Талантбек [3 Июня 2017]
А/О кароосуз жерди тегиздеп, бак катары арендага алгамын, кызыл китеп кылсам болобу десем, окмот болбой деп жатат. Ар 5жылда аукционго койо береби? Даяр бак дарак бирого отуп кетпейби?
Ответ:
Талантбек мырза саламатсыңарбы. Биринчиден, кароосуз жерди сиз эмненин негизинде алдыныз эле? Бул жердин категориясы кандай эле (сугаат, кайрак, көп жылдык өсүмдүктөр, чабынды)? Өздөштүүрүгөөбү же ижарагабы? Бул нерсе маанилүү, анткени жооп ошондон көз каранды. Өздөштүүрүнун жолу бөлөкчө, ижараныкы бөлөкчө. Эгер ижара болсо жердин категориясына жараша ар кандай мөөнөткө берилет. Мисалы, сиз жазган бак-дарак көп жылдык өсүмдүктөргө кирет, категориясы ошондой болсо ижара мөөнөөтү каралган.
Алмаз [2 Июня 2017]
Айыл окмотундо бош ваканттык орунга убактылуу сырттан кызматка алып, конкурс болгончо ишке алса болобу? Болсо кайсы мыйзамдын негизинде? Мыйзамдарды так корсотуп берип коесуздарбы. Алдын ала чоон рахмат!!!
Ответ:
Урматтуу Алмаз саламатсыңарбы. КР Эмкек кодексинин 74 беренеси "Убактылуу ордун ээлөө" кийинкиси көрсөтүлгөн: Өндүрүштүк зарылчылык иретинде кызматкер убактылуу жок болгондо, анын кызмат милдеттерин штаттык орун басары болуп саналбаган башка кызматкерге аткарууну жүктөөгө жол берилет.
Убактылуу ордун ээлөөнүн узактыгы 3 айдан ашпашы керек. Кызматкерди ваканттык кызмат боюнча милдеттерди аткаруучу кылып дайындоого жол берилбейт.
Ошондон улам мыйзам сырттан башка адамды милдеттерди аткаруучу кылып алганга тыйуу салган. Өздөүңөрдүн кызматкерлериңер эле жок адистин милдетин өзүнө милдеттендирин ишке ашырат.
Асыл [2 Июня 2017]
Ассалоому алейкум. Айыл окмотунун катчы ордун ээлеген адамга канча жыл иш мооноту каралган?
Ответ:
Валлейкум Ассалом! Сиздин сурооңузга 2016-жылдын 30-майы № 75 жарыка чыккан "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамы жооп берет. Ал мыйзамдын 14 беренесинде "Квалификациялык талаптар" аныкталган. Жоопту катчы жогорку кызмат ордуна кирет, ошондуктан ал 4 пункт менен жөнгө салынат: 4) жогорку кызмат орду - мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 5 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 7 жылдан кем эмес иш стажы.
Канат [2 Июня 2017]
Саламатсыздарбы? Айыл окмотунун башчысы автомашина менен жургон бензинге бир кундук лимит барбы? Айыл окмоту датацияда турбайт.
Ответ:
Канат мырза саламатсыңарбы. Мыйзамдарда жана укуктук ченемдик актыларда атайын чектөө лимиттер жок. Сиздер бюджетти карап жатканда болжолдоп, унаа канча жолу, кайсы жерге барарын эске алып жергиликтүү кеңеш бекитип берет.
Мирлан [2 Июня 2017]
Саламатсыздарбы менин суроом Сиздерге төмөкүдөй, Мектеп окуучуларын, айылдагы спортсмендерди жана чыгармачыл инсандарды, жер-жерлерде өткөн (мисалы Бишкекте) спорттук жана маданий иш чараларга, жол жана башка чыгымдарына кетүүчү каражатты жергилитүү бюджеттен төлөп жөнөтүүгө болобу?
Ответ:
Мирлан мырза саламатсыңарбы. КР "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 18 беренесинде "Жергиликтүү маанидеги маселелер" аныкталган. Ошол берененин 18, 20, 21 пунктары сиздин суроого түз тиешеси бар. 18) элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү; 20) балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууну уюштуруу; 21) дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу. Ошондон улам сиздин сурооңузга болот деген жооп айтабыз, бирок келерки жылга бюджетти карап жатканда, же азыр бюджетке өзгөрүлөрдү киргизип жатканда ошол маселелерди эске алып бюджетте карап коюңуздар.
Калипа [31 Мая 2017]
1) Эмгек кодекси боюнча оргууго чыккан кызматкердин ордуна милдетин аткаруучуга эмгек акы толой албай жатабыз РайФБашкармалыгындагы айыл окмотторду тейлеген кызматкерибиз откорбой коет; 2) 14 оклад эмгек акыдан аша албайбыз бул маселелерди Сиздер Кара-Кулжага келгенде айттык. 3) Компьютерге иштеген кызматкерге зыяндуулук толой албайбыз алар талап кылышат, жооп беруунузду отуном.
Ответ:
Урматтуу Калипа айым. 1) КР Эмгек кодексинин 167 беренесинде: "Кесиптерди (кызмат орундарын) айкалыштыргандагы жана убактылуу жок кызматкердин милдетин аткаргандагы эмгек акы" кийинки көрсөтүлөт: Бир эле иш берүүчүдө эмгек келишиминде шартталган өзүнүн негизги жумушу менен катар башка адистикте, квалификацияда же кызмат орунунда негизги жумушунан бошотулбастан кошумча жумуш аткарган кызматкерге кесиптерди (кызмат орундарды) айкалыштырганы же убактылуу жок кызматкердин милдеттерин аткарганы үчүн кошумча акы төлөө жүргүзүлөт. Кесиптерди (кызмат орундарды) айкалыштырганы же убактылуу жок кызматкердин милдеттерин аткарганы үчүн кошумча акылардын өлчөмдөрүн иш берүүчү кызматкер менен макулдашуу боюнча аныктайт, бирок айкалыштырылган иш боюнча ставканын (айлык акынын) отуз пайызынан аз болушу мүмкүн эмес; 2) бул суроо биринчи менен байланыш болсо, анда силердин райФО эмгек кодексин жокко чыгарып жаткан болот. Бюджетиңерди карап жатканда ушул кесиптерди айкалыштыргандагы мөөнөттү эске алып каражатты бекитип алгыла; 3) үчүнчү сурооңузду КР 2015-жылдын 27-апрели № 258 "Оор жумуштар жана зыяндуу, же эмгек шарттары кооптуу жумуштар үчүн кошумча төлөмдү белгилөөнүн тартиби жөнүндө жобону жана Өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштардын типтүү тизмегин (оор жумуштар, зыяндуу, кооптуу жана башка өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштар, өзгөчө климаттык шарттардагы жумуштар) бекитүү жөнүндө" чыккан өкмөттун токтому менен жана КР Эмгек кодексинин 164-беренеси "Өзгөчө шарттардагы эмгекке акы төлөө" бул маселеге: Эмгектин өзгөчө шарттарында иштеген (оор жумуштарда, зыяндуу, коркунучтуу, эмгектин дагы башка өзгөчө шарттарында, өзгөчө климаттагы жумуштарда) кызматкерлердин эмгек акысын төлөө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленген тартипте жана өлчөмдө жогорулатылган өлчөмдө жүргүзүлөт. Мындай жумуштардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Ушул эки укуктук ченемдик актка таянып силердин айыл өкмөтү райондук санитардык эпидемиологиялык станциясына расмий түрдө кайрылсаңар, алар келип иш ордуңардагы компьютерлерди карап, алардан чыккан зыянды өлчөп, жумушчу иштөө убактысында канча убакыт отурарын эске алып эсеп кысабын чыгарып берет. Ошол протоколдун негизинде зыяндуулука байланыштуу төлөмдөр төлөнөт.
Айша [31 Мая 2017]
Айылдык кенештин депутаттарына атайын орто же жогорку билим талап кылынат деп бир жерден окуган элем, азыр таппай жатам бул боюнча кандай?
Ответ:
Айша айым саламатсызбы. Мыйзамдарда жергиликтүү кеңештин депутаттарына билим боюнча талап каралган эмес.
Анар [31 Мая 2017]
Саламатсызбы Рита эже! Экинчи группадагы майыпмын, бутум шишип ооруйт, тромбусум бар, майыптыгым боюнча 4500 пенсия алам, куйоом иштебейт, уч балам мектеп жашында окушат. Майыптыгым боюнча пенсия жана жер улушум учун кирешен ашат деп балдарыма пособия ала албай жатам райондук соцпомощко кайрылдым, чыкпайт дешти, мыйзам боюнча маалымат бере аласызбы?
Ответ:
Анар айым саламатсыңарбы. Сиз райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгына кайрылып, алардын жообун кат жүзүндө алып бизге салсаңар, ошол жооптун мыйзамдуу же мыйзамсыздыгын аныктап берүүгө болот.
Нурбек [31 Мая 2017]
Где я могу найти отчеты местного бюджета?
Ответ:
Нурбек здравствуйте. На основании Закона “О доступе к информации, находящейся в ведении государственных органов и органов местного самоуправления” любой гражданин имеет право письменно запросить данную информацию у соответствующего органа. Ранее такие отчеты мы могли получить на портале www.okmot.kg – прозрачный бюджет, но к сожалению сейчас данный портал не работает. Если у муниципалитета есть сайт, вполне возможно там вывешены их отчеты по бюджету.
Ильич [30 Мая 2017]
Саламатсыздарбы менин суроом. Бизге а/окмотуно техника келет проекти менен, ошол техниканы иштетип пайда тапсак болобу? Рахмат.
Ответ:
Ильич мырза саламатсыңарбы. Долбоор аркылуу келген техника муниципалдык менчик катары катталышы керек. Биринчи ирет, ал муниципалдык муктаждыкты чечкенге колдонушу керек. Бирок, убакыт болсо каражат төлөнүп кызмат көрсөтүүгө жумшалуга мыйзам тыйуу салбайт. Ошол кызматтын баасын жана түрүн жергиликтүү кеңеш аркылуу талкуулап, андан кийин бекитип алышыңар абзел.