Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Интернет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Ваш вопрос


азамат     [18 Апреля 2015]

Саламатсыздарбы, биздин айыл аймакта бир айылыбыз 40 км алыстыкта жайгашкан, ал жердин жашоочулары справка (үй-бүлөлүк жана мүлктүк абалын тастыктоочу маалымкаттарды) алуу учун айыл окмотко келишет. Бул оз кезегинде ошол элдин финансылык каражаты, кээде жооптуу катчы жок болуп калса убакты текке кетип жатат. Ушул маселени Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-октябрындагы N 720 токтому менен бекитилген «Айыл башчысы жөнүндө ТИПТҮҮ ЖОБОго» ылайык чечсе болобу? жоопкерчилик кимге жуктолот, айыл башчыга жуктолобу, жаны печать жасалабы? деги Сиздер кандай сунуш бере аласыздар. Ушул маселе чечилип калса элге чон жардам болот эле. Алдын ала рахмат.

Ответ:

Айыл өкмөттөн жарандарга берилүүчү маалымат кат (справка) берүү - бул муниципалдык кызматка кирет. Жарандардын үй- бүлө жана мүлктүк абалын тастыктаган так, туура маалымат чарбалык китепте катталат, чарбалык китептеги бардык маалыматка айыл өкмөттүн жоопту катчысы жооп берет, себеби анын функционалдык милдетине кирет. Айыл аймактагы айылдардын аралыктары алыс жайгашкан учурда, айыл өкмөт башчысы өзүнүн буйругу менен айыл башчысынан функционалдык милдетине жарандарга маалымкат берүүнү киргизип, жоопкерчиликти тактап туруп, жүктөп койсо болот.

Кенеш     [8 Апреля 2015]

Скажите пожалуйста имеется-ли Указ президента или закон о запрете реализации дошкольных образовательных учреждений (детских садов)? если имеется подскажите их реквизиты? Спасибо заранее.

Ответ:

Кенеш, есть УКАЗ Президента КР от 12 февраля 1992 года № УП-48 "О содержании детей в детских дошкольных учреждениях РК", где в пункте 4 говорится "При разгосударствлении и приватизации предприятий и организаций не допускается реорганизация и изменение вида деятельности подведомственных им детских дошкольных учреждений" и УКАЗ Президента КР от 16 февраля 1995 года № УП-37 "О неотложных мерах по обеспечению условий дальнейшего использования объектов социальной инфраструктуры", где в пункте 1 говорится: "Считать что объекты социальной инфраструктуры не подлежат реализации государственными и приватизированными предприятиями и учреждениями, независимо от размера государственной доли в уставном фонде, если такие объекты находятся на их балансе, либо были переданы безвоздмездно в процессе приватизации на условиях сохранения существующего порядка использования". Спасибо за вопрос.

нурик     [7 Апреля 2015]

Айылдык кенешке талапкер кайсыл талаптарга жооп беруусу абзел?

Ответ:

Нурик, Айылдык кенештин депутаты КР Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө мыйзамына ылайык иш алып барышат. Ошол мыйзамдын 2 жана 3 беренелеринде: "Жергиликтүү кеңештин депутаты өзүнүн ыйгарым укуктарына жалпы, тең жана тике шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш берүү аркылуу төрт жылдык мөөнөткө жергиликтүү кеңешке шайлануусунун натыйжасында ээ болот" Бул эмнени билдирет? Элиң колдосо депутат боло аласың. Бирок мыйзамда чектөөлөр бар: "Жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулат: депутат Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо; депутаттын мыйзам боюнча депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна шайланганда же дайындалганда; ал башка кеңештин депутаттыгына шайланганда, буга ушул Мыйзамда жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруу чөйрөсүн жөнгө салуучу мыйзамда каралган учурлар кирбейт; депутат сот тарабынан аракетке жөндөмсүз же дайыны жок деп табылганда, ошондой эле өлгөндө; депутатка карата соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргенде.

тыныбек     [6 Апреля 2015]

Дыйкан чарбалардын жерлерин текшеруугө айыл өкмөттун жер адистеринин кучу жетеби

Ответ:

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары дыйкан чарбалардын жерлерин текшергенге укугу бар. Тактап айтканда: максатту колдонулуп жатканын,иштетилгенин, толук салык төлөнүү боюнча. Жер максатту пайдаланбаса, үч жылдан ашык иштетилбей жана салыгы төлөнбөсө айыл өкмөтү сот аркылуу жерге болгон укугунан ажыратусу мүмкүн.

Айнаш     [30 Марта 2015]

КР ЖОБ иштери боюнча Улуттук агенттигинин 2008-ж.29.01.№П-6-1 буйругу менен Ош областынын Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айыл окмотунун башчысы Баатыров Каныбек Маришовичке КР Муниципиалдык кызматынын 1-класстагы кенешчисинин чини ыйгарылып куболук берилген,2015-жылга чейин 1000 сомдон кошумча акча толонуп келинген,ал эми КРОнун ушул маселе боюнча мурунку жана 2013-жылдын 28.06., 384 токтомдорунун 6-тиркемесине ылайык башкы кызмат орундагы 1-класстагы муниципиалдык кенешчиге-1400 сом толонууго тийиштуу деп айыл окмоттун адистери кайрылууда.Суроо: куболукто корсотулгон чиндин олчому толонууго тийишби же 2013-жылдын 28.06.; 384 токтомдорунун 6-тиркемесине ылайык башкы кызмат орундагы 1-класстагы муниципиалдык кенешчиге-1400 сом толонууго тийиштуубу? Кайчы пикирди туура, мыйзам чегинде чечип беруунуздорду суранабыз.

Ответ:

Айнаш, 2013-жылдын 28.06.; 384 токтомдорунун 6-тиркемесине ылайык башкы кызмат орундагы 1-класстагы муниципиалдык кенешчиге-1400 сом төлөнөт. Бирок айыл өкмөттүн башчыларына сиз жазгандай Муниципиалдык кызматынын 1-класстагы кенешчиси деген чин ыйгарылат, ал чинге 1000 сом кошулат деп, ошол эле токтомдо так жазылган. Анткени айыл өкмөт башчылары улук кызмат орун ээлейт. Ошондуктан 1000 сом кошулганы туура.

азамат     [28 Марта 2015]

саламатсыздарбы, айылдык кенештин торагасы, айыл окмот башчысынын милдетин аткарып турса болобу? бир эле убакта эки кызматты аткарып. Айыл окмоттун башчысына шайлоо откончо. Рахмат

Ответ:

Болбойт. Анткени КР Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндөгү мыйзамынын негизинде, 5 беренесинин "Жергиликтүү кеңештин депутатынын статусунун кээ бир кызматтар жана иш түрлөрү менен шайкешсиздиги" Жергиликтүү кеңештин депутаты төмөнкү учурларда мамлекеттик кызматта же муниципалдык кызматта боло албайт: 2 пунктунда "2) эгерде ал мамлекеттик же муниципалдык кызматта турган мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ал депутаты болуп саналган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органына (айылдык аймактын же шаардын жергиликтүү кеңешине) отчеттуу болсо;". Силердин жергиликтүү кеңештин төрагасы айыл өкмөттүн башчысы болсо ал айылдык кеңешке өзү өзүнө отчет береби? Бул мыйзамда так жазылган. Айыл башчыны шайлаганча милдетин аткаруучу болуп анын орун басары же жоопту катчы боло алат (Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамдын 49 берененин 10 пунктунда көрсөтүлгөн).

эмиль     [27 Марта 2015]

ДОРОГАЯ РИТА Я ПИШУ С ОРЛОВКИ ЭМИЛЬ ИШЕНОВИЧ У НАС ПРОБЛЕМА ПО ПОВОДУ ХВОСТОХРАНИЛИЩА НА НЕГО НЕТ РАЗРЕШЕНИЕ А ЕГО УЖЕ ПОСТРОИЛИ С КУЧЕЙ НАРУШЕНИЙ. КРОМЕ ЭТОГО НЕДАВНО МЫ УЗНАЛИ ЧТО ПРАВИТЕЛЬСТВО ВЫПУСТИЛО ПОСТАНОВЛЕНИЕ ЧТО 2% НАЛОГ С ПРОДАЖИ ЗОЛОТА У НАС ОТБИРАЕТ ОБЛАСТЬ И РАЙОН. НАС ВЕЗДЕ ОБМАНЫВАЮТ НА ЗАСЕДАНИИ КОШМО ЖЫИНА МЫ РЕШИЛИ ОБРАТИТСЯ К ПРАВИТЕЛЬСТВУ ОТМЕНИТЬ ЭТО ПОСТАНОВЛЕНИЕ НАМ НЕ ДАЮТ ВСТАТЬ НА НОГИ У НАС РАЗВАЛЕНА ИНФРАСТРУКТУРА, ДОРОГИ ХУЖЕ НЕКУДА, ТРУБЫ ТЕПЛОВОДОСНАБЖЕНИЯ НУЖНО МЕНЯТЬ ОНИ В АВАРИЙНОМ СОСТОЯНИИ.ЧТО НАМ ДЕЛАТЬ?

Ответ:

ЭМИЛЬ ИШЕНОВИЧ Вы должны поднять документ о выделении участка под строительство хвостохранилища, при котором должны быть прикреплены все соответствующие разрешительные документы, без которых не выносится постановление о предоставлении данного участка. Во вторых, 2 процентные отчисления не являются налогом (это неналоговые платежи и регулируются Законом о Неналоговых платежах). Данный неналоговый платеж в размере 20 процентов от совокупного платежа автоматически должен поступать в местный бюджет, но в Вашем случае загвоздка наверное в следующем. Ваше месторождение охватывает три муниципалитета, в одном ведутся сами разработки, в другом муниципалитете расположено хвостохранилище и в третьем расположен завод по переработке и поэтому те 20 процентов, которые в Законе прописаны как местный бюджет, они поступают в один из трех муниципалитетов. В дальнейшем когда работа начнет набирать ход такие налоги как с продаж и подоходный тоже должны будут расщепляться в соотношении 50/50 между республиканским и местным бюджетом и эти средства снова будут поступать в один из трех муниципалитетов. Рекомендуем: депутатам местных кенешей этих трех муниципалитетов совместно с компанией разработчиком сесть за стол переговоров и внутренним документом определить доли каждого муниципалитета в этих отчислениях. И тогда и налоги и 2 процентные отчисления будут поступать в Ваш бюджет в соответствии с этой долей. Данный документ необходимо передать органам казначейства и ГНС.

Алтынбек     [19 Марта 2015]

Рита Рахмановна, Биздин айыл аймагыбызда жеке бала бакча ачылган. Бирок, куболугун алганда Мамлекеттик деп алып алган. Ата-энелердин взносун дагы чогултуп алат. Жергиликтүү кенештин токтомун чыгарганда отун жана кээ бир чыгымдарын жергиликтүү бюджеттен жардам берилет деп корсотулгон. Жеке бала бакчага керектелүүчү каражатты толук камсыз кылууга жергиликтүү бюджеттин чамасы келбей жатат. Ал эми жеке бала бакча ээси бала бакчаны толук каржылайсынар, деп арызданып жатат. Эмне деп жооп берсек болот?

Ответ:

Бала бакча мамлекеттик менчикте болуга мыйзам жол бербейт. Ал же муниципалдык мекеме же жеке менчикте болот. Менчиктин ээси ким экендигинен баштап маселени чечүү жолу аныкталат. Муниципалдык болсо анын чыгашаларын төлөп бересиз, жеке менчикте болгон мекемеге каржылону кылганга мыйзам жол бербейт. Эгер бала бакчанын ачылышына айыл өкмөт демилгечи болсо, анда бере турган жардамыңарды мыйзамдашуу жолун издешиңер керек. Мисалы жеке үйдү ижарага алып уюштурдук, деп же башка жолдорун табуу керек. Анткени Прокуратура органдарына жем болуп каласыңар.

Сыргак     [17 Марта 2015]

Менчикке отуп кеткен Бала-бакчаларды Муниципалдык менчикке кайтаруу мумкунбу же ээсине каражат толонуп берилбейби

Ответ:

Эгер менчиктештирүү мыйзам чегинде болсо, анда менчик ээсине компенсация төлөнүп берилиши керек. Ошондуктан бул менчиктештирүүнүн мыйзамдуулугун карап чыгыш керек. Бул маселени жергиликтүү кеңеш аркылуу кароо керек.

Кара-Буура району     [16 Марта 2015]

Кара-Буура районунун Шекер айыл өкмөтүндө дагы деле ит жыгылыш оюндары болуп жатат. Бүгүнкү күндө Шекер айыл өкмөтү мыйзамсыз дайындалган өкмөт башчысы менен өз күндөрүн көрүп келүүдө. Райондук администрация башчысы – аким мыйзамды одоно бузуп, өзүм билемдикке салып сырт жактан, тактап айтканда Бишкек шаарынан өзүнө жакшы санаалаш адамды өкмөт башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу кылып дайындап койгон. Бирок ал дайындоо буйругу мыйзамга дал келбейт деп жатышат, акимдин бул жоругун кандай бааласа болот, же өзүмдү – өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем деген түшүнүк менен жашайбызбы? Бул иштин ак-карасын териштирүүчү мыйзамдуулукту көзөмөлдөө органдары билишеби? Же билсе да билмексен болуп жүрүшөбү? Бул аталган маселе боюнча маалымат алган облустук жана республикалык деңгээлдеги төбөлдөр да көз жуммай кылышабы же мыйзам чегинде бир тыянак чыгарышабы.

Ответ:

Ст.49 Закона «О МСУ» п.10. гласит: В случае досрочного освобождения главы айыл окмоту от должности, обязанности главы айыл окмоту возлагаются на заместителя главы айыл окмоту до избрания главы айыл окмоту. В случае отсутствия должности заместителя главы айыл окмоту обязанности главы айыл окмоту возлагаются на ответственного секретаря айыл окмоту. Второй абзац п.6 данной статьи, где говорится что Аким района до избрания нового главы айыл окмоту может назначить своим распоряжением исполняющего обязанности главы айыл окмоту, был исключен внесением изменений от 21 ноября 2014 года № 158. Но вопрос кто должен возлагать обязанности и.о. остался открытым. Рекомендуем айыльному кенешу Шекер айыльного аймака обратиться в профильный комитет ЖК за разъяснениями по реализации этой нормы.