [13 Февраля 2019]

Салматсызбы? Биздин айыл окмот башчыбыз Бейшебаев Эрнис Айнабаевич жаны шайланган. Ал айыл окмот башчысынын бир тууган эжеси Бейшебаева Дамира Айнабаевна 9 жылдан бери аталган айыл окмотундо алгачкы аскерге тактоо болумунун инспектору (ВУС) болуп эмгектенет. Бир тууган иниси жеткечиси болуп турганда кол алдында иштегенге мыйзам жол береби? Же башка жолдору барбы?

Ответ:

Урматтуу Жанара! Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын 22-беренесинин 8-пункттунда мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат менен байланышкан чектөөлөргө: “аны менен жакын туугандык мамилелерде турган адамдардын түздөн-түз кол алдында же көзөмөлүндө болгон кызматтарда туруусу” кирери жазылган. Демек, силердин жагдайда эжеси инисинин түздөн-түз кол алдында жана көзөмөлүндө иштеп калып жатпайбы. Чектөө деген сөз, буга мыйзам жол бербейт, деген сөз.

депутат     [13 Февраля 2019]

Саламатсыздарбы! Айылдагы мектепке караштуу жер муниципалдык менчик болуп саналабы? Ошол жерге социалдык мекеме курууга болобу?

Ответ:

Урматтуу Депутат! Албетте, мектептин территориясындагы жер аянты толук бойдон муниципалдык менчикке тиешелүү болуш керек, аны тактоо үчүн мектеп боюнча каттоодон өткөн күбөлүктү карап чыккыла. Анда мектептин имараты жана анын тегерегиндеги жер аянттары муниципалдык менчик катары кандай катталганы көрсөтүлөт. Ал жерге башка социалдык объекттин курулушун болжолдоонун алдында айыл өкмөтү тыянак алуу үчүн райондук архитектура башкармалыгына кайрылат, тыянактын негизинде жаңы курулуш курууга мүмкүн же мүмкүн эместиги аныкталат.

Анара     [12 Февраля 2019]

Айыл окмотунун типтуу регламентин салып коесуздарбы.

Ответ:

Урматтуу Анара айым саламатсыңарбы. Ушул сайттын "Законодательство" деген разделине кирсеңер Конституциядан баштап ар кандай укуктук ченемдик актылар илинип турат. Ошол жерде Документы деген бөлүк бар. Окусаңар айыл өкмөттүн Типтүү регламенти кыргыз жана орус тилинде илинип турат. Ошол жазууга бассаңар, сиздердин компьютерге сакталып калат. Рахмат, биздин сайтка кирип турганыңарга. Депутаттарыңарга айтып койгула, окууп турушсун.

Майрам     [11 Февраля 2019]

Качан суунун маселеси чечилет?

Ответ:

Урматтуу Майрам! Берген сурооңуз толук болбой калган экен, оюңузду тактап, сурооду толуктап бериңиз.

Эмилбек     [11 Февраля 2019]

1.Айыл окмоту муниципалдык хозрасчеттук ишкана катары лизингге МТС(машина-тракторная станция) ачып,куроого айыл окмоттун администрациясы жайгашкан имаратты коюуга укугу барбы.МТСтин лизингдик насыясына банкка айыл окмоттун жергиликтуу бюджетинен толоп берууго укугу барбы.

Ответ:

Урматтуу Эмилбек! Сиздин суроолорго кезеги менен жооп берели, биринчиден айыл өкмөтү өзүнүн административдик имаратын күрөөгө кое алат.Бирок, ал муниципалдык менчик катары мамлекеттик каттоодон өткөн объект болуусу керек, андан тышкары ал объктти күрөөгө коюу маселеси айылдык кеңештин сессиясында каралып,зарылдыгы жана маанилүүлүгү аныкталгандан кийин гана депутаттар макулдугун бере алышат. Күрөөгө коюу макулдугун берүү тууралуу айыл кеңештин токтомунун негизинде гана айыл өкмөтү ишти жүргүзө алат. Бул жерде толук жоопкерчиликти айылдык кеңештин депутаттары алышып, андыктан алар “жети өлчөп бир кезиши” керек, кийинки жоопкерчиликти айыл өкмөттүн башчысы тартат. Экинчиден, банкка лизингдин насыясы үчүн төлөнүүчү каражат жергиликтүү бюджеттен түз берилиши мыйзамдарда каралган эмес. Мындай каржылык милдеттер жергиликтүү бюджеттен каржыланбайт.

Бакыт     [8 Февраля 2019]

айылдык депутат (19 Января 2019) Сиздерге төмөндөгүдөй суроо менен кайрылган. Ачык бюджет порталынын расходы бөлүмүнүн выписка расходов по учреждениям ячейкасы эмне үчүн жабылып калды? Ушул суроого жооп берип койосуздарбы. - деп. Мени дагы ушул эле суроо кызыктырып жатат. Мин. финдин ишеним телефонуна кайрылсам жооптуу адам Инфосистемадан жооп кутуп жатам деди эле. Бул маалымат айылдык депутаттар үчүн эң кректүү жана ыңгайлуу болчу, бекитилген бюджеттин кандай аткарылып жатканын билүүгө, ФЭБ башчысы берген маалымат менен салыштырууга дагы оңой болот эле. Ушул суроого тиешелүү жооп алып берсеңиздер. Ишиңиздерге чооң ыраазычык билдирем.

Ответ:

Урматтуу Бакыт мырза. Бул маселе боюнча "Ачык бюджет" порталын иштеткен Инфосистема аттуу мамлекеттик мекемеге кайрылсак, алар Финансы министрлигине кайрылгыла, саясат ошол жерден болуп жатат, деп жооп беришкен. Экинчи ирэт Финансы министрлике, министрдин өзүнө кайрылсак, министрдин орун басары, Казна 1 программа жакшыртылып жатат, даяр болору менен бул функциялар ачылат, деп жазыптыр жообунда. Биздин баамыбызда, бул куруу шылтоо, анткени IT программалар оңолтулуп жатканда, аны акырын иштеп чыгып, бир күнү эле алмаштырып коюшат. Бул ачык-айкындуулуктан кайтканы деп билдик. Эми Президентке кайрылуу жасайм. Сиздерге суроо узатканыңарга чоң ыраазычылык билдиребиз.

Жазгул     [8 Февраля 2019]

Саламатсыздарбы. Менде 1-2 суроо бар эле. 1) Декреттик оргууго чыккан кызматкердин ордундагы убактылуу киши канча моонотто ал кызматты ээлегенге укугу бар. 2)Декреттик оргуу узартылган болсо кандай болот? Рахмат.

Ответ:

Урматтуу Жазгүл! Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси боюнча кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү алардын арызы боюнча жана медициналык корутундунун негизинде төрөткө чейин 70 календардык күнгө жана төрөттөн кийин 56 календардык күнгө (төрөтү оор болгондо же эки жана андан ашык бала төрөлгөндө - 70) ушул мезгил үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө кош бойлуулугуна жана төрөгөндүгү боюнча жөлөкпул төлөп берүү менен берилет (307-берене). Мындай жагдай менен өргүүдөгү кызматкер арызы менен баланы үч жашка чыкканга чейин багуу үчүн эмгек акысы сакталбаган кошумча өргүү ала алат (137-берене). Тараптардын макулдашуусу боюнча ал үч жашка чыкканга чейин бала багуу үчүн өргүү кандай болбосун убакта жана кандай болбосун узактыкта берилиши мүмкүн. Ушул кызматкерлерге бала багуу үчүн өргүү учурунда иш орду (кызмат оруну) сакталат. Бала багуу боюнча өргүү жалпы иш стажыга, ошондой эле адистиги боюнча иш стажысына киргизилет (жеңилдик шартта, кызмат иштеген жылдары үчүн пенсия чектегенден башка учурларда жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленгенден бөлөк учурларда).

Изат     [8 Февраля 2019]

Саламатсынарбы ушу Айылдык кенештин депутаттары айыл окмоттун кадр маселесине депутаттар кийлигишууго укугу жок экендигин далилдеш учун кайсы кодекстен жана канчанчы статьядан коргозуп берсек болот? Бирок мен Изат айым болом, мырза эмесмин.

Ответ:

Урматтуу Изат айым! Кечирип коюңуз. Айыл өкмөтүнүн аппаратындагы кызматкерлерин ээлеген кызмат орундарынан бошотуу укугу айыл өкмөттүн башчысына гана таандык. Айылдык кеңештин депутаттары депутаттардын жалпы санынан көпчүлүк добуш менен финансылык –экономикалык бөлүмүнүн башчысын дайындоого, ошондой эле депутаттардын үчтөн эки добуш менен айыл өкмөт башчысына өз орун басарын кызматтан бошотуу тууралуу сунуш киргизе алат ( КР “ жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамы 51-берене, 5-пункт). Айылдык кеңештин депутаттарынын компетенциясына айыл өкмөттүн кадр маселесин кароо кирген эмес (32-берене,4-б.,1-2-п.). Кийинки мезгилде мыйзамды так жана туура түшүнбөгөндүгүнөн депутаттардын кадр маселелерине кийлигишүүлөрү кездешип жатат, эң башкысы айылдык кеңештин алдында бардык аткарган иштери үчүн депутаттар өзүлөрү тандаган, шайлаган айыл өкмөт башчысы жооп да берет, отчет да берет. Ошондуктан, айыл өкмөттүн аткарып жаткан иштерине, биринчи кезекте депутаттар өзүлөрүн да жооптуу сезиши керек.