Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Интернет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Ваш вопрос


Чынара     [30 Июня 2021]

Жаңы айыл өкмөт башчылары шайланып келди.БШК тарабынан берилген токтомдун көчурмөсү толук кандуу документке окшошпойт,эч андай мөөрү жок интернетаркылуу алынган токтомду аймактык ТИКтер беришти.Жаңы айыл өкмөт башчысына ЭЦП алуу маселеси кыйын болуп жатат,БШКнын токтомун жаратпай,айыл өкмөтүнүн буйругун талап кылып жатат.БШКнын токтому турса айыл окмөтүнүн буйрук чыгарганы мыйзамсыз болуп калатго.Союз МСУга дагы кайрылып жарытылуу консультация ала алган жокпуз

Ответ:

Урматуу Чынара , жаңы шайланып келген айыл өкмөт башчысы ЭЦП алыш учун айыл өкмөтүнүн буйругун БШКнын токтомунун негизинде чыгарса болот. Же болбосо айылдык кенештин токтомун главаны шайлоо жонундо деле алып барса болот.

Венера Таштанбековна     [30 Июня 2021]

Частный территорияга мамлекет учун библиотека салынып жатат. Кандай жолдор менен айыл окмотко откоруп берсе болот? Жолдорун жазып койсонуз жакшы болот эле.

Ответ:

Урматтуу Венера, менчик жерге китепкана салынып жатса, анан айыл өкмоткө өткөрүп беребиз десе, суроо жаралат: Кимдин эсебинен каржыланып жатат, спонсор салып жатса, анда бүт курулуш иштери бүткөндөн кийин имаратты мамлекеттик каттоо органдарынан каттоосун өткөрүп, тийиштуу кагаздарын алып, нотариус аркылуу айыл өкмөткө өткөрүп берсе болот. Мыйзам жол берет.

Санабар     [29 Июня 2021]

Саламатсызбы! Бизде мурунку глава кайра шайланды, 2020-2021 де кандай иштер аткарылганы жөнүндө отчетуну бергиле, натыйжасын билелик деп сурасак, жаңы депутаттарга тиешеси жок мурунку депутаттар бекитип бүткөн деп бербей атат, бизге кантсек болот?

Ответ:

Урматтуу Санабар, 2020 жылдын отчетун мурунку депутаттарга берген, ошол отчетту кагаз турундо айыл окмоттун жооптуу катчысынан талап кылып алсанар болот, ал ачык маалымат болуп эсептелет. Кандай иштер аткарылганы жөнүндө отчетто жазылыш керек. Кылган иштери канатандырылбаса, ишмердүлүгүн күчөткөнгө талап койгула. 2021 жылдын аягында отчет аласынар, ошондо тыянак чыгарсанар болот.

Курманжан     [28 Июня 2021]

Саламатсызбы! Биздин А/Өтө 10400 калкы бар, 21 депутат, ошондо төрага айлык алабы?

Ответ:

Урматтуу Курманжан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынды 37-беренесинде. «Жергиликтүү кеңештин төрагасы» жонундо 10 пункта так корсотулго: Учурдагы жылдын 1-январына карата абал боюнча калктын саны 20001 адамдан аз администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү кеңешинин төрагасы өзүнүн милдеттерин коомдук башталышта аткарат, бирок айылдык кеңештин сессиясы иштеген мезгилде бир жолку компенсация алат.

Келечек айыл окмот     [23 Июня 2021]

Саламатсызбы? Айыл окмот башчысына талапкердин каттоосу, паспорту ошол айыл аймакта катталуу болуш керекпи?

Ответ:

Урматтуу Келечек! КР « Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 48 –беренесинин 1-пункттунда айыл өкмөт башчысына коюлуучу талаптар жөнүндө төмөнкудөй көрсөтүлгөн: “Жогорку билими жана мамлекеттик, муниципалдык кызматта иш стажы же билим берүү, саламаттык сактоо мамлекеттик мекемелеринде же жеке менчик формасындагы уюмдардын, мекемелердин жана чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 2 жылдан кем эмес иш стажы бар, мамлекеттик тилди билген, аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат.” Демек талапкердин кайда жашаганы, туруктуу каттоодо туруусу боюнча чектөө жок.

Акмат     [22 Июня 2021]

Бир жаран эки жерде толук ставка менен иштесе болобу?

Ответ:

Урматуу Акмат, бир жаран эки жерде толук ставка менен иштегенге болбойт, Кыргыз Республикасыны эмгек кодексинде 99 беренесинде «Кызматкердин демилгеси боюнча жумуш убактысын ченемдүү узактыгынан тышкаркы иш (айкаштырып иштөө)» так жазылган «Жумуш убактысын ченемдүү узактыгынын чегинен тышкары иштөө күнүнө 4 сааттан жана жумасына 20 сааттан ашпоого тийиш». Ушул беренеге таянсак, бир жумушуңарда толук ставка иштейсиз, экинчисинде толук эмес, анткени толук ставка иштөө убакыт менен чектелет.

Курманжан     [22 Июня 2021]

Саламатсыздарбы! Айыл өкмөт ички көчөлөргө трансформатор, столба алып бергени мыйзам жол береби?

Ответ:

Урматтуу Курманжан! Кыргыз Республикасмынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү “ мыйзамынын 18-беренеси –“ Жергиликтүү маанидеги маселелер” , 47- беренеси – “ айыл өкмөтүнүн компетенциясы” деп аталат. Анда айыл ичиндеги көчөлөргө электр чубалгыларын орнотуу-тартуу, электр трансформаторлорун алып орнотуу каралган эмес, жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүндө бул максаттарга каражат бөлүү мыйзамсыз болуп калат. Жогорудагы мыйзамда болгону айыл ичиндеги көчөлөргө жарык берүү гана каралган. Ошону менен КР 30 октябрь 1996 года № 56, "Энергетика жөнүндө" мыйзамына ылайык, 3-беренесинде элект энергия - товар, деп белгиленген. Кандай товар болбосун, аны керектөөчүлөргө жеткирүү ошол товарды сатып аткандардын милдети. Бирок, барыбыз көрүп атабыз, энерго системабыз азыр чоң орчулуктарга туш болуп аткан кези, а жергиликтүү өз алданча башкаруу органдары, эли менен сүйлөшүп көйгөйлөрдү чечичүү бийлик. Азыр, ири электр энергияны бөлүштүрү компанияларда каражат жок болгондуктан, алар столба коюп, зым тартып берүүнү заказ кылып, жеке ишкерлерге же айыл аймактарга (шаардык мэрияга) берсе болот. Ошондо столбаны коюп, зым тарткан (жол куруу) ишкер (АО же мэрия) электр энергияны ортомчу бөлүштүрү компаниядай болуп иштеп калат. Мисалы, 70 тыйындык энергияны ортомчу компаниялар (АО же мэрия) 60 тыйындан алып - 70тен элине сатып калат, ортодогу 10 тыйын, жанагы кетирген (столба коюп, зым тарткан) чыгымдарды жабат жана узак мөөнөттө пайда көрүп турушу керек, анткени ошол столбаларды, зымдарды, трансформаторлорду карап, тейлеп турууга каражат кетет. Ошондо, АО столбаны коюп, зымдарды өзү тартуу үчүн: каражаты бар болушу керек, жергиликтүү кеңештин макулдугун алышы керек, жана АО алдын ала электр энергияны бөлүштүргөн мамлекеттик ишкана менен келишим түзүп алышы абзел.

Нурзат     [21 Июня 2021]

Саламатсыздарбы, жайыт чек арасын чечуудо кайсы жылдагы карта менен чечилиш керек? 1992 жылкы картада биздин жер болуп турат, 2010 жылкы картада болокчо жазылып калган, болок айылга чийилип турат. 2010 жылы чийилген карта менен чечип берип атышат, ал карта мамлекет тараптан бекитилген эместа.

Ответ:

Урматтуу Нурзат. КР 2009-жылдын 26-январы № 30, "Жайыттар жөнүндө" МЫЙЗАМЫнын 3 "Жайытка болгон менчик укугу жана анын чектерин аныктоо" беренесинде 1. Жайыттар Кыргыз Республикасынын менчигинде гана турат. 2. Жайыттардын чектери учурдагы администрациялык-аймактык бирдиктердин чектерин эске алуу менен мурдагы советтик жана коллективдик чарбалардын чектери боюнча бөлүштүрүүнүн негизинде белгилениши керек. Ушул Мыйзамдын 4-беренесине ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилүүчү жайыт участокторунун чектерин белгилөө процессинде чектери талаш-тартыштарды пайда кылган учурда төмөнкүдөй белгиленет: - колхоздорго жана совхоздорго мамлекеттик акт боюнча пайдаланууга берилген жерлердин чектеринде; - чарба жүргүзүүчү субъекттердин чектерин аныктоо боюнча материалдарга ылайык колхоздор жана совхоздор узак убакытка пайдаланган мамлекеттик жер запастарынын курамына кирген жерлердин чектеринде. Мамлекеттик токой фондусунун курамына 1997-жылдын 15-апрелинде кайтарылган токой фондусунун жерлерине ушул бөлүктүн төртүнчү абзацынын жоболору жайылтылбайт. 3. (КР 2011-жылдын 28-декабрындагы № 254  Мыйзамына  ылайык күчүн жоготту) 4. Жайыттардын чектерин белгилөө жергиликтүү мамлекеттик администрация түзгөн жергиликтүү комиссия тарабынан жүргүзүлүшү керек. Комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун чектеш ар бир аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдарынын башчылары, жергиликтүү кеңештин өкүлдөрү, курчап турган чөйрө жана токой чарба маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органдын өкүлү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун чектеш аймактарынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин өкүлдөрү, облустук мамлекеттик администрациянын жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жер жайгаштыруу боюнча адистери кирет. 5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ушул берененин 4-бөлүгүнө ылайык түзүлгөн комиссиялар же облустук жумушчу топтордун комиссиялары чече албаган талаш-тартыштарды чечүүгө ыйгарым укуктуу, жайыттардын чектерин белгилөөгө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жайыттын чектерине карата акыркы сунуштарды даярдоону камсыз кылуучу мамлекеттик комиссия түзүлүшү мүмкүн. Бул комиссия ар бир облуста жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда жайыттардын чектери боюнча талаш-тартыштарды жөнгө салууга ыйгарым укуктуу жумушчу топторду түзүүгө жана, жергиликтүү айылдык аймактардын администрациялык-аймактык бирдиктеринин учурдагы чектерин эске алуу менен, ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык жергиликтүү комиссиялар менен аныкталган жайыттын чектерин бекитүүгө жана мамлекеттик комиссияга берүүгө укуктуу. 5-1 . Өз убагында мамлекеттик актынын негизинде колдонууга өткөрүлүп берилген мамлекеттик жер запасынын курамына кирген жайыттар, жерлердин чектери жергиликтүү айылдык аймактардын ушул администрациялык-аймактык бирдиктерине ылайык тиешелүү айылдык аймактын карамагына кирет. Мамлекеттик актынын мөөнөттөрүнө ылайык жайыт белетин милдеттүү сатып алууда тиешелүү айылдык аймактардын жайыт пайдалануучуларына (жайыт комитеттерине) жайыттар пайдаланууга берилиши мүмкүн. 6. Жайыттардын чектерин бекитүү жайыттын чектерин белгилөө боюнча мамлекеттик комиссиянын сунуштарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүргүзүлөт.

Баринса     [18 Июня 2021]

Саламатсызбы бизде айыл окмот башчысына талапкерлерди 2 жолу тен шайлай албай койдук. Талапкерлердин көптугунөн, депутаттардын уюшуму жоктугунан. Эми депутаттар таратылатбы? Же айыл өкмөт башчысына таларкерди жогору жактан шайлайбы?

Ответ:

Урматтуу Бариниса айым. КР 2011-жылдын 15-июлу № 101, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" МЫЙЗАМЫнын 49-берене. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун, кызмат ордуна киришүүсүнүн жана кызмат ордунан бошотуунун тартиби 6. Эгерде шайлоо кворумдун жоктугунан улам болбой калган, ал эми кайра шайлоо талапкерлер добуштардын зарыл санын албаганынан улам болбой калган учурларда Борбордук шайлоо комиссиясы айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоого укуктуу. Эгерде шайлоо талапкерлердин добуштардын зарыл санын албаганынан улам болбой калган, ал эми кайра шайлоо кворумдун жоктугунан улам болбой калган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоого укуктуу. Эгерде кайра шайлоонун жыйынтыгы боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы жогоруда көрсөтүлгөн себептер боюнча шайланбай калса, Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңешти таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө сунушту Кыргыз Республикасынын Президентине жөнөтөт. Тиешелүү кеңештин депутаттары белгиленген мөөнөттөрдө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлай албаган учурда, Кыргыз Республикасынын Президенти Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча жергиликтүү кеңешти таркатат жана тиешелүү жергиликтүү кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындайт. Ошондон улам, эки жолу главаны шайлай албаган жергиликтүү кенешти таркатууга кетиришет, кайра шайланып келген депутаттар главага болом деген талапкерди сунуштоо укугунан ажырашы мүмкүн, анткени ЖКте Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамга Аким сунуштайт, а депутаттар бекитет деп коюшуптур. 5 күндүн ичинде депутаттар жооп бербесе, макулдугун берди деп эсептелинет экен. Депутаттар биринчи талапкерге ЖОК деп ишеним көрсөтпөсө, экинчи талапкерге ЖОК деген укугу дагы болбойт экен. Ушундай өзгөрүлөр кирсе, анда жергиликүү кенеш формалдуу эле башкаруу болуп калышы мүмкүн.

Азат     [16 Июня 2021]

Где можно пройти обучение для вновь избранных депутатов местных кенешей

Ответ:

Уважаемый Азат мырза. Очень хороший вопрос. До этого обучение проводили различные НПО и международные организации. Вот недавно завершилось обучение женщин депутаток в 17 районах Кыргызстана, этот обучающий курс поддержал UN Woman. В настоящее время обучают депутатов АРИС, у DPI тоже есть большой компонент обучение. Все тренинги не могут охватить 100 % всех депутатов, поэтому, если есть желание у всего депутатского корпуса, можно эти тренинги заказать себе в айыльный кенеш. Можно с соседним айыльным кенешем объединиться и общий тренинг на 2 АК сделать. Это будет хороший прецедент, когда депутаты сами заказали себе тренинг и получили ответы на все вопросы. Команда Института общественного анализа тоже готова рассмотреть Ваше предложение. В разделе контакты, есть все наши контактные данные звоните, обсудим.