Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Интернет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Ваш вопрос


Жигит     [28 Июля 2020]

Менин суроом төмөндөгүчө: там арка салыктарын төлөбөй койсо зыяны жокбу, кийин төлөбөй жүрүпсүң, деп штраф салбайбы?

Ответ:

Урматтуу Жигит, там арка салыктарын төлөө сиздин жарандык миддетиңиз. Там арка салыктары жергилүктүү (айыл өкмөттүн же шаардын) бюджетине түшөт. Төлөбөсөнөр салыктын суммасына туум (пеня) кетеберет, мыйзам чегинде белгиленген убакытта толөбөсөңөр 2000 сом айып пул дагы бар. Там арка салыгы 1 сентябрга чейин төлөнүшү абзел.

Нурбек     [23 Июля 2020]

Саламатсыздарбы. Менин суроом томондогудой: 2004-жылы айыл окмот башчы асылдуулугу томон айыл чарбасына ынгайсыз жерди 49 жылга берип жиберген, 49 жылга эмнени негизине таянып берди экен, ушул мыйзамдуубу ушуга жооп берип койосуздарбы? Эми ошол жерге чыккан токтом жана келишимди кандай кылып жокко чыгарсак болот же мооноту отуп кетти деп прокуратура органдары карашпайбы?

Ответ:

Урматтуу Нурбек мырза, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖЕР КОДЕКСИнин (1999-жылдын 2-июну № 45) 32 "Жер участогун менчикке же пайдаланууга акысыз берүү" беренесинде: 2 пунктунда "Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлери, жайыттарды кошпогондо, ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына аны өздөштүрүү жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүү үчүн акысыз берилиши мүмкүн" деп белгиленген. Андан сырткары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-июнундагы № 306 токтому менен бекитилген: "Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө берүүнүн тартиби жөнүндө" ЖОБО аркылуу ишке ашат. 2008 жылга чейин ушундай өкмөттүн токтому менен өздөштүрүгө берилсе керек. Ошондуктан, ижарага берилген жер мыйзамсыз, деп табуу болбойт. Ушул жобону окууп чыгыңыз, ал жерде тартиби белгиленген.

Эмирхан     [16 Июля 2020]

Саламатсызбы. Отпуска учурунда ооруп калдым. Больничный ачтырсам отпускадагы дем алуу кундорум узарабы башка убакта дем аламбы?

Ответ:

Урматтуу Эмирхан мырза, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК КОДЕКСИнин (2004-жылдын 4-августу № 106) 129 "Акы төлөнүүчү ар жылдык өргүүнү узартуу же которуу" беренесине ылайык: "Акы төлөнүүчү ар жылдык өргүү төмөнкүдөй учурларда узартылышы мүмкүн: - кызматкер убактылуу эмгекке жарамсыз болсо;: деп белгиленген. Ошондуктан, сиз ооруп калсаңыз өргүңүз узартууга жатат.

Айылдык депутат     [8 Июля 2020]

Айыл башчы 65 жашка толсо да иштеп жатат. Мыйзам бузуу үчүн ким жооп берет?

Ответ:

Урматтуу айылдык депутат, айыл башчы - староста села болсо, анда ал иштей албайт. Эгер айыл өкмөттүн башчысы болсо - бул саясий кызмат, башчы шайланган мөөнөтү аяктамайын иштей берет. Саясий кызматтарга эмгек кодекстин чектөөлөрү жайылбайт.

Азамат     [28 Июня 2020]

Местный кенеш путем голосования сократили штат библиотекаря, зав.клуб и методиста клуба. Законно ли это?

Ответ:

Уважаемый Азамат, штат библиотекаря, зав.клуба и методиста клуба не входят в штатную структуру айыл өкмөтү. Это скорее всего было закрытие клуба, библиотеки. Сокращение этих штатных единиц не принесет для айыл өкмөү экономию средств местного бюджета, если муниципалитет малочисленный и дотационный, но приведет к экономии средств, если муниципалитет самодостаточный. Поэтому библиотекари и заведующие клуба, должны доказывать депутатам местного кенеша, что их деятельность важна и мероприятия важны для местного сообщества. А просто так получать заработную плату - только потому что есть штатная единица - это коррупция.

Кайрат     [11 Июня 2020]

Саламатсыздарбы? Айыл окмотунун балансындагы тракторлорду жайыт комитетинен алып, айыл окмот алдындагы муниципалдык ишканага берууго мыйзам жол береби?

Ответ:

Урматтуу Кайрат мырза, айыл өкмөттүн мүлкүн кантип, качан жана кандай максатта пайдаланышы керектигин жергиликтүү кеңештин депутаттары чечишет. Муниципалдык ишканага бере турган болсо, аны ишеним (доверительное управление) башкаруу келишиминин негизинде берилет. Бул муниципалдык менчик жөнүндөгү мыйзамда каралган.

Талант     [10 Июня 2020]

Саламатсыздарбы менин суроом, Айылдык кенештин торагасына жана катчысына деп иш бериптир, катчысына айылдык кенештин депутаты болсо болобу же мандатын тапшырабы, 2 ишти алып кетсе болобу, мандатын тапшырбай?

Ответ:

Урматтуу Талант мырза, ЗАКОН КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ от 13 января 2000 года № 3, "О статусе депутатов местных кенешей", Статья 5. Несовместимость статуса депутата местного кенеша с некоторыми должностями и видами деятельности, пункт 3 гласит: Депутат местного кенеша не может состоять на государственной службе или иной муниципальной службе в случаях: 3) если избрание, представление к назначению, освобождение руководителя государственного органа или органа местного самоуправления, в котором он состоит на государственной или муниципальной службе, относится к полномочиям того представительного органа местного самоуправления (местного кенеша айылного аймака или города), депутатом которого он является. Ошондон улам, жергиликтүү кеңештин депутаты секретар болуп иштей албайт.

Израил     [3 Июня 2020]

Саламатсыздарбы! Менин суроом төмөндөгүчө, коп жылдан бери өздөштүрп жүргөн жерге, статья 32. Безвозмездное передоставление земельного участка в собственность или в пользаваниенин негизинде документ кылып берсек болобу?

Ответ:

Урматтуу Израил мырза, сиз өзүңүз жазган жер кодексинин беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-июнундагы № 306 токтому менен бекитилген "Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө берүүнүн тартиби жөнүндө" ЖОБОго таянып иш кылсаңар болот. Бардык иштөө шарты ошол жерде жазылган.

Асан     [22 Мая 2020]

Саламатсыздарбы.Менин суроом : Айыл окмотундогу депутаттардын баарында окмот башчысында айыл башчысында жада калса китепканачы жана зав.клубдарда ,жайыт торага,бухгалтери ФПСтин жерлеринен 2-3-5 га арендада жерлери бар.жылыга аукцион кылып алардыкы коюлбайт.Депутаттар-- жана кызматкерлердин кимиси мыйзамдуу турдо ала алат эле же алганга укугум бар деп эле ала беришеби.Эгерде мыйзамдуу эмес, алганга болбосо кимге ,кайсы органга кайрылабыз.Жооп берип койгулачы.

Ответ:

Урматтуу Асан! Эгерде сиз жогоруда кызмат ордун атаган айыл өкмөттүн кызматкерлери болобу же эл шайлаган жергиликтүү кеңештин депутаттары болобу,ким болбосун бардыгы мамлекеттин менчиги болгон АЖМФ ( айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фонду) жерлерин мыйзамда белгиленген тартипте гана ижарага алып пайдалана алышат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтому менен жактырылган “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу ТИПТҮҮ ЖОБОдо “ жерлерди берүү жана шарттары аныкталган. АЖМФнын жерлерин башкарууга биринчи кезекте айыл өкмөттүн башчысы жооп берет. Урматтуу Асан, бул маселе боюнча сиз жергиликтүү бийлик органдарына, райондук агрардык өнүгүү башкармалыгына, райондун акимине жана прокуратурага кайрыла аласыз.

Толкунбек     [20 Мая 2020]

Саламатсыздарбы. Мен жашыл китеп алып, убактылуу пайдаланууга жер иштетип келем, донсоолорун туздоп, тал дарак менен короолоп, момолуу алча орук тигип, тал терек тиккем. Орук, алчалары момо берип калган. Эми талаада болгондуктан мал аралап, тал даракты кажып талкалап келет. Менин суроом ошол жердин чекесине айдоо эмес донсоо каптал жерди туздоп, кароол кылып, там салганга 2 сотых жерге кызыл китеп алсам болобу?

Ответ:

Урматтуу Толкунбек, КР Жер Кодесинин 73 беренин 2 пунктуна ылайк сиз айыл окмотко арыз менен кайрылып, бизге жазган сурооңузду ошол расмий жергиликтүү бийлике кайрылышыңыз керек. Кыргыз Республикасынын жер кодекси 73-статья. "Айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануунун максаттары. 2. Кыргыз Республикасынын жарандарына менчикке же пайдаланууга берилген жана калк жашаган пункттан жөө барууга алыс болгон айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануу үчүн айыл чарба жерлеринде пайдаланууга жарактуу болбогон жер участокторун же түшүмдүүлүгү аз айыл чарба жерлеринде имараттарды жана курулуштарды куруу үчүн жер участокторун менчикке же пайдаланууга берүүгө жол берилет. Имараттарды жана курулуштарды куруу үчүн жер участогун берүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт" деп бекиткен. Ошондо, сизге мыйзам курулуштарды курууга жол берет.