Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Интернет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Ваш вопрос


Тургун     [23 Мая 2022]

Саламатсызбы! Огороду бар адамга дагы огород кошуп берууго мыйзам жол береби?

Ответ:

Урматтуу Тургун. Эгер сиздин жер тилкеңиздин жанында дагы жер бар болсо, ал жерге өзүнчө участок кылуу мүмкүн болбосо, сиз ал кошумча жер тилкеге ижара акысын төлөп, кошуп алсаңыз болот. Жыл сайын ижара толөп колдоно бересиз.

Тургун     [17 Мая 2022]

Саламатсызбы! Эки адамга 15 сотых жер берилсин -деп, убагында айыл өкмөтүнөн токтом чыгыптыр. Эки адамга бир чыккан токтом мыйзамдуубу? Мыйзамдуу болсо экөөнө 7,5 сотыхтан бөлүп берип калабызбы же экөөнө тең 15 сотыхтан берилүүсү керекпи?

Ответ:

Урматтуу Тургун. Жер тилке берилип жатканда, ал кимге, кандай көөлөмдө, кайсы жерде, кандай контурда жайгашкан, генпландын негизинде берилет. Участоктун көөлөмүн дагы жергиликтүү кеңеш өз токтому менен аныктайт. Контурлары белгиленбей, участкалар номерсиз болсо - анда токтом туура эмес чыккан (сабатсыз түзүлгөн). Силер жергиликтүү кеңештин ар бир участок кандай көөлөмдө болуш керек деген токтомун табышыңар керек, ошого ылайык тыянак чыгарасыңар. Ген планды караңыздар, жөнеле эки кишиге берилсин, деп токтом чыкпаш керек эле.

ИМРАН     [16 Мая 2022]

Саламатсыздарбы. Кайра болуштуру фонддун жерин ижарага алгам. Мал эшиними талкалайт. Кашаалап тосуп, ижара мооноту бутконго чейин иштетсем, мыйзам жол береби? Кее бирлери кашалаганы уруксат жок дейт, айылчарба мамлекеттин фондунун жерин 50 сотик ижара жерим бар.

Ответ:

Урматтуу Имран. КР мыйзамдарын карап чыксак, эч жерде жер тилкени куурчап алууга тыйуу жок экен. Ал курчоону - жеңил конструкция кылып жасап коюңуз, ижара мөөнөт аяктагансоң чечип койгонго ыңгайлуу болсун. Кайсы бир орган, бул мыйзамсыз, деп сизге кайрылса, кайсы ЧУА (НПА) негизинде деп сурап, мага телефон аркылуу айтып коюңуз. 0554620484, терең урматтоо менен Рита Карасартова

Жаит комитет     [16 Мая 2022]

Может ли жаит комитет приобрести автомашину КАМАЗ без проведения тендера

Ответ:

Уважаемый Жайыт комитет. Согласно закона о госзакурках все приобретения государственных и муниципальных органов проводятся посредством проведения тендера. Во время правления президента Атамбаева, айыл окмоту разрешили приобретать сельскохозяйственную технику без тендера у КыргызАвтомаш. Но даже такое вроде бы "благое дело" можно сегодня зачислить к коррупционным инициативам. В Вашем случае автомашина КАМАЗ не является сельхозтехникой, для чего Жайыт комитету автомашина КАМАЗ? Как Вы айыл окмоту обоснуете необходимость или актуальность этого приобретения? Даже если обоснования будут убедительные, приобрести автомашину сможете только посредством тендера, если конечно нынешняя власть не придумает безтендерный подход для "своих" компаний.

Депутат     [10 Мая 2022]

Саламатсыздарбы? Айыл окмоту, айылдагы айдоо аянттарына тушкон малды, айылдагы мал камакка камайт. Тушкон малга айып акынын олчомун, айылдык кенеш токтом менен бекитип берген. Эми, камакка тушкон малдын ээлери менен ар кандай чыр чатактар чыгып, анын жол жобосун дагы айылдык кенеш бекитип бергиле деп жатат, ошондой жобо бекиткенге кенештин укугу барбы? Мисалы: Кароолчу камагандан кийин,1 сааттын ичинде малдын ээсине маалымат берип, эскертсин. Эскертилгенден кийин мал камактан айып акыны толоп чыгарып кетпегендиги учун, мал олуп калса малдын ээси озу куноолуу, ага окмот же кароолчу жооптуу эмес деген сыяктуу.

Ответ:

Урматтуу депутат. КР Укук бузулар жөнүндөгү кодексинин 238-беренесинде айдоо жерлерин тепсөө: "Айдоолорду атайын же этиятсыздык менен тепсөө, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн талаадагы жыйналган түшүмүн жок кылуу же бузуу, көчөттөрдү зыянга учуратуу – жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет". 451- беренеде Укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу органдар, 1. Укук бузуулар жөнүндө иштер төмөнкүлөр тарабынан каралат: 5) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары. 2. Ыйгарым укуктуу органдар өздөрүнүн чечимдери менен укук бузуулар жөнүндө протоколду түзүүгө жана токтом чыгарууга, ушул Кодексте каралган учурларда жаза чарасын көрүүгө ыйгарым укук берилген кызмат адамдарынын тизмегин аныктайт жана укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укук берилген туруктуу иштөөчү комиссияларды түзөт. Комиссия жөнүндө жобо, анын сандык жана жеке курамы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн – жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилет. Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө типтүү жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет, ДЕП УОДЕКСКЕ ЖАЗЫЛЫП КАЛГАН. Азыркы тапта, ошол типтүү жобону Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитип бере элек, бекигенден кийин, ошол жобонун негизинде иш кылсаңар, жергиликтүү кеңештин иши мыйзам чегинде болот.

Талант     [11 Апреля 2022]

Айыл өкмөтүнүн аймагында үлүш жер аянттарын кашаалап алууга уруксат барбы? Менин билишиче жогорку кенеште колдоого алынган деп уктум эле? Ушул маселе боюнча маалымат берип коюунузду суранам.

Ответ:

Урматтуу Талант. Азыр үлүш жерлерине бактарды тиккен жарандар жер тилкесин кашалап жатышат, эч кандай тоскол жок. Буудай же чөп айдагандар, техниканын кирип чыкканына оорчулук болбосун деп, кашасыз калтырышууда. Негизи үлүш жер - жеке менчик болуп саналат. Фундамент куруп тосмо коюга болбойт, анткени бул айыл чарбага багышталган жер.

Ибайдулла     [11 Апреля 2022]

Мен бийик тоолуу аймакта айыл жеринде турам. Менин суроом: Системалык регистрация жургон кезде, менин уйумдун короосундагы огород (придомовой участок) толугу менен регистрация болбой калган. Мындайча айтканда, уйго таандык участканын жарым жартылайы системный катоодо катталбай калган! (без уважительных причин). Азыркы кезде катталбай калган участокту мыйзамдын негизинде а/окмоттон токтом чыгартып кошуп алсам болобу? Же мыйзамдаштыруунун башка жолу барбы?

Ответ:

Урматтуу Ибайдулла. Сиздин придомовой участогуңузга айыл өкмөт токтом чыгарып бере албайт, анткени ал жердин статусу кандай? Ал муниципалитеттин жериби? Жок. Сиздикиби? Ооба/жок жооп издеш керек. Сиздики болсо архивден эмне документтин негизинде илгери сизге таандык жер тилке болуп калган. Үй системный регистрациядан мурун эле курулганда, ошондо колго тийген документтерге таянып мыйзамдаштырасыңар. Айыл өкмөт менен ижара келишимдин түзүп алсаңар болот.

Тургун     [7 Апреля 2022]

Саламатсыздарбы! Айыл башчысы болуп шайланууга кимдер укуктуу жана бул кызматка диплому каралабы? Кийинки чыккан мыйзамдарда диплому каралабы? Билими маанилүүбү? Ыракмат

Ответ:

Урматтуу Тургун. 2021-жылдын 20-октябры № 123 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамынын 56-беренесинде Айыл башчыларынын дайындоо маселелери чагылдырылган. 56-берене. Айыл башчысы 1. Жергиликтүү кеңештин чечими боюнча айылдык аймакта өзүнчө жайгашкан айылдардын жергиликтүү маанидеги маселелерин ыкчам чечүүнү уюштуруу максатында айыл башчысынын (айылдын старостасынын) кызмат орду киргизилиши мүмкүн. 2. Айыл башчысы калктуу конуштун аймактык өзгөчөлүктөрүнө, калыптанган үрп-адаттарына жана каада-салттарына таянып, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын чечими менен өзүнө берилген функцияларды аткарат. 3. Айыл башчысы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жетекчиси тарабынан тиешелүү айылдын тургундарынын жыйынынын макулдугу менен дайындалат жана муниципалдык кызматчы болуп саналат. 4. Эгерде тиешелүү калктуу конуштан жергиликтүү кеңешке депутат шайланбаган болсо, айыл башчысы - тиешелүү жергиликтүү кеңештин жыйналыштарына, ал эми тиешелүү айылга тиешеси бар маселелерди кароодо шаардык кеңештин жыйналыштарына кеңеш берүүчү добуш укугу менен катышууга укуктуу. Билимине эч кандай талаптар коюлган эмес, ошондон улам орто билим деле жетиштүү деп билсе болот.

Адыл     [30 Марта 2022]

Саламатсыздарбы. Мен сиздерге 2016-жылы чыккан токтом боюнча суроо бердим эле. Кочку коркунучунан кочуп келген элдер жайгашкан жаны участок эле. Алар кочуп келген жер аянты бир айылга тиешелу болчу.Ошол айылдын эли биздин айылдын аталышы боюнча калсын деп макулдугун бербей жатышат. Ал эми башка айылдан кочуп келген жарандар, биздин мурунку айылдын атын коюп бергиле деп жатышат. Буга чейин токтом чыккан, ошол токтомду озгортуп чыгарып бергиле деп жаны келгендер суранып жатышат. Жокко чыгарууга болобу кандай жол менен.

Ответ:

Урматтуу Адыл мырза. Мыйзам боюнча токтомду жокко чыгаруу үчүн, анын мыйзамсыз чыкканын далилдеп жокко чыгаруу болот. Мыйзамга ылайык кабыл алынган токтом жокко чыкпайт. Кайра башка ат коет элек, деп жаңы демилге көтөрүп чыксаңар болот, бирок мурун чыккан токтомду бузуу аркылуу эмес, ага жөөлү негиз керек. Айылдын атын кайра-кайра өзгөртө берүү мүмкүн эмес, анткени бул оор процесс, карталардын баарына өзгөртү киргизиш керек болот, чыгымдарды көп талап кылат.

Наргиза     [29 Марта 2022]

Саламатсыздар биздин айылда айыл жашоочулар мечит салууга жер сурап арыз менен кайрылышкан. Жергиликтуу кенештин депутаттары макул болушкан. Ошол токтом менен эле мечит сала беришеби?

Ответ:

Урматтуу Наргиза айым. Бул маселе боюнча 1) Айыл өкмөт ошондой курулуш кылууга жерлерин тактап, ал муниципалдык менчик кылып, Госрегистирден каттоодон өткөрүп алуусу керек; 2) Айыл өкмөткө райондук казияттан арыз түшүшүү керек; 3) Ошол арыздын негизинде Айыл өкмөт жер бөлүп берүү жөнүндө чечим чыгарат. Элдин кайрылуусун кошумча негиздеме катары эле колдонулат. 4) Айыл өкмөттүн токтому муфтиятка (юридикалык жакка) деп чыкканы дурус, анткени көп учурда жеке адамдарга чыгарып беришип, кийин прокуратура жагынан көп көйгөйгө дуушар болушат. Айыл кеңеш токтом менен мечиттин курулушуна макулдук бергенден кийин аны аткаруу милдети -айыл өкмөткө жүктөлөт. Токтом чыгарардын алдында жер барбы, анын статусу кандай, документтештирилгенби деп сурап, тактап, анан кана арыздын негизинде чыгарылат.