Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Интернет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Ваш вопрос


Stal     [18 Мая 2016]

Салам, биздин кенеште 11 депутат 4 депутат мандатын тапшырам деп атышат, алар тапшырса кенеш тарайбы, бизде запаста талапкерлер жок, жооп берип коесуздарбы?

Ответ:

Сталдын саламатсыңарбы! Айылдык кеңештин 11 (100 %) депутатынын 4 ( 36.3 %) депутаты өз ыктыяры менен депутаттык ыйгарым укуктарын тапшырган учурда, айылдык кеңеш таркатылбай ишин уланта алат. Бирок, мындай жагдай айыл кеңештин толук кандуу иш алып баруусуна тоскоолдук жаратат. Калган 7 депутат жалпы депутаттык курамдын 63.7 % түзөт, бул курам менен айылдык кеңеш кандай маселелерди карай албайт? “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамга ылайык жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добушу, силердин кеңеште 72.7% болсо, төмөндөгү маселелерди карап, чечим кабыл ала алат (кворум 2/3): - айыл кеңештин төрагасын ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу; -айылдык кеңештин депутаттарынын демилгеси боюнча айылдык кеңешти мөонөтүнөн мурда таратуу; -мурда кабыл алынган жергиликтүү жааматтын уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү; -мыйзамда депутаттардын жалпы санынын үчтөн эки добуштары менен чечим кабыл алуу белгиленген жергиликтүү маанидеги башка маселелер; Эң башкысы, айылдык кеңештин сессиясына жалпы депуттардын үчтөн экиси катышпаса жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органын башчысын ( айыл өкмөттүн башчысын) шайлоо мүмкүн болбой калат.

Chesha     [18 Мая 2016]

21депутаттын ичинен 8 депутат мандатын тапшырса кенеш тарайбы?

Ответ:

Айылдык кеңештин 21 депутатынын (бул 100 %) 8 депутаты (же 38 %) жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотууга барышса, калган 13 депутат (62%) өз депутаттык ыйгарым укуктарын уланта алышат, демек айылдык кеңеш таркабай эле иштей берсе болот. Бирок, калган 13 депутаттын кворумдун ( кворум-жетиштүү деңгээлде катышуу; жыйналышты –сессияны укук ченемдүү деп, ал эми кабыл алынган чечимдерди мыйзамдуу деп тануу үчүн жетиштүү, мыйзам же регламент менен белгиленген жыйналыштын-сессиянын катышуучуларынын саны) жетишсиздигинен жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча чечим кабыл алууга мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болуп калат. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамга ылайык жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добушу ( силердин кеңеште 72.7%) болсо, төмөндөгү маселелерди карап, чечим кабыл ала алат (кворум 2/3): - айыл кеңештин төрагасын ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу; -айылдык кеңештин депутаттарынын демилгеси боюнча айылдык кеңешти мөонөтүнөн мурда; -мурда кабыл алынган жергиликтүү жааматтын уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду; -мыйзамда депутаттардын жалпы санынын үчтөн эки добуштары менен чечим кабыл алуу; - белгиленген жергиликтүү маанидеги башка маселелер. Эң башкысы, айылдык кеңештин сессиясына жалпы депуттардын үчтөн экиси катышпаса жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органын башчысын (айыл өкмөттүн башчысын) шайлоо жан аны ишеним көргөзбөө менен ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу мүмкүн болбой калат.

Chesha     [18 Мая 2016]

Айылдык кенеш 21 депутаттан турган шартта канча депутат мандатын тапшырса кенеш тарайт?

Ответ:

2. Местные кенеши могут быть досрочно распущены: 1) по решению, принятому не менее двумя третями голосов от общего числа депутатов соответствующего местного кенеша; 2) Президентом по предложению Премьер-министра или Центральной избирательной комиссии в случаях, предусмотренных настоящим Законом и Законом Кыргызской Республики "О местной государственной администрации"; 3) в случаях реорганизации, влекущей изменение границ соответствующей административно-территориальной единицы; 4) в случае, предусмотренном частью 4 статьи 11 настоящего Закона.

Chesha     [18 Мая 2016]

Саламатсыздар, мумкун болсо томондогу суроолорго жооп берип койсонуздар, биздин айыл аймакта 17 март 2016-жылы 21депутат шайланган, 12-майда ошол эле жылы айыл окмот башчысы шайланды. Айыл аймактын жашоочуларынын копчулугу жаны шайланган айыл окмот башчысын депутаттар туура эмес шайлады деп нааразы, шайлоочулар депутаттарды кантип кайра чакыртып алсак болот же болбосо кайра чакыртып алуунун механизмдери барбы, эгер механизмдери бар болсо кенири маалымат бери койсонуздар

Ответ:

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жергиликтүү кеңештин депутаттарын кайра чакырып алуу процедурасы каралган эмес. Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамынын 3-беренесинде – “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушу” тууралуу айтылган, бирок шайлоочулар кайра чакырып алуу менен депутаттын ыйгарым укугун токтото алат деп көрсөтүлгөн эмес.

Глава АО     [10 Мая 2016]

Как хорошо, что есть этот сайт. А я к вам за консультацией. Ко мне обратился аксакал. В 2012 году прошлый созыв местного кенеша вынес постановление о названии его именем (причем живого аксакала) одной из улиц. В постановлении четко написали, государственный деятель. Хотя аксакал не смог предъявить ни грамоты от Президента или Премьер-министра КР. Но во время кампании по сбору биометрии в 2015 году было указание назвать все улицы без названия. Нынешний созыв так и поступил. Айыл башчы не предупредил, что улица названа в честь того аксакала. Теперь улица названа именем А.Маасалиева. И понеслось. Аксакал требует вернуть название, я апеллирую тем, что он живой и не является государственным деятелем. В законе о географических названиях требования (критерии) не нашел, в местном кенеше такого документа вообще нет. Рита, вообще мои действия законны? Если да, то на чем должен я основываться? Здесь этого закона о географических названиях я тоже не нашел. Сможете подсказать, где и что искать?

Ответ:

Агай, на нашем сайте, в разделе "Законодательство", в подразделе "другое" мы вывесили Закон КР "О географических названиях в Кыргызской Республике" от 25 сентября 1997 года N 67. Посмотрите его. В Законе делается ссылка на Положение о порядке наименования, переименования географических объектов, учете и регистрации географических названий в Кыргызской Республике и это положение тоже там есть. Из положения: "Наименование и переименование проспектов, аллей .... улиц и переулков осуществляется органами местного самоуправления на основании решения местных кенешей. При рассмотрении вопросов, связанных с наименованием и переименованием указанных объектов, учитывается целесообразность и оправданность соответствующих наименований и переименований. Затраты на финансирование данных работ покрываются за счет бюджета соответствующего органа местного самоуправления".

Мирлан     [5 Мая 2016]

Самыйбек байке Ассаляму алейкум. 1) Aйл Окмоту токой фондусунун жерин конкурска катышып алса болобу? 2) Токой фондусунун жерин арендага алып,акчасын толук бере албай калып пенясы осуп кетсе эмне кылыш керек?

Ответ:

Мирлан, саламатсызбы! Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (ЖӨБ) токой фондунун жерлеринен ижарага жер алса болот, эгер ал жерди алып иштетүүгө зарылдык болсо. Аткаруу бийлиги болгон айыл өкмөтү бул маселени жергиликтүү кеңештин сессиясына алып чыгып, талкуулагандан кийин, айыл кеңеш токтом кабыл алып берген соң гана токой фондунун жерин ижара алуу боюнча тийиштүү мамлекеттик органга кайрылса болот. Албетте, ижарага төлөнүүчү каражат да жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнөн каралышы керек. Биз мындай ЖӨБ органдары токой фондунан ижарага жер алган фактыларды кездештире элекпиз. “Кыргыз Республикасында жер, анын кен байлыктары, аба мейкиндиги, токойлор өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү, башка жаратылыш ресурстары Кыргыз Республикасынын гана менчиги болуп эсептелет” деп Кыргыз Республикасынын Конституциясында көрсөтүлгөн. Азыркы учурда токой фондунун жерлери мамлекет тарабынан айыл чарба максаттары үчүн мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилет. Токой фондунун жерин ижарага берүү келишимдин негизинде жүргүзүлөт, анда көрсөтүлгөн шарттарды эки тарап тең аткарууга милдеттүү . Эгер ижара алуучу (арендатор) келишимге ылайык акча төлөмдөрүн төлөй албай калса, ижарага берген тарап (арендодатель) сот аркылуу төлөтүүгө мажбур болот.

окмот     [23 Апреля 2016]

Саламатсыздарбы. ЖӨБ органы - айыл өкмөту көмөкчу чарбаны кантип мыйзамдуу уюштура алат?

Ответ:

- Жергиликтуу өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) органдары көмөкчу чарба уюштура алат, эгер ал тузулгөн көмөкчу чарба жергиликтуу маанидеги маселелерди чечуу учун тузулсө, анын муниципиалдык ишкана-мекеме деген макамы болсо. Ал муниципиалдык ишкана-мекемени ЖӨБ органы айылдык кенеш бекитип берген жергиликтуу бюджеттен да каржылоого болот. "Жергиликтуу өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнундө" мыйзамынын 23- беренесинде көрсотулгөн. Ошол эле беренеде, эгер ЖӨБ органы акционердик коомдун уюштуруучуларынын бири болсо, анда акционердик коомго капиталдык салымдарды инвестициялоого да укуктуу болот, деп айтылган.

Шергазы Сагынов     [20 Апреля 2016]

Саламатсыздарбы. Менин суроом төмөндөгучө: айыл аймактын эсебинен же болбосо башка Эл аралык донорлук уюмдардын эсебинен киреше алып келуучу завод, фабрика же болбосо кичи элге кереги тийген цехтерди ачып АОтун балансына койдуруп, тушкөн каражаттарды толугу менен АОтун бюджетине тушурсө же болбосо башкача айтканда казнага көбурөөк акча тушуруп, АОту дотациядан чыгарса болобу? Мыйзамга туура келеби? Элдин социалдык-экономикалык абалын да ондоого шарт тузулөт эле жана жумуш орундары пайда болмок. Элден тушкөн налогту эле карап олтура бербей.

Ответ:

Урматтуу Шергазы Сагынов. Бийлик борбордогу болобу же жергиликтүү өз алдынча башкаруу болобу бизнес кылууга тыйуу салынат. Бийлик бизнеске шарт кана түзүп бериши абзел; свет, жол, суу деген маселедей. Салыктар боюнча дагы жеңилдетүү берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыкса болот. Бирок бюджеттин эсебинен пайда алып келүүчү завод, фабрика курууга болбойт. Чет өлкөлүк донорлук уюмдар дагы бизнес чөйрөөгө каражат беришпейт, беришсе дагы ал жеке менчик ээлерге берилет. Сиздин сурооңуз чын эле актуалдуу. Бүгүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу дегени менен көп маселеде өз жеринин социалдык-экономикалык абалын оңдоого шарт тузугө мүмкүнчүлүгү жок. Баарын борбордоштуруп коюшкан, тилеке кааршы.

Өмурбек     [13 Апреля 2016]

Саламатсызбы мен ушул темада диплом жазып аткам сиздерден материал алсам болобу???? ТЕМА: Конституционно-правовые основы местного самоуправления: тенденции и развития. 2.1 Современное состояние и развитие МСУ в КР. 2.2 Правовые основы местного самоуправления. 2.3 Основные проблемы МСУ в КР и пути решение в этой проблемы. Ушул суроолорго сиздерден жооп таба аламбы??? Рахмат алдын ала.

Ответ:

Өмүрбек саламатсыңарбы! Биздин сайттан издесеңер, бир тооп суроолоруңарга жооп табасыңар. Алып жазсаңар болот, бирок сайттка шилтеме жасап койгула. Сиздин дипломдук ишиңиздин материалын бул жерге чыгарып бере албайбыз, аны сиз изденүү менен жазып чыгышыңыз керек. Суроолор болсо офиске келип консультация алып кетсеңер болот.

Кутманбек     [8 Апреля 2016]

Саламатсыздарбы менин суром төмөндөгүчө: 1,5 ай мамлекеттик кызматында иштедим. Эми айыл башчы болууга болобу? Талапкерлигимди койсом кандай документ талап кылынат?

Ответ:

Кутманбек! Айыл башчысы-бул айыл өкмөтунун чечими менен берилген иш-милдеттерди аткаруучу дайындалуучу кызмат адамы. Айыл башчысы -муниципиалдык кызматка кирет. Ошондуктан муниципалдык кызматкерлерге коюлган бардык талаптарга жооп бере алгандар кана иштей алышат. Сиздин 1,5 айлык иш тажрыйбаңыз тоскоолдук жаратбайт. Эгер сөз айыл өкмөтунун - аткаруу бийлигинин башчылыгына болсо, анда сиз азырынча талапкерлигиңизди кое албайсыз, муниципалдык стажыңыз жетишпейт.