Айбийке [24 Марта 2016]
Айыл окмотун кызматкерлеринин атестацияда канча бал алыш керек мыйзам боюнча 21-23 бал алган кызматкер чинге татыктуубу чин алыш учун бал канча болуш керек.
Ответ:
Айбийке саламатсыңарбы. Сиздин сурооңузга жоопту кийинки укуктук ченемдик акттардан тапса болот экен.
1) КР Президентинин 2006-жылдын 28-июну ПЖ № 327 «Кыргыз Республикасында муниципалдык кызматты камсыз кылуунун жана уюштуруунун негизги маселелери жөнүндө» жарлыгында;
2) «КРнын муниципалдык кызматчыларын аттестациялоону өткөрүү тартиби жөнүндө» жободо;
3) «КРнын администрациялык кызматты ээлеген муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди берүү тартиби жөнүндө» жоболорунан тоолук маалымат алсаңыз болот. Бул жарлык жана жоболор Юстиция Министрлигинин атайын сайтында жайгашкан: http://cbd.minjust.gov.kg/ky-kg/npakr/DocumentList?documentListId=b39e64ad-7975-44ee-9373-9e107156f461
Ал документтерде канча балл алса өтөт деген маалымат жок болгондуктан, ошол жоболордо көрсөтүлгөндөй, түзүлгөн комиссия чечим чыгарат окшойт. Комиссия эң татыктуусуна класстык чинди ыйгаруусу абзел. Жободо минтип кана белгилеп кетиптир: «Кезектеги класстык ченди ыйгаруу жөнүндөгү чечимди кабыл алууда төмөнкүлөр эске алынат:
- ээлеген кызмат абалы;
- ченди алган мөөнөтү;
- жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарында иштеген мезгили;
- өткөрүлгөн аттестацияда жыйынтыгы боюнча алган баасы.
Ошондон улам сиздин алган баллыңар түзүлгөн комиссия тараптан башкаларга салыштырмалуу чечим кабыл алынышы керек.
элина марат [18 Марта 2016]
Айыл окмот аукцион откорбой эле фпз дин жерлерин элдик жыйындын негизинде келишим менен арендага бергени туурабы?
Ответ:
Айыл өкмөткө карашту АЖМФнын (ФПС) жерлеринен 20 пайызы (баалулугу жакшы болгон) айылдагы оор абалда турган үй бүлөлөр алса болот, ижара төлөбөй. АО ошондой үй бүлөлөрдөн арыз чогултуп алып, ошол каалочулардын тизмесин айылдык кеңешке бекитип алуу керек. АЖМФнин жерлерин ижарага берүү боюнча жободо көрсөтүлгөн, жерди ижарага аукцион, конкурс (эч ким конкурска катышпай калса) түз берүүгө уруксат. Эгер аукционго катышам дегендер болсо, түз берүү бул мыйзам бузууга жатат.
Абдрахманова Айжан [16 Марта 2016]
Саламатсызбы Кемин мэриясында иштеген кызматкерлерге жылдык отчетунда баа коюлат ар бир кызматкерлерге жыл жыйытыгында баасына жараша айлык акы кошулат эмеспи Кемин мэриясында вице мэрге, рук аппратка, гл бухгалтерге, статиске, гана айлык акы жылда кошулуп турат башка кызматкерге кошулса болбойбу же озулоруно 5 койгон адамдар эле айлык акы кошоалабы ушу суроого туура жооп алалабызбы деги чындык болобу чондорго эле кошулабериби 2014-2015 жылдан бери профсоюзный чогулушка салынышы керекпи булардын айлык акылары 10000 минден кем эмес жонокой адистер 5000 сомдон алышат.
Ответ:
Айжан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 383 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын администрациялык муниципалдык кызмат орундарынын топторуна ТИПТҮҮ КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР" жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын ишине натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрүн пайдалануу менен баалоо жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө
ЖОБО иштелип чыккан. Бул документтерге ылайык бут муниципалдык кызматкерлерге ээлеген кызматына жана аткарган ишине ылайык баа берилет. Ушул жоболордун негизинде айыл окмотто комиссия тузулушу керек. Ар бир кызматкердин оздук иш планы тузулуп, анын аткарылышы, натыйжалулуугу бааланат. Ушул документтерди профсоюздук чогулушта талкуулап анан ишке ашырсанар туура болот, эч кимдин укугун тебелебей. Эгер ушул маселе боюнча кандай бир чатак же пикир келиспештик болсо, силердин далилдеринерге жетекчинер ынандыра албаса, анда бир атайын жыйын откорууго барсанар болот. Ошол жыйынга бизди чакырсанар, биз катышып, балким жалпы Кыргызстанда болуп жаткан маселени туура жолго салууга комок корсотобуз, силердин тажрыйбанардын негизинде. 0707 0772 0554 620484 Рита
Гулбарчын Самибаева [15 Марта 2016]
Саламатсыздар!ЖОБ эки баскычтуу бюдж болуп суйунгонбуз бирок ага кошумча мам сатып алуу,портал,борборлоштурулган сатып алуу деген чыкты.интернет эмес тел аран тарткан рай борбордон 90 км алыс алыскы биздин айыл инт порталды карап отуруп жайкы сезонду жумуш буткоро албай отуп кетуудо.эми борб.инернет банкинг,сатып алуу бизге качан ак кагаз,гсм,комур келээрин кутуп,алыскы 600км алыста жата беребизби???эн алгач 4g интернетти кошуп бергилечи.
Ответ:
Гульбарчын, бул бүгүнкү күндөгү эң чоң көйгөй. Өкмөткө кайрылуу кылып көрөюнчү ушул маселе менен. Сизге чоң рахмат ушул билдирүүнү жиберип койгонуңарга.
Гульбарчын Самибаева [1 Марта 2016]
Сиздин жообунузга чон рахмат! Дагы бир суроо: биздин аракеттерибизге карабай РЭСтерден айыл окмотунун счетуна сатуудан салык, жер салыгы (подстанциялар учун), деген салыктардын турлору бюджетке тушпой келет. Кандай чара корсок болот?
Ответ:
Бул маселе калп айтпасам 2007 жылдан баштап көтөрүлүп келет. РЭС бул маселени чечүүгө кызыкдар эмес, анткени аларга баары бир салык каяка түшкөнү. Казыначылыктардагы кызматкерлер өзүнүн башын ооруткусу келбейт. Ошондуктан, кимге керек болсо ошол чуркашы керек. Бул маселенин чечилиши айыл өкмөттөргө керек болгондуктан, айыл өкмөттүн НачФОлору РЭСке кат түрүндө кайрылууңар абзел; биздин жалпы айыл аймактын электр энергияны колдонулган көөлөмүн өзүнчө көрсөтүп, САТУУДАН түшкөн салыкты биздин АОтүн бюджетине түшүрүп бериңиз, деп, талап кылгыла. Кайрылууңузда АО эсептик счетту жазып койгула. Райондогу бүт АО сүйлөшүп алып, жалпы РЭСте колдонулган энергияны АОтөр боюнча бөлгөнүн талап кылышыңар керек. Эгер маакул болбосу кайра жазып койгула, кайсы районго таандык экенин, бул жерден чечебиз. Кээ бир АОтөргө барганда ушинтип айтып кеткем, алар өз төлөмдөрүн өзүнө буруп алышыптыр.
Бегимай Мендешева [1 Марта 2016]
Саламатсызбы, биз сизге кайрылубуздун себеби приусадебный участоктон жер салыгынан пенсионерлер бошотулат, ал налоговый кодекстин негизинде. Бирок песионерге каталган 2-3 уй болсо, ал бардык жер тилкенин жер салыгынан бошотулабы же салык толойбу? Биздин шаарда ар бир жаранга 7,5 сотка жер тилке тиешелуу, пенсионердики андан коп болсо айырмасы толонобу?
Ответ:
Пенсионер үйгө караштуу жер салыгы боюнча, бир кана жер тилкеге салык төлөөдөн бошотулат. Жер тилкесинин көлөмү канча болсо дагы, бошоту бүт тилкеге берилет. Бирден көп мүлккө ээ болсо, калган жер тилкелеринин салыгын төлөшү керек.
Жылдыз [25 Февраля 2016]
Салматсыздарбы! Өзүм мамлекеттик кызматкермин. Азыркы учурда бала багуу менен акы төлөнбогон өргүүдөмүн. Айылдык кеңешке депутаттыка өзүмдү көрсөтсөм болобу?
Ответ:
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР Мыйзамында
3-берене. Жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн шайлоо укуктары
3. Жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого тең негизде катышат.
4. 21 жаш куракка толгон, тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөсү жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланууга укуктуу.
5. Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган же эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган жарандар шайлоого жана шайланууга укугу жок.
6. Соттуулугу алып салынбаган же мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган адамдар жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына шайланууга укугу жок.
Бул мыйзамга ылайык сизге депутат болуп шайланганга тосколдук жок.
Бирок (кечирип койгула кыргыз тилинде бул мыйзамды таппай койдум) в Законе КР "О статусе депутатов местных кенешей" в Статье 5. Несовместимость статуса депутата местного кенеша с некоторыми должностями и видами деятельности.
Депутат местного кенеша не может состоять на государственной службе или иной муниципальной службе в случаях:
1) если государственный орган или орган местного самоуправления, в котором он занимает руководящую должность, расположен в пределах территории того же айылного аймака или города, что и представительный орган местного самоуправления (местный кенеш айылного аймака или города), депутатом которого он является;
2) если государственный орган или орган местного самоуправления, в котором он состоит на государственной или муниципальной службе, подотчетен представительному органу местного самоуправления (местному кенешу айылного аймака или города), депутатом которого он является;
3) если избрание, представление к назначению, освобождение руководителя государственного органа или органа местного самоуправления, в котором он состоит на государственной или муниципальной службе, относится к полномочиям того представительного органа местного самоуправления (местного кенеша айылного аймака или города), депутатом которого он является.
Депутатские полномочия также нельзя совмещать с должностью руководителя государственного или муниципального предприятия, государственного или муниципального учреждения образования и здравоохранения, оказывающих услуги населению соответствующего айылного аймака или города за счет средств республиканского и местного бюджетов.
Депутат местного кенеша не может использовать свой депутатский мандат в целях, не связанных с депутатской деятельностью.
Ушундан улам, сиз депутат болом деген айылдык аймак сиз иштеген мамлекеттик орган жайгашкан территорияда болсо, анда депутат болуп шайлана албайсынар.
Гульбарчын Самибаева [21 Февраля 2016]
Менин суроом: жергиликтүү (айыл өкмөтүнүн) бюджетинен коомдук бирикменин (жайыттар комитетинин) счетуна акча каражатын өздүк салым катары которгонубуз мыйзамдуубу? АРИСтин программасы аркылуу техника алабыз дейт. Жообу эрте болсо жакшы болот эле. Сиздерге чоң рахмат.
Ответ:
Финансы министрлиги АОтун бюджетинен жайыт комитетинин бюджетине туз каржылоодон баш тартыш керектигин сунуштады, анткени ар кайсы текшеруучу орган билгениндей талдап, мыйзамга туура келбейт деши мумкун, дешти. Рамочный келишимге АО кошуп, сатып алууну туз каржылап, кийин бул техниканы АО балансына коюп койсонор туура болот.
АРИСтен кошумча жооп: Жайыт комитети жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) аткаруучу органы. ЖПБнин уюштуруу-укуктук формасы-Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органы болуп саналат, жана бул органдын укуктары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактык коомдук өз алдынча башкаруу менен өз ара мамилелери Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамда толук жазылган.
Кичи долбоорлорду ишке ашыруу алдында, АРИС, айылдык Кенеш, айыл окмоту жана ЖПБ ортосунда алкактык келишим (рамочное соглашение) тузулот. Техника сатып алуу долбоор болсо, тендерди АРИС откорот жана тендердик комиссияга тиешелуу ЖПБнен окулдор мучоо болуп киришет. Тендердин жыйынтыгы менен, ЖК оз эсебинен же АО оз салымын туздон туз техника учун акча каражатын которсо да болот. Сатылып алынган техника АО балансында болуп, жогоруда аталган мыйзамдын 56-беренесине ылайык, ЖПБне откоруп берет.
Бактыяр [5 Февраля 2016]
Здравствуйте. Я хотел бы узнать относительно бухгалтерского учета в бюджетных учреждениях, планируется ли, и когда возможно будет Единая программа по бухгалтерскому учету в айыл окмоту? Ведь специфика деятельности МСУ отличается от деятельности других организаций.
Ответ:
Бактыяр здравствуйте. Спасибо Вам за такой актуальный вопрос. Во многих учреждениях (например в системе здравоохранения) руководство организовало установления программы 1С, но органы местного самоуправления у нас как внебрачные дети обделены и никому до них нет дела. Элементарные программы для них не доступны. Спасибо за вопрос, будем говорить об этим и продвигать это.
Эламан [1 Февраля 2016]
Саламатсызбы. Жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер канча жаштан өйдө болуусу керек? Мисалы Жогорку Кеңешке 21 жаш экен...
Ответ:
Урматтуу Эламан, жергиликтүү кенештин депутаттыгына талапкер болуп тиешелүү администрациялык-аймактык бирдикте ( айыл өкмөттүн территориясында) жашаган, жергиликтүү жамааттын мүчөсү болгон, 21 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандары боло алат. Демек, жаш курагы Жогорку кенештин депуттатарына коюлган талапка окшош. (Кыргыз Республикасынын "Жергиликтуу кенештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Мыйзамы 3-беренеси 4-пункту)